Адеп Башаты » Ислам » Орозо » АЙТ НАМАЗЫ

АЙТ НАМАЗЫ

АЙТ НАМАЗЫ

Адат боюнча, айт күнү таң саарда эртелеп туруп, мүмкүнчүлүк болсо толук бой даарат (гусул) алынат, болбосо даарат алынат да, тап-таза жана тыкан ич, сырт кийимдер кийилет. Мечитке, намаз окулчу жерге жөнөп, бараткан жолдо өтө шашкалактабастан токтоо, олуттуу кадам менен жүрүп Алла Таалага зикир-тасбих жана такбирлер айтылат.


АЙТ НАМАЗЫ


Адат боюнча, айт күнү таң эртелеп туруп, мүмкүнчүлүк болсо толук бой даарат (гусул) алынат, болбосо даарат алынат да, тап-таза жана тыкан ич, сырт кийимдер кийилет. Мечитке, намаз окулчу жерге жөнөп, бараткан жолдо өтө шашкалактабастан токтоо, олуттуу кадам менен жүрүп Алла Таалага зикир-тасбих жана такбирлер айтылат.
Орозо айтта, айт намазы үчүн үйдөн чыгуудан мурда тамак-аш, же кээ бир таттуу нерселерден ооз тийип, ал эми Курман айт майрамында ошол күндүн алгачкы ооз тийген тамагы катары, союлган курмандыктын этинен жеш сүннөт (бирок азыркы учурда шаарларда курмандык союу дайыма тез эле бүтө бербегендиктен, экинчи айтылып жаткан маселенин жүзөгө ашуусуна кээде тоскоолдор болушу мүмкүн).
Ошондой эле айт намаздарына кары-жаш, ал тургай жаш балдардын да аралаш түрдө же убай-чубай тартип менен баруулары, айрыкча жаш балдардын бул себеп менен намазга көнүгүүлөрү үчүн жакшы өбөлгө түзмөк.
Айт намаздарына өмүрүндө алгачкы жолу катышып жаткан адамдарга да башкача көз караш менен карабай, жылуу мамиледе болуп, жакынчылык көрсөтүлгөнү оң. Мындай адамдар бар болсо жакшы мамиле жасап, жакшы үмүт гана берген боордоштук куттуктоолорду айтканда, келечекте алардын диний турмуштун жагымдуу маанайын жүрөктөн сүйүп жашоолоруна жол ачылуусу мүмкүн.
Айт намазды окуп бүтүп, айт намаздын хутбасын угуп, дуба кылынган соң, намаз жайдын айланасында, айыл арасында, колу-коңшулар арасында, үй-жайларда адат боюнча өз ара айтташып, куттуктоолор башталат.
Бул жерде эскерип өтүүгө тийиштүү бир зарыл иш бар: эч болбосо бир-эки күн мурда айт намаздын кандай окулары жөнүндө билип алган жакшы. Бул жөнүндөгү чала билүү, же билбестикти жоюу үчүн дин багытындагы кызматкерлерден (муфтийден, имамдардан,ж.б.), же билгендерден сурап үйрөнүү керек, же болбосо атайын даярдалган «Ислам негиздери» деген фыкх китептеринен окуп үйрөнүү керек. Кантсе да, жылына бир эки жолу гана окула тургандыгы себептүү, айт намаздары жөнүндөгү унутулуп калган билимдерди жаңыртып билип алган оң. Бул, эртеси эртең менен айт намазын окуурда эмне кылаарын, эмнелерди айтаарын биле албай алдастап калуудан, же жаңылыштык кетирүүдөн сактанууга, айт намазын толук окууга өбөлгө болот.
Сөз соңун сүйүктүү пайгамбарыбыздын (САВ) мына бул хадиси менен тыянактамакчыбыз:
«Рамазан айынын орозосун кармаган соң, буга (айт күндөрүнөн кийин) Шаввал айында дагы алты күн кошуп (нафил) орозо кармаган адам, жыл бою орозо кармаган сыяктуу(соопко ээ) болот».

БҮГҮН ЭЧ КИМ ЭСТЕН ЧЫГАРБАШЫ КЕРЕК


Бүгүнкү милдетибиз, айт-майрамдын алга сүргөн боордоштук чөйрөсүн ого бетер кеңейтүү жана майрамдын шаттыгын чогуу сүрүү, кубанычын орток жашап, маани-мазмунун тереңдетүү болуп саналат. Андыктан, бүгүн эч ким унутта кайдыгер калбоого тийиш, эч ким эстен чыгарбашы зарыл.
Бүгүн жаштуу көздөр кубанып, онтогон оорулардын көңүлдөрү жубатылууга тийиш, чөккөн көңүлдөргө кубаныч тартууланып, шаттыкка-шаттык кошулууга тийиш. Улуулар жоктолуп, кичүүлөр сүйүндүрүлүп, дос-жарандардын абал-жайы суралып, алыстагы урук-тууган, санаалаштарга айттык куттуктоолор жөнөтүлүүгө тийиш.
Айт-майрамдар кубаныч-шаттыктын күндөрү болуп эсептелет. Сүйүктүү пайгамбарыбыз (САВ) айт күндөрүндө нигериялыктардын кылыч-калкан менен согуштук бий оюндарын ойноолоруна, сахабалардын аларды көрүүлөрүнө уруксат берген эле.
Ошондой эле, дагы бир айт күнүндө дап чалып, казал окуган ырчы кыздарды көрүп турган Айша энебизди мындан алагды кылбаган эле.
Ислам окумуштууларынын пикири боюнча, пайгамбарыбыздын (САВ) куттуу кылымындагы турмушта көрүлгөн бул мисалдар Орозо айт майрам күндөрүндө ар түрдүү көңүл ачуулар адал чөйрөдө жасалса болоорун айгинелейт. Динибизде белгиленген адал чөйрөнүн сыртына чыкпашы гана жетиштүү делет.
Айт майрамдар кубаныч-шаттык күндөрү болгондуктан, бул күндөрдүн өзгөчө маанайдагы кубанычына тоскоолу болуп кедерги туудуруучу кичинекей каталыктардан да сактануубуз айрыкча маанилүү.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны