Адеп Башаты » Ислам » Орозо » ОРОЗО АЙТ

ОРОЗО АЙТ

ОРОЗО АЙТ

Пайгамбарыбыз (САВ) Мадинага көчүп келген кезинде, мадиналыктардын эки майрамы бар экенин көргөн. Бул майрам күндөрү түрдүү оюндар ойнолуп, мадиналыктар шаңга толоор эле. Бул абалды көргөн соң пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген: «Алла Таала бул эки майрамдын ордуна андан жакшыларын – Орозо айт менен Курман айт күндөрүн белгиледи»


ОРОЗО АЙТ
Пайгамбарыбыз (САВ) Мадинага көчүп келген кезинде, мадиналыктардын эки майрамы бар экенин көргөн. Бул майрам күндөрү түрдүү оюндар ойнолуп, мадиналыктар шаңга толоор эле. Бул абалды көргөн соң пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген: «Алла Таала бул эки майрамдын ордуна андан жакшыларын – Орозо айт менен Курман айт күндөрүн белгиледи».
Ошентип, пайгамбарыбыздын (САВ) куттуу кылымынан бери карай бүткүл ислам дүйнөсүндө бир жылда эки жолу диний майрам өткөзүлүп келүүдө.
Мусулмандар майрамдардын көңүлдүү таңында ал куттуу күндөрдүн өзгөчө маанилүү атмосферасын чогуу сезишип, бактылуу маанайга чөмүлүшөт.


КЕЧИРИМ ЖАНА СЫЙГА ТОЛГОН КҮНДӨР

Мусулмандар бир ай бою саарлыкка турушту, саарлык азыктарын «бисмилла» менен баштап жешти. Таң кылайып атаар маалда Жаратканга жалбарып дуба, тообо-истигфар кылышты. Күндүздөрү болсо, Алла Тааланын ыраазылыгы үчүн ар кандай кыйынчылыктарга чыдап, ачка, суусап жүргөнгө сабыр кылышты. Денелерин да, рухтарын да машыктырды, башкача айтканда, курсактарын да, тилдери менен көңүлүн да толук башкаруу аркылуу отуз күндүк орозолорун ыкылас менен бүтүрдү. Кулдуктун сыноосунан ийгиликтүү өтүштү. Шам намазына азан айтылаары менен дуба-тилекке жанаштыра ооздорун ачышты, жан дүйнөлөрүн балкыткан асыл сезимдерге көңүл чалкытышты. Кедей-кембагал жана кароосуз жетим-жесирлерге дасторконун жайып, алардын курсагын да тойгузушту, үй-бүлөдөгү бала-бакыранын баарысы ооз аучуунун кубанычына тегиз арбалды. Таравих намазына барышты, жалпы жамаат менен камыр-жумур тегиз баары Алла Таалага баш ийип, сажда кылып намаз окушту. Жүрөктөрүндөгү өчөшүү, кек сактоо, ичи тардык, карөзөгөйлүк сыяктуу терс сезимдердин кенедей да таасирин койбой тазалашты. Кичипейил, ак көңүл, ыкыластуу абалда жеткилең кулдук даражага жетишти.
Бир ай бою ар бир күндү алдындагысынан да жакшы баалап, маанилүү өткөрүштү. Учурунда өздөрүнөн өздөрү эсеп алып, ички дүйнөлөрүн кайрадан электен өткөрө тазалашты. Акырында керсейген баштар саждага жыгылды, Жаратканга кулдук кылуунун ырахатына жетишти. Күнөөлүү жолдордо күүлөнүп жүргөндөр андай тескери жолдон терс бурулуп, соопторго, жакшылыктарга бет алып, түз жолго түшүштү.
Мусулмандар бул бир айды ачкачылык менен гана өткөрүшпөдү, тек гана кара курсакка орозо карматып тим болбостон, колдорун, буттарын, тилдерин, көз-кулактарын да динибизде арам болгон иш аракеттерден, тыюу салынган сөздөрдөн, кылыктардан корушту. Демек, бул айда курсак менен кошо бардык дене мүчөлөрүбүз орозо кармады. Буттар жамандык жакка баспады, колдор жаманга колдонулбады, көздөр арамды карабады, кулактар беймаани, пайдасыз сөздөргө тикирейбеди, тилдер орунсуз сөздөрдү, ушак-айыңдарды сүйлөбөдү.
Ошентип, бул өзгөчө учурлардын майнаптуу натыйжасын мусулмандар мына бул айт күнүндө корутундулайт. Алла Тааланын кечиримине арзып, маанайлары жаркырап, көңүлдөрү толкуп, бүткүл айлана чөйрө өзгөчө шаңга бөлөнөт.


БООРДОШТУКТУН, БИРИМДИКТИН, ЖАРДАМДАШУУНУН КҮНДӨРҮ

Айт күндөрү боордоштук сезимдери эң жандана турган, жайыла турган күн болуп саналат.
Бул күнү таарынычтар жазылат, достуктар чыңалат, колу-коңшулар бири-бирин жоктоп зыяратташат. Ата-энелер сый-урматка бөлөнүп, ойлогон ой-максаттары, каалоолору суралып, орундатылат. Атанын достору, бирге жүргөн жакындары атайлап зыяратталат. Айыл-ападагы кадыр-барктуу улуулар араздашкандарды кайра жараштырып, таарынышкандарды табыштыруу үчүн колдон келген жакшы аракеттерин жасашат. Жалпы жарыша мындай аракетти кубатташат.
Бул күнү кичине балдар да татына кийинишип, айттын көркүн ачып кубанычка бөлөнөт. Жетимдер, кедейлер, кароосуз балдар бар болсо сөзсүз алардын абалы суралып, кубаныч-шаттыкта көпчүлүк менен чогуу болушат.
Бир жетимдин бутуна кирген кичинекей тикенек алынса, Алла Таала ошол тикенектин себебинен сан миңдеген жакшылык гүлдөрүн өндүрөөрүн жана бул иш кабырдагы жашоодо бакыт-таалайга жеткирерин эсибизден чыгарбайлы. Кабырларынын гүл бакчага айланышын көздөгөндөр айт-майрамда кедей-кембагал жана жетим-кароосуздардын көңүлүн алып, аларды өз жардамдары аркылуу сүйүнтөт. Ушуну унутпайлы, кароосуз бир баланын бутуна жөн гана бир жуп байпак кийгизээр болсок, кыямат сурак күнүндө, эң эле кысталыш учурда бул бизге мээримдүүлүк жаадырган арачыга, шапаатчыга айланат.
Кыскасы биз жасаган ар кандай жакшылык жана кайрымдуулук эч качан майнапсыз текке кетпейт, кайрымсыз калбайт!...
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны