Адеп Башаты » Ислам » Намаз » намаз

намаз

Исламдын шарттарынын биринчиси күбөлүк келмесин келтирүү, экинчиси болсо намаз. Аллах Таалага эң чоң ибадат - бул намаз. Себеби, Алла Таалага көрсөтүлө турган урмат, таазимдин баарын ичине камтыйт.

Баарыбыз билебиз, намазды баштаганда Алла Тааланын улуктугун эстейбиз, Алла Тааланын сөздөрүн окуйбуз, Аны менен бетме-бет турган сыяктуу, Ага жалбарабыз, башыбызды ийип, белибизди бүгүп, жүзүбүздү жерге коёбуз. Бул ибадатты аткаруу менен Анын улуктугун жана жалгыз Ага гана ибадат кылып жатканыбызды билебиз. Ошондуктан, намаз окуу менен жүрөгүбүз жана рухубуз күчтөнөт, жогорку урмат-сыйга жетишебиз. Демек бул урмат-сый ар бир адамга насип боло бербейт. Бир адамга намаз парз болуусу үчүн акылы бар болуусу шарт. Кемакыл же жиндилерге намаз парз болбойт. Ошондой эле, балалык жашоосунан да өткөн болуусу керек, жаш балдарга да намаз парз эмес.

Бирок балдардын 7 жашынан намаз окуганга үйрөнө берүүсү динибизде буйрулат. Намаз окугандардын мусулман болуусу да шарт.

Намаз окуу үчүн намазга керектүү парздарды аткаруу керек. Мисалы: көзгө көрүнбөгөн булганычтардан тазалануу керек, даарат алуу керек, көзгө көрүнгөн булганычтардан да тазалануу керек. Эркектердин тизесинен өйдө киндигине чейин, аялдардын болсо жүзү жана колу-бутунан башка жерлери жабык болуусу керек. Булар ж.б. нерселер шарт кылынат. Намаздын 12 парзынан бирөөсү аткарылбай калса, намаз туура болбойт. Намаздын парздары 32 парздын 12син түзөт.

ЭСКЕ САКТАҢЫЗ!

Намаздын 12 парзы бар, алтоосу тышында, алтоо ичинде. Тышындагы алтысын шарт, ал эми ичиндеги алтоосун рукун деп атайбыз.

а) ШАРТТАРЫ:

  • 1 – Көзгө көрүнбөгөн булганычтан тазалануу. М: Даарат алуу, же бой даарат (гусул), же таямум алуу.
  • 2 – Көзгө көрүнгөн булганычтан тазалануу. М: Денебизди, кийимибизди намаз окуй турган жерди тазалоо.
  • 3 – Жабылуусу керек болгон жерлерди жабуу: Эркектердин тизесинен өйдө киндигине чейин, аялдардын болсо жүзү, колу жана буттарынан башка жерлерин жабуусу.
  • 4 – Каабага жүздөнүп туруу.
  • 5 – Намаз окуй турган убакыттын кирүүсү.
  • 6 – Намаз окууга ниет кылуу.


б) РУКУНДАРЫ:

  • 1 – Намазды такбир менен баштоо.
  • 2 – Кыям: намазда тик туруу.
  • 3 – Кыраат: намазда Курандан бир аяттан үч аятка чейин окуу.
  • 4 – Рукуу: намазда рукуу кылуу, ийилүү.
  • 5 – Сужуд: намазда жүзүн жерге коюу.
  • 6 – Каада-ахира: намаздын аягында, «аттахият» окуганчалык убакыт отуруу.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны