Адеп Башаты » Ислам » Ыйман

ЖҮРӨК ЖАНА РУХ

ЖҮРӨК ЖАНА РУХ
ЖҮРӨК ЖАНА РУХ


Жүрөк дегенде эң оболу ойго келе турган нерсе, көкүрөктүн сол тарабында, нерв тамырлары жана булчуңдардан турган, адам баласынын мүчөлөрүнүн ичинен өзү кыймылда болгон, вена жана артериялардын түбү, борбордук чекити; дем алуу органдары жана өпкөнүн кыймыл-аракеттери менен дагы байланышы болгон, балатынын тобурчагынын түзүлүшүндөгү баарыбызга тааныш орган. Бирок, биз бул жерде жүрөктүн материалдык жагын эмес, көңүл деп аталган, жан дүйнөнүн негизги төрт элеменинин бир, бүтүндөй сезим, ой-пикир жана руханий дүйнөбүздүн чордону болгон жүрөк туурасында токтоло кетмекчибиз. Биздин билишибизче акыйкаттын маңызы, негизи дагы ушул жүрөк.
Толугу менен

Кызыктуу бир окуя.

Кызыктуу бир окуя.

Темалар тартылган суудай түгөнө баштаганда, жазуучу кандай гана кыйналууга дуушар болгонун жазуучу болбогондор, ал эми белгилүү убакыт тилкесинде сөзсүз түрдө бирдеме жазууга мажбур болбогондор, албетте, биле албайт... Адам баласы мындай учурларда көзүн төрт, кулагын локатрь кылып, алыстан-жакындан сөз кармай алуу үчүн, бүткүл дитин коюп, тыңшап калат.
Толугу менен

Ыйман адамды чыныгы адам кылат. (окуя)

Ыйман сөзүнөн кийин, ыймандын биринчи жана негизги шартына көз чаптырып карап көрөлү, - дедим. Бирок, бул класста биринчи шартка дароо эле кирип кетүү мүмкүн эмес. Азыр болсо өтө аз суроо бергендердин бири колун көтөрүп, сүйлөгүсү келип атат:
- Айта бер.
- Агай, шахадат келмесин айткан жана маанисин ичинен кабылдаган ар ким мусулман деп эсептелет. Муну бардыгы, бардык адамдар айта алат. Эч ким эч кимге тоскоол боло албайт. Бирок, мен уккам, сыгандар андай эмес. Тактап айтканда, бир сыган мусулман болуш үчүн оболу христиан, анан кийин мусулман болуш керек экен деп уккам.
Толугу менен

Акырет күнүнө ыйман келтирүү

Бакара/4. «Алар сага түшүрүлгөнгө жана сенден мурун түшүрүлгөнгө ыйман келтиришет, акырет күнүнө да даана ишенишет.»
Бакара/46. «Алар, калетсиз, Раббилерине кайта турганын ойлоп, кабыл кылган кишилер.»
Аали Имран/9. «Раббибиз! Келиши шексиз болгон күндө адамдарды сөзсүз түрдө топтой турган сенсиң. Алла эч качан сөзүнөн кайтпайт.»
Толугу менен

Алла сүйүүсүнө башканы аралаштырбоо.

Эй, Алланын сүйүктүү кулу! Алла – Гайур. Сүйүүсүнө башканын орток болушун каалабайт. Алла сүйгөн кулун башкага бергиси келбейт. Андыктан сен эмнеге башкага байлануудасың? Мобул аятты уккан жок белең:
Толугу менен

Аллага жакындык

Рухий бир абал ичинде болгонуңда башканы каалаба... Эч бир даражаны арзуу кылба...
Падышанын дарбазасынын алдына келгениңде, дароо ичкери кирүүнү каалаба... Мажбурдуу түрдө ичкери алышканга чейин күт... Өз каалооң менен эмес, мажбурдуу түрдө ичкери алынышың керек... Кайра кайра сурашың керек... Абдан назик болбо... Ичкери кириш үчүн бир уруксатты жетиштүү деп ойлобо... Сени сынаш үчүн болушу мүмкүн, балким падыша тарабынан сыналып жаткандырсың... Чуркаба, күт, сени ичкери алышсын... Бул түрдө ичкери алынышың сен үчүн жакшылык болот. Падыша тарабынан бир сый болот.

Толугу менен

Ыйман тууралуу аяттын тафсири

إِنَّ الَّذِينَ آمَنُواْ وَالَّذِينَ هَادُواْ وَالنَّصَارَى وَالصَّابِئِينَ مَنْ آمَنَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الآخِرِ وَعَمِلَ صَالِحاً فَلَهُمْ أَجْرُهُمْ عِندَ رَبِّهِمْ وَلاَ خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلاَ هُمْ يَحْزَنُونَ
Бакара/62. «Калетсиз, ыйман келтиргендер, т.а., жөөттөр, христиандар жана сабийлерден Аллага жана акырет күнүнө татыктуу түрдө ишенип, жарамдуу-салих амал аткаргандарга Жараткандын алдында сыйлык бар. Алар үчүн коркунуч, кайгы жок.»
Толугу менен

Ыйманга келген кишинин өзгөрүшү

Мусаб тектүү бир үй-бүлөдөн чыккан. Куттуу Мадинага эң биринчи болуп жиберилет. Куран мугалими. Аксөөктүн тукуму: алдына күндө үч маал дасторкон жайылып, жаткан төшөгү мамыктан. Апасы жатарда маңдайынан сүйүп, түнүң бейпил болсун, уулум дейт. Эртең менен бешик ырын кыңылдап ойготот. Мына ошол Мусаб Расули Акрамга ыйман келтирет. Ыйман келтирип, жумшак төшөгүн таштайт. Анткени эми апасы Мусабды мусулман болгону үчүн сүйбөй, балким урууда. Мусаб ыйман келтиргени үчүн ичип-жешти да коет. Анткени ага жеп-ичүүгө тыюу салынган. Мусаб куттуу Мадинага барып, Расули Акрамдын жолунда жакшылыкка буюруу, жамандыктан тыюу милдетин өтөөдө.
Толугу менен
←  аркага 1 2 алдыга →

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны