Адеп Башаты » Ислам » Орозо » Ислам аалымдары орозонун үч даражасы болгонун айтышат:

Ислам аалымдары орозонун үч даражасы болгонун айтышат:

Ислам аалымдары орозонун үч даражасы болгонун айтышат:

Саарлыктан ооз ачарга чейин тамактануудан, жеп-ичүүдөн жана жыныстык каалоолордон сактануу менен кармалган орозо.


Бул орозо шарттары так аткарылганы үчүн дурус эсептелинет. Бирок мунун чыныгы максатына жетишүү үчүн орозо кармаган адам экинчи даражага жетишүүсү керек болот.

• 2.Биринчи даражада айтылып өтүлгөндөр менен бирге кулак, көз, тил, колу-бут жана башка органдарды күнөөдөн алыстатуу менен кармалган орозо. Бул орозо, органдарга таасирин тийгизген жана ээсин ахлактык улуулукка жеткирген орозо болуп саналат.

• 3.Биринчи жана экинчи даражалар менен бирге, жүрөгүндө Алла Тааладан башкага жай бербеген, жүрөгүн Алладан башкача атабоо менен кармалган орозо болуп эсептелинет. Орозодо эң жетишкен даража мына бул болот. Ошол эле убакытта бул орозо, пайгамбарлардын жана Алланын олуя кулдарынын кармаган орозосу экендиги баарыбызга маалым.
Орозо кармаган адам, адал болгон нерселерди жеп-ичпейт, жыныстык каалоолордон узак убакка алыстоо менен эркине ээ болууну үйрөнөт. Бул өзүн-өзү башкаруучулук менен органдарды тарбия кылган мусулман адам, натыйжада жүрөгүн да жаман сезимдерден аруулантат. Материалдык жана дүйнө кызыкчылыктарынын узакташып, кулдуктун туу чокусуна жетишет, Алланын сүйкүмдүү кулдарына айланат. (Газали, Ихяу-Улумиддин, 2/19.)
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны