Адеп Башаты » Ислам » Орозо » Орозо аманатты сактоого үйрөтөт

Орозо аманатты сактоого үйрөтөт

Орозо аманатты сактоого үйрөтөт

Орозо ачык-жашыруун ар кандай аманатты ар дайым жакшылап сатоого тарбиялайт. Орозо кармаган адам Алла Таала адал кылып жараткан ырыскыларды жеп-ичүүдөн убактылуу тыйылып, айланасында башка адамдар барда да, жакто да орозосун жакшы сактайт.


. Аллахтан башка күзөтчү жок экенин билип турат, ошондуктан Алла Тааланын койгон чектерин бекем сактайт. Таңтан кечке дейре орозосуна шек келтирүүчү нерсеге жолобойт. Жада калса, бардык шарттар ага ыңгайлуу болуп турса да, жанында карап турган адам болбосо да орозосун бузбайт. Демек, кечке чейин аманатты жан дили менен бекем сактап, ага эч качан кыянаттык жасабайт. Орозого карата мындай терең аманат сезими менен мамиле жасоо мусулмандын бүткүл жашоо чөйрөсүнө өз таасирин тийгизет. Ошондуктан, орозо кармаган адам өмүр бою өзүнө аманат катары тапшырылган ар кандай нерселерге карата айрыкча этият мамиле жасайт. Аманатка кыянаттык болгондуктан, бул милдетти орозо аркылуу ого бетер жакшы аркалоого көнүгөт.
“Кимде ким орозо кармаган кезинде калп айтуудан жана жаман кылыктардан тыйылбаса, Алла Таала анын жеп-ичбей ачка жүргөнүнө муктаж эмес экенин билсин”.
Бухарий, Саум 8.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны