Адеп Башаты » Ислам » Орозо » Орозо

Орозо

«Эй, ыйман келтиргендер! Силерден мурункуларга парз кылынган сыяктуу, силерге да орозо парз кылынды». (Бакара сүрөсү (2), 183-аят) «Оозу бек адам жеп-ичүүнү Мен үчүн гана токтоткон. Орозо өзүм менен кулдарымдын ортобуздагы ибадат. Ага карата Мен гана билген сыйларды берем. Оозу бек кулумдун ачтык-суусоодон улам оозунан чыккан жыты Мен үчүн жыпар жытынан да артык». (Кудсий хадис, Бухариден).

Орозо жөнүндө

«Орозо» деген сөздүн сөздүк мааниси - «кандайдыр бир нерседен оолак болуу, бир нерседен тыйылуу».
Шарият боюнча орозо - милдеттүү адамдардын ниет кылып, экинчи таң аткандан баштап, күн батканга чейин орозону бузуучу нерселерден сактанууну көрсөтөт, т. а., орозо белгилүү бир убакыт ичинде жеп-ичүүдөн жана напси кумарларынан өзүн тыюу. Демек, орозонун парзы - жеп-ичүү менен жыныстык байланыштан сактануу.

Орозонун убактысы :

Орозонун убактысы - таң аткандан күн батканга чейинки аралык. Күн менен түн анык айырмаланбаган эки уюл сыяктуу жерлерде ошол чөлкөмгө эң жакын жердеги күнү менен түнү анык болгон аймакты негиз кылып орозо убактысы болжолдонот. Алла Таала Курани Каримде мындай дейт:
«Таң кылайып, ак жип кара жиптен айырмаланган маалга чейин ичкиле, жегиле. Андан соң кечке чейин орозо кармагыла».
Хадистерде көрсөтүлгөндөй, аяттагы ак-кара жип каймана мааниде күндүз менен түндүн чегин көрсөтөт. Пайгамбарыбыз (САВ) сахабаларына мындай деген эле: «Билал (р.а.) түнүчүндө азан айтат. Силер ибни Умму Мактумдун (РА) азанына чейин жеп-ичкиле». Ал учурда Билал (РА) саарлык үчүн, ибни Мактум болсо таң намазы үчүн азан айтчу.

Рамазан айындагы бир айлык орозо Исламдын беш парзынын бирөө болуп саналат. Буга Курани Карим жана сүннөт (хадис) далил болот. Курани Каримде Алла Таала мындай дейт:

«Эй, ыйман келтиргендер! Такыбалыкта болууңар үчүн силерден мурункуларга парз кылынган сыяктуу силерге да орозо парз кылынды».

Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген: «Ислам беш нерсенин үстүнө курулган: Аллахтан башка кудай жок экендигине жана Мухаммед Аллахтын кулу жана элчиси экендигине күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, Рамазан айында орозо кармоо жана чамасы жеткендер ажылыкка баруу».
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны