Адеп Башаты » Ислам » Ыйман » Кызыктуу бир окуя.

Кызыктуу бир окуя.

Кызыктуу бир окуя.

Темалар тартылган суудай түгөнө баштаганда, жазуучу кандай гана кыйналууга дуушар болгонун жазуучу болбогондор, ал эми белгилүү убакыт тилкесинде сөзсүз түрдө бирдеме жазууга мажбур болбогондор, албетте, биле албайт... Адам баласы мындай учурларда көзүн төрт, кулагын локатрь кылып, алыстан-жакындан сөз кармай алуу үчүн, бүткүл дитин коюп, тыңшап калат.

Атамдын классташтары менен болгон маектери мен үчүн бир жип учугу боло алат. Мына бул жолу да кулагыма угулган «Харири» жана «Шахсы би имании» сөздөрү мени кызыгууга түрттү. Өзүнөн мүмкүнчүлүк таап сураганымда, буларды билдим: Харири – араб жана перс тилинен сабак берген бир мугалим экен. Шахсы би имании болсо, перс тили сабагында Харири агай түшүндүргөн бир тема экен. Мааниси болсо, «ыймансыз киши» дегенди билдирет экен.

Ырас, бул ыймансыз кишинин суроолору менин көңүлүмдү бурду. Кааласаңар, теманы башынан айталы:
Бир нече киши бирдеме үйрөнүү үчүн окумуштуу бир инсандын айланасына топтолуп, маегин уга башташат. Анан ошол жерден өтүп бараткан бир динсиз киши: «Булардын башын айлантып, мобул аалым сөрөйдү мүдүрүлтө турган бир нече суроо таштап коеюнчу, жообун таап алсын кыйын болсо...» - деп аларга жакындай: «Таксыр, менин такыр чече албаган кээ бир маселелерим бар. Уруксат кылсаңыз, сизге айтайын, жооп бересизби?» - дейт. Окумуштуу: «Сурай бериңиз.» - дейт.

Киши: «Биринчиси: силер шайтан оттон жаралган деп, ошол эле учурда шайтан тозок отунда күйөт дейсиңер. Макул, эч ойлондуңар бекен, от отту кантип күйгүзөт? Экинчиси: силер жакшылык менен жамандык болгон бардык нерсени Алла жаратат дейсиңер, ошондой эле күнөө кылгандар жаза көрөт дейсиңер. Ал күнөөкөрдүн күнөөсүн да Алла жараткан жокпу? Жаратууда. Андай болсо, эмне үчүн жаза берүүдө? Үчүнчүсү: силер Алланын бардык жерде көзөмөлчү экенин айтасыңар. Буга ылайык азыр ал бул жерде болууга тийиш. Андай болсо, Алланы көрсөтө аласыңарбы?» - деген собол таштайт. Ал аалым киши бул суроолордун жообун алаканын ээгине таянып, белгилүү бир мөөнөткө ойлонуп калат.

Анан жарк эткен көздөрү менен айлана-тегерегинен бирдеме издей баштайт. Таштай катуу болуп калган топуракты жерден алары менен ыймансызды чекеден ары келиштире бир урат. Анан минтип кошумчалайт: «Мына, суроолоруңдун толук жообу!» Чекеси томуя шишип чыккан киши ошол жерден түз эле сотко, казыга жөнөйт.
Бир аздан кийин ал окумуштуу сотко чакырылат. Казы мындай дейт: «Сизге суроо берген бул кишинин чекесин жарып салыптырсыз. Эгер аалым болсоңуз, эмнеге туура жооп бербестен, бул кишинин чекесин канга боедуңуз. Бул сизге жарашар ишпи?» Аалым болсо, «Таксыр, мен ага жооп бердим.» - дегенде, казы: «Бул кандайча жооп?» - дейт.

Аалым: «Болуптур, түшүндүрөйүн. Биринчи суроосунда от отту күйгүзүп, азап бере алабы деп, оттон жаратылган шайтанга тозок оту кантип азап бермек эле деди. Мен болсо топурактан жаратылган кишини топурак менен уруп, азап бердим. Демек, бир түрдөн болгон нерселер бири-бирине жаза жана азап бере алат бекен? Экинчиси: ал жакшылык менен жамандыкты Алла жаратканына караганда жамандык кылып, күнөө жасагандардын эч бир күнөөсү жок деди. Эгер бул ойду чын дилден ойлосо, анда мени эмнеге сотко берет? Бул көз карашын чын ниеттен билдирген болсо, төмөнкүчө ойлонууга тийиш керек болчу: «Бул жаман кыймылды Алла жаратты, мендей бечаранын эч бир күнөөсү болушу мүмкүн эмес. Андай болсо, муну сотко берүү акылга сыйбайт.» Бирок ал билет, адамдардын эрки бар, алар жакшы, же жаманды тандарда, Алла, сынак талабы боюнча, кайсы нерсени тандаса, ошону жаратат.

Анан адамдар тандаган чечимдеринин натыйжасын көрүшөт. Үчүнчүсү: Алла бардык жерде бар дейсиңер, андай болсо, мага аны көрсөткүлөчү деди. Алла адам баласына көз да, акыл да берген. Биз кээ бир нерселерди көзүбүз, кээ бир нерселерди акылыбыз менен көрүп, түшүнөбүз. Мисалы, азыр бул киши чекем оорубатат дейт, бирок биз бул ооруну көрбөйбүз. Анда бул ооруну жок дейбизби? Жок. Чекеси жарылып, канаганына караганда, оору да бар. Мына, ааламда ушунчалык көп жаралган нерселер, заттар аркылуу акылыбызга, абийирибизге жана жан-дүйнөбүзгө көрсөтүп, сездирген Алланы көрсөткүлө деген сыяктуу акылсыздыктын болбошу керек.» - дептир.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны