Адеп Башаты » Ислам » Намаз » Намаздын түрлөрү

Намаздын түрлөрү

Намаздын түрлөрү

Намаз үчкө бөлүнөт:
1. парз намаздар
2. важип намаздар
3. нафил намаздар
Ханафийлерден башка жамааттагылар «важип өкүмү» дегенди кабыл албайт. Алар намазды парз жана нафил деп экиге бөлөт. Важип менен парзды бир деп эсептешет.

1- Парз намаздар
Парз намаздар «айн парз» (жеке парз) жана «кифая парз» (жалпы парз) болуп экиге бөлүнөт. Айн парз болгон намаз –бул балакатка толгон ар бир мусулманга парз, ар кимиси аны өз алдынча жеке-жеке аткарууга милдеттүү. Айн парзга беш убакыт намаз жана жума намазы кирет. Жума намазы –бул жума күнкү бешим намазынын ордуна жамаат менен окулуучу эки рекет айн парз намаз. Жума намазга үлгүрбөгөн адам ошол күндүн бешим намазын окуйт. Себеби жума намазы жамаат менен гана окулуусу кажет.

Кифая парз намаз –бул бир мусулман дүйнөдөн өткөндө оболу туугандары менен жакындары жана жалпы мусулмандардын ага Алладан кечирим тилеп окула турган жаназа намазы болуп эсептелет. Бул намазды бир нече мусулман окуса жетиштүү. Башкалар окубагандыктары үчүн күнөөлөнүп жоопко тартылбайт, б.а., жаназа намазы парз болсо да, ар бир мусулман үчүн жеке-жеке парз эмес. Бул намаздын сообун окуган адам гана алат. Ал эми эч ким окубай койсо, жалпы мусулмандар парзды аткарбаган катары баары күнөөкөр болушат.
2 - Важип намаздар
Важип намаздар – мусулмандын талдоосуна байланышсыз важип жана тикелей байланыштуу важип болуп экиге бөлүнөт. Биринчи топтогу важип намаздар куптан намазынан кийин окулчу үч рекет витр намазы жана рамазан, курман айт намаздары болуп саналат.
Экинчи топтогу важип намаздарга назыр (арноо) намазы, башталып, аягына жетпей бузулган нафил намаздын казасы жана каталык (сахв) саждасы кирет.
Назыр намазы – бир адамдын өзүнө аткаруу милдет эмес намазды Аллага убада кылып атоо аркылуу важип кылып алган намаз. Мисалы, «бул ишим оңго тартса мынча рекет намаз окуйм» деген сыяктуу.
Ал эми ар кандай бир нафил намаз башталса эле важипке (милдетке) айланат. Ошондуктан нафил намаз ойдо жок жерден бузулса, анын казасын окуу важип.

3 - Нафил намаздар
(сүннөт намаздар)
Парз жана важип намаздардан башкалары нафил намаз болуп эсептелет. Парз намаздардын алдында жана соңунда окулчу сүннөт намаздар да нафил намазга жатат. Нафил намаз менен сүннөт намазды эки башка караган аалымдар да бар. Алар намаз намаз түрлөрүн төрткө бөлүшөт:
1. парз намаздар
2. важип намаздар
3. сүннөт намаздар
4. нафил намаздар

Бирок тегинде сүннөт намаздар да нафил ибадатка жаткандыктан, парз жана важип намаздардан башкаларын жалпы нафил деп атап, анан аларды өзүнчө жеке топко бөлүү жүйөөлүү. Ушул боюнча нафил намаздар тартиптүү (Даватиб) жана эрктүү сүннөт намаздар деп экиге бөлүнөт. Тартиптүү сүннөт намаздар- белгилүү бир тартип менен беш убакыт парз намаздарга кошуп окулат.
Бул сүннөт намаздар да өз ичинде «муаккад» (зарыл сүннөт), «гайру муаккад» (катардагы сүннөт) намаздары болуп экиге бөлүнөт. Мисалы, таң намазынын эки рекет сүннөтү, рамазан айында түнкүсүн окулуучу тарава намазы сыяктуулар муаккад сүннөт, намаз дигер (аср) менен куптандан алдындагы төрт рекет сүннөттөр гайру муаккад сүннөт болуп саналат.
Ал эми экинчи эрктүү сүннөткө Азрети пайгамбарыбыздын (САВ) белгилүү бир убактарда же болбосо кээ бир себептерден улам окуган, жеке адамдын каалоосу менен кез келген убакытта Алла Таалага жакындоо үчүн окуган намаздар кирет. Булар мына бул сыяктуу намаздар:
• тахажжуд намазы
• шашке намазы
• истихаара намазы
• жамгыр тилөө дубасы
• хусуф намазы
• кусуф намазы
• тахиятул масжид
• тообо намазы
• аввабин намазы
• тасбих намазы
• ихрамга кирүү намазы
• сапарга чыгуу, сапардан кайтуу намазы
• ажат намазы
• даарат жана гусул алып бүткөн соң окулуучу нафил намаздар
• шүгүрчүлүк намазы
• азан менен такбирдин аралыгында
• жаңы үйлөнгөн жубайлар биринчи жолу бой кошуудан мурда окулуучу нафил намаз
• ар бир жакшы ишти баштоодон мурда окулуучу намаз

Ал эми элибиздин арасында тартиптүү сүннөт намаздар-«сүннөт» деп, эрктүү сүннөт намаздар «нафил» деп аталып келген. Жалпысынан булар нафил намазга жатат.
Исламда нафил намаздар, айрыкча, беш убакыт намаздын сүннөттөрү – парз намаздарга даярдык, аларга жандооч намаз катары бааланат. Ошондой эле бул намаздарды окуу – Азрети пайгамбарыбызга (САВ) болгон адалдыкты, дилгирликти туюнтуп бергендиктен, бул намаздарды да бериле аткаруу насаатталган. Аларды окубастык жеңилирээк чекилик катары эсептелген. Муслим Азрети Рабиядан (РА) баяндалган бир хадисте мындай делет: «Пайгамбарыбыз (САВ) мага «сура» деди, мен «бейиште сиз менен жолдош болууну каалайм» десем, ал «мындан башкачы» деди, мен «ошону гана сурайм» дедим. Алланын элчиси (САВ): «Анда эмесе өз тилегиң үчүн мага жардам катары сажданы көп кыл» деди».
Дагы бир хадисте пайгамбарыбыз (САВ) ибадаттардын ичинде жакшысы –намаздар экендигин айткан.
Ушундан улам нафил (сүннөт) намаздарды окууда көптөгөн чоң сооптор бар экендиги белгилүү болсо да, айрым себептер же мүмкүнчүлүктөргө байланыштуу окулбашына да уруксат берилип, кеңири мааниде каралган.
Эрктүү нафил намаздар, негизинен, эң аз дегенде эки рекеттен окулат.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны