Адеп Башаты » Ислам » Намаз » Намаз тууралу аяттар

Намаз тууралу аяттар

Ниса/103. «Намазды бүтүргөндөн кийин да туруп, отуруп жана жатканда (дайыма) Алланы эстегиле. Бейкуттукка жеткенде да намазды туптуура окугула, анткени намаз – момундарга убактылары белгилүү бир парз.»

Ниса/103. «Намазды бүтүргөндөн кийин да туруп, отуруп жана жатканда (дайыма) Алланы эстегиле. Бейкуттукка жеткенде да намазды туптуура окугула, анткени намаз – момундарга убактылары белгилүү бир парз.»
Бакара/43. «Намазды толук кылгыла, зекетти татыктуу түрдө бергиле, рукуу кылгандар менен бирге рукуу кылгыла.»
Бакара/238. «Намаздарды жана ортоңку (дигер) намазды сактагыла. Аллага берилгендик менен намаз окугула.»
Анъаам/162. «Дегин: «Калетсиз, менин намазым, курмандыгым, жашоом жана өлүмүм: бардыгы ааламдардын Раббиси Алла үчүн.»
Худ/114. «Күндүздүн эки тарабында жана түндүн бир бөлүгүндө намазды толук аткаргыла! Албетте, жакшы амалдар жамандык күнөөлөрдү кетирет (өчүрөт). Бул кулак салуучулар үчүн эскертме.»
Анкабут/45. «(Расулум!) Сага вахий кылынган Китепти оку жана намаз оку. Калетсиз, намаз жаман иштерден, танылган нерселерден кишини алыстатат. Калетсиз, Алланы зикир кылуу – амалдардын эң үстөмү. Алла кылгандарыңардан кабардар.»
Мааида/91. «Шайтан ичимдик жана кумар жолу менен араңарга душмандык жана жек көрүү чачуу үчүн силерди Алланы эстөөдөн жана намаздан алагды кылгысы келет. Эми (булардан) баш тарткан жоксуңарбы?»
Маъун/4-7. «Ал намаз окугандарга наалат болсун: алар намазга анча маани беришпейт. Алар эл көрсүн деп кылат жана жакшылыкка да тоскоол болушат.»
Ниса/147. «Калетсиз мунафыктар Аллага тузак коюуга аракеттенишет, а чынында Алла алардын тузактарын башына урууда. Аларга намазга турганда, кылгылары келбей (мойнунан байлаган иттей) турушат, адамдарга рия кылышат, Алланы абдан аз эстешет.»
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны