Адеп Башаты » Ислам » Орозо » ОРОЗО АЙТТЫ УТУРЛАП…

ОРОЗО АЙТТЫ УТУРЛАП…

ОРОЗО АЙТТЫ УТУРЛАП…

Мусулман катары бир ай бою орозо кармадык. Алла Тааланын касиеттүү бир айын Анын ыраазычылыгы үчүн саарлыгы менен, ооз ачуулары менен, таравихтери менен эң сонун өткөрдүк.


Рамазан айын кубанычтуу күтүп алып, «куш келипсиң, куттуу Рамазан!» деп сыйлап тосуп алып, эми мынакей «Кош бол эми, касиеттүү Рамазан!» деп коштошуунун кыжалаттуу кайгысына толуп турабыз. Бирок ошондо да Улуу Жараткандын ыраазычылыгына арзуу кыялы ичинде, дагы далай Рамазандарды күтүп алаарбыз деген жакшы тилектен үмүттөнүп улуу Рамазан менен убактылуу кош айтышуудабыз.
Ал эми чын-чынына келгенде, «бир жыл он эки айдын баары эле Рамазан болсо кандай жакшы болоор эле, аттиң!» дегибиз келет. Балким «колдо бар алтындын баркы жок» болбошу үчүн бизге ушундай касиеттүү, улуу, чексиз жакшылык жана соопторго толо 30 күндүк Рамазан гана белгиленген болуп жүрбөсүн?!
Рамазан айы жөн эле түркүн-түстүү дүйүм тамактарды жеп-ичүүнүн, курсак сылап кекирүүнүн айы эмес. Кайра баа жеткис, улуу руханияттын, береке-жакшылыктардын айы экенин ылайыктуу деңгээлде түшүнүп, баа-баркына жетип өткөрө алдык бекен бул кутту айды?!
Ал эми пайгамбарыбыздын (САВ) жоро-жолдоштору (сахабалар) болсо, Рамазан айына бул айдан алты ай мурун камына баштап, Рамазан айы чыккан соң дагы алты ай бою Рамазан менен коштошчу экен. Ошондо алардын жылынын он эки айы тең Рамазан катары өткөн дешет.
Алла Таалага чексиз шүгүрлөр болсун! Биз бул айда Алла Тааланын мээримине, кечиримине арзып, тозоктон кутулууга үмүттөндүк, ары шыктандык.
Ара жолдо кароосуз калган карыпка, ачка калган бечарага, кедей-кембагалдарга атайылап кам көрүп, алар жөнүндө жүрөк ооруттук бул айда. Жетимдин башын сылап, жесирдин абалын сурап, зекет бердик. Фитир саадака тараттык милдетибизди аткарып. Садакаларды бердик Алла Таала кабыл кылаар деген үмүт менен. Ар бир адам сүйүнсүн деп, бетине күлкү жүгүрбөгөн адам калбасын, кубаныч-шаттык аралабаган бир да үй-бүлө калбасын деп.…
Элибиздин ичиндеги мүчүлүштүктөрдү, турмушубуздагы жана рухубуздагы алсыз жактарыбыз менен көйгөйлөрүбүздүн чечилишин тилеп, бул айда Алла Таалага ыйлап жалбара дуба кылдык. Эл-жерге аманчылык тиледик, береке, ынтымакчылык, токчулук тиледик, жалпыга бекем ыйман жана ыкылас тиледик.
Дуба-тилектерибиз ар түрдүү тоскоолдор болсо токтобой өтүп, Алла Тааланын алдында кабыл болду бекен? Кабыл болду деген гана жакшы үмүттө болдук, бул касиеттүү айда. Анткени бул айда бейиштин эшиктери кеңири ачылып, тозоктун эшиктери толук жабылган эле. Тообо-истигфарга, дуба-тилекке тоскоолдор жоюлган болучу. Ошондуктан, орозо айындагы ыкыласыбызга жараша ченемсиз үмүттөр менен шыктарга кенелип турабыз айттын алдында.
Ар бир адамдын ушул куттуу кербенге кошулуусун Алла Тааладан суранып дуба кылдык. Кыскасы ушундай керемет бир майрам күнүн күтүп алдык дейсиң, достук жана боорукерлик гүлдөрү ачылып, адамдар эң көркөм көк жээктерди карай ишеним менен бет алды. Улуу-кичүү баарынын жүздөрүнө күлкү үйрүлүп, ыйман нуру чар тарапка чачырап…
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны