Адеп Башаты » Ислам » Ыйман » Ыйман

Ыйман

Ислам дининин түпкү негиздеринин бири ыйман болуп саналат. Пайгамбарлардын баары, эң оболу, ыймандын негиздерин жар салышкан. Себеби, ыйман болбостон кылынган ибадаттын Аллах үчүн эч кандай баркы болбойт. Пенде адегенде ишениши керек, андан кийин ибадатын кылууга тийиш. Аны жасаш үчүн, ыймандын шарттарын жана эрежелерин билүүсү зарыл. 




Ыймандын кең жана тар, эки мааниси бар. 
Ыймандын кең, б. а. сөздүктөгү жалпы мааниси – ишенүү жана тастыктоо. «Ыйман» сөзүнүн бул мааниде экенине далил болуучу тийиштүү аяттар бар. Бул аяттардын бири Юсуф сүрөсүнүн 17-аяты болуп саналат. Юсуф алейхис-саламдын бир туугандары Якуб алейхис-саламга келип: «Оо, ата! Биз Юсуфту буюмдарыбыздын жанына калтырып кубалашып кеткен элек, аны бөрү жеп кетиптир. Эми чын сүйлөсөк да сен бизге эч качан ыйман этпейсиң (б. а. «ишенбейсиң», дешти (Юсуф сүрөсү, 17-аят). 
Көрүнүп тургандай, бул аятта «ыйман» кең, жалпы мааниде колдонулган. 
Ыймандын диндеги өзгөчө мааниси болсо пайгамбарыбыз саллоллоху алейхи вассалламдын Алла тарабынан жиберилгендиги анык болгон бардык нерседе алардын тууралыгына ишениши жана тастыкталышы. 
«Пайгамбар өзүнө Раббисинен түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтирди жана момундар (да ыйман келтиришти)» (Бакара сүрөсү, 285-аят). Аяттагы ыйман бул мааниде. Бул ыйман кандайча жүзөгө ашырылат? Арийне, ишенүү жүрөктүн иши. Ыйман дегенде ушуну түшүнүш керек. Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи вассалламга, Алла тарабынан жиберилген бардык нерселерге чын дилден ишенген жана кабыл алган кишини момун дешет. Ичтен ынанганына карабастан, аны кабыл кылбаган, ынанганын же кабыл кылганын айтпаган, жарыялабаган киши Алланын катында канчалык момун болгонуна карабастан, бул ыйманы адамдар тарабынан билинбей турганынан улам ага карата Ислам эрежелери колдонулбайт. Айрыкча, ынанганын ачык сүйлөбөгөнү үчүн күнөөкөр болот. Ошол үчүн китептерде ыйманга аныктама берүү же түшүндүрүүдө «жүрөк менен тастыктап, тил менен кабыл алгандыгын жарыялап, анын көргөзгөн эрежелерин амал кылуу керек», - деп айтылат. Ансыз ичинен ишенгени менен, кандайдыр бир себептен улам муну тастыктабай, муну иш жүзүнө ашырбаган адам Аллах алдында чыныгы момун болуп саналбайт.

ЫЙМАНДЫН ШАРТТАРЫ:

1. АЛЛА ТААЛАГА ЫЙМАН КЕЛТИРҮҮ

Адамдын эң биринчи парзы – Алланы билүү жана ага ынануу. Алла – барлыгы (болушу) таанылгыс жана сөзсүз зарыл болгон чексиз мактоо-даңктоолорго ылайык келген Жаратуучунун аты. Алла бар, бар болушу башка бир нерсенин колдоосуна муктаж эмес. Ошондуктан бул сөз – чыныгы Теңирдин жана түгөйсүз Жаратуучунун энчилүү аты. Андан башка кандайдыр бир барлыкка бул ысымдын берилбегендиги да ошондон. Аллага ыйман кылуу Анын барлыгын жана кудурети эч нерсеге теңдешсиз сыпаттарын билип, аларды кабыл алуу менен иш жүзүнө ашырылат. 

Алла тааланын өзүн бул дүйнөнүн жашоо шарттары ичинде туюу-сезүү органдарыбыз менен сезе, биле, көрө албайбыз. Себеби Анын заты эч бир нерсеге окшобойт. Андыктан Аны кандайдыр бир нерсеге окшоштуруп таанып билүү, сезүү мүмкүн эмес.

Ушул себептерден улам Алла тааланын бар экендигин сыпаттар аркылуу билип түшүнүп, сыйынабыз. 

2. ПЕРИШТЕЛЕРГЕ ЫЙМАН КЕЛТИРҮҮ

Периштелер – Алла тааланын нурдан жараткан барлыктары. Аларда жыныстык айырма, жиктелүү, б. а. эркектик, ургаачылык жок. Периштелер жебейт, ичпейт, жатып уктабайт жана оорубайт. Алла таала каалаганча жашашат. Жерде, көктө, ар тарапта жүрүшөт. 

Периштелер Алла тааланын буйруктарынын баарын аткарышат. Ага эч каршы чыгышпайт, чыга да алышпайт. 

Периштелер кылган жумуштарына карай үч топко бөлүнүшөт:

Биринчи топто Иллиййун, Мукаррабун деп аталган периштелер. Алар Алла тааланы даңазалоо, аруулугун аныктоо б. а. «Лаилаха иллаллах», – деп айтуу менен Алла тааланын терс сапаттардан аруу экендигин жар салуу менен алек болушат. 

 Экинчи топто Мудаббират деп аталган периштелер бар. Алар ааламда тең салмактуулукту сактап, андагы тартипке көз салып туруу үчүн милдеттендирилген. 

Үчүнчү топтогу – периштелер Алла тааланын жибергендерин пайгамбарларга жеткирген периштелер. 

Пайгамбарыбызга Алла тааланын буйруктарын жана тыюуларын жеткирген периште – Жебирейил. 

Бизге белгилүү болгон негизги периштелерди атап кете турган болсок, алар төмөнкүлөр:

Жебирейил алейхиссалам – Алла таала менен пайгамбар арасында элчилик кылган периште. 

Микайил алейхиссалам – табият кубулуштарына байланыштуу милдеттерди аткарган периште. 

Исрафил алейхиссалам – кыяматтын башталышы жана адамдардын өлгөндөн кийин кайра тирилиши үчүн сурнай чалууга милдеттендирилген периште. 

Малакул маут (Азирейил) алейхиссалам – жан алуучу периште. 

Мындан сырткары, ар дайым адамдар менен чогуу жүрүп, алардын кылган жакшылык менен жамандыктарын каттаган периштелер да бар. Аларды «Хафаза, Кирамен, Катибин», – деп атайбыз. Бул тууралуу Курани Каримде: «Акыйкатта болсо, шек – күмөнсүз силердин үстүңөрдө (кылган ар бир ишиңерди) жаттап, жазып туруучу улуу (периште) лер бар», – деп айтылат (Инфитар сүрөсү, 10-11-аяттар). 

Периштелердин айрымдары адам өлгөндөн кийин алардан сурак кылып үч суроону сурашат. Аларды «Мүнкар-Накир» же «Мүнкарайн», – деп атайбыз. Көрүнбөгөнү жана таанылбаганы үчүн, алар бул ат менен аталышат. 

Периштелер – чексиз күчтүү жана ылдам барлыктар. Биз кылалбаган ишти алар оңой эле кылып, биз баралбаган жерлерге дароо эле жеталышат. 

Периштелердин санын бир гана Алла таала билет, башка эч ким билбейт.  

3. ИЛААХИЙ КИТЕПТЕРГЕ ЫЙМАН КЕЛТИРҮҮ

Алла таала кулдарына арналган өкүмдөрү менен тыюуларын пайгамбарларынын ортомчулугу менен жерге түшүргөн китептеринде билдирген. Адамдар бул китептердин аркасында көптөгөн акыйкат – чындыктарды үйрөнүп, наадандыктан, караңгылыктан кутулушту. Алла таала өзүнө тиешелүү китептерди пайгамбарларына вахий жолу менен түшүргөн. Ошондуктан китептерден мурда вахий тууралуу кыскача маалымат бере кетели. 

ВАХИЙ ЖАНА АНЫН ТҮРЛӨРҮ

Сөздүктө вахий сырдуу (жашыруун) жана тез айтылган сөз, ишарат жана илхам маанисинде түшүндүрүлөт. 

Вахий диндик термин катары Алла тааланын пайгамбарына тилегин өзгөчө бир жол менен билдирүүсү дегенди туюндурат. 

Курани Каримде вахийге байланыштуу мындайча буйрулган: «Айрым адамга Алла сүйлөбөйт, бирок вахий – кабар аркылуу, же кандайдыр бир парда – тосмо артынан, кандайдыр бир элчи – периште жиберип, ошол (периште Алланын) өзүнүн ыктыяры менен Өзү каалаган нерсени кабар кылышы аркылуу (сүйлөөр). Албетте, Ал бийик жана Даанышмандык ээси» (Аш – Шуура сүрөсү, 51-аят). 

Жогоруда айтылган аятта вахийдин үч түрү тууралуу айтылат:

а) Илхам жолу. Алла таала каалаганын каалаган кулунун (пайгамбарынын) жүрөгүнө түздөн-түз орноштурат. Бул «Вахий-и хафи, (жашыруун вахий) же «Вахийи Гайру Матлувв, (сөз түрүндө окулбаган вахий) делет. Пайгамбарыбыз саллоллоху алейхи вассаллам Курани Каримден башка, «Алла таала мындайча буйурду» деген сөздөрдү бул түрдөгү вахийлерден алган. Алар «Хадис-и Кудси» деген ат менен белгилүү. Буларда маани Аллатарабынан пайгамбарына вахий кылынып, ал болсо аны өз сөзү менен билдирген. 

б) Китеп жолу. Вахийдин бул жолунда пайгамбарлар эч нерсе көрбөстөн, өзүнө вахий кылынган сөздөрдү угат. Муса алейхиссалам Тур тоосунда дарактын артынан өзүнө вахий кылынган Алланын сөзүн ушундайча уккан. 

в) Периште жиберүү жолу. Бул – периштелерден Жебирейил алейхиссаламдын пайгамбарларга алып келген вахийи. Бул «Вахий-и Матлувв, (окулуп сөз түрүндө келген вахий) делет. Вахийдин эң көп болгондугу ушул жол менен болот. Ошондуктан, адатта, вахий дегенде дароо акылга ушул келет. Курани Карим пайгамбарыбыз саллоллоху алейхи вассалламга ушундайча түшкөн. Тактап айтканда, Жебирейил алейхиссалам Курани Каримди сөз түрүндө аят-аят, сүрө-сүрө катары алып келген. 

Вахий периштеси Жебирейил алейхиссалам кээде киши кейпинде пайгамбарыбыз саллоллоху алейхи вассалламга келип, Алла тааланын көрсөтмөсүн жеткирип турган. 

Булардан башка, вахийдин дагы бир түрү – Алла тааланын каалагандарын пайгамбарларына түш түрүндө билдирип турушу. Ибрахим алейхиссаламдын уулу Исмаил алейхиссаламды курман кылышы тууралуу ушундайча билдирилген. 

Пайгамбарыбыз саллоллоху алейхи вассалламга да пайгамбарлыгынын алгачкы күндөрүндө вахийлер ушундайча түшүрүлүп турган. 

Вахий – жалгыз гана пайгамбарларга мүнөздүү нерсе. Пайгамбарлардан башка кишиге вахий келбейт. 

Ыйык китептер жана барактар. Адамдарга билдириш үчүн Алла тарабынан пайгамбарларга китептер менен барактар жиберилген. Бир нече беттен болгондору «сухуф», калгандары төрт ыйык китеп делет. 

Барактар: 10 барак (бет), Адам алейхиссаламга, 50 барак (бет), Ши алейхиссаламга, 30 барак (бет), Идирис алейхиссаламга, 10 барак (бет) Ибрахим алейхиссаламга жиберилген. Бүгүн бул барактардын бири да жок. 

Ыйык китептер: Тоорат Муса алейхиссаламга, Забур Давуд алейхиссаламга, Инжил Иса алейхиссаламга жана Курани Карим болсо Мухаммед саллоллоху алейхи вассалламга түшүрүлгөн. 

Тоорат (Аллахдул Кадиим – Эски осуят): Муса алейхиссаламга түшүрүлгөн Тоораттын түп нускасы сакталган эмес. Бүгүн колдо болгон Тоорат кийин ар кайсы кишилер тарабынан жазылган, алымча-кошумчалар жасалып, бир китеп түрүнө келтирилген. Арийне, ичинде Тоораттын түп нускасынан калган нерселер да жок эмес. Бирок андагынын баарын Алланын сөзү деп айтканга болбойт. Тоораттын ивритче (жөөтчө), грекче жана семитче болуп үч белгилүү нускасы бар. Алар да бири-бирине толук окшошпойт. Курани Карим То¬ораттын өзгөртүлгөндүгүн билдирет. 

Забур: Давуд алейхиссаламга жиберилген. Забур бүгүнкү күнгө жеткен эмес. Бул китептен болгону бир канча сап калган, калгандары жок болгон. 

Инжил: (Ахд-и Жадит: Жаңы осуят) Инжилдин да, Тоорат сыяктуу эле, түп жана чыныгы нускасы жок. Бүгүн христиандардагы «Жаңы осуят» аты менен колдонулуп жүргөн китептер Алланын Иса алейхиссаламга жиберген Инжили эмес. Ал Иса алейхиссаламдан көптөн кийин ар кайсы кишилер тарабынан жазылган. Азыркыга чейин христиандар тарабынан Инжил деп кабыл алынган төрт айры нуска бири-бирине дал келбейт, биринде бар түшүндүрмөлөр экинчисинде жок. 

Азыр христиандардын колунда Лука, Матта, Юганна жана Маркос аттуу кишилер жазган төрт бөлөк Инжил бар. Учурунда булардан башка да көптөгөн Инжил ортого чыккан. Бирок биздин замандын 325-жылы Изникте жыйналган диний кеңеш тарабынан алар өрттөлүп, аталган төртөө гана калтырылган. Биз, мусулмандар, Алла таала Курани Карим китебинен мурда Тоорат, Забур, Инжил аттуу үч чоң китепти жана айрым барактарды түшүргөндүгүн билебиз жана ага ыйман кылабыз. Бирок аларга амал кылбайбыз. Себеби алар бузулган, өзгөрүүгө учураган. Бир эле ат алдында бир канча китептин болушу жана биринде бар түшүндүрмөнүн экинчисинде кездешпегени алардын өзгөртүлгөндүгүн тастыктап турат. 

Курани Карим: Курани Карим – эң акырында түшүрүлгөн эң соңку китеп. Курани Карим – бүтүн бойдон эмес, кыска-кыска бөлүмдөр (аяттар жана сүрөлөр) түрүндө түшүрүлүп жүрүп отуруп, 23 жылда толук түшүп бүткөн. Курани Карим теңдеши болбогон кайталангыс бир китеп. Анткени ал адамдын айтканы эмес, Алланын сөзү. Айтылышы да, мааниси да Алланыкы. Курани Карим өзүнүн Алла тарабынан вахий кылынгандыгын билдирген. Ага ишенбегендерди Курани Карим сыяктуу бир китеп жаратууга чакырган жана мунун мүмкүн эместигин эскерткен. Курани Карим арабдардын поэзиясы жана жазуусу гүлдөп турган доорунда түшүрүлгөн. Меккенин динсиздери, Курандын көңүлдөргө жарык берген нурларын өчүрүү үчүн: «Каапыр болгон кишилер (бири-бирине «Мухаммед тилават кылып (окуп) жаткан убакта) силер бул Куранга кулак салбагыла жана (аны башкаларга да угуза албасын үчүн, оозуңарга келген сөздү) жобурай бергиле, (ошондо) мүмкүн жеңүүчү болорсуңар», – дешти». (Фуссилат сүрөсү, 26-аят), деген сыяк¬туу арамдыктарга чейин барышканына карабастан, анын жалгыз сүрөсүнчөлүк бир күчтүү таасыр бере алышкан эмес. Айлалары кеткенде, ага каршы куралдуу көтөрүлүшкө чыгышкан. 

Курани Карим – Исламияттын эне китеби – диндин башаты, диний өкүмдөрдүн таянычы болгон төрт далилдин биринчиси. Бүткүл диндик негиз, башаттарды камтыган Курани Карим көктөн түшкөн китептердин жыйынтыктоочусу да болуп саналат. Ишеним, адеп-ахлак, жүрүм-турум, коомдук-социалдык, кайсы тарабынан карабаңыз, адам менен адамзатты моралдык жана материалдык чыныгы бакытка жеткире турган бардык нерсени билдирген. Курани Карим адамдар үчүн ак жолго түшүүнүн булагы катары түшүрүлгөн. Курани Карим, баарынан мурда, Алланын барлыгын, бирлигин, Анын улуу сыпаттарын, жараткандарына карата ырайымы менен кечиримдүүлүгүнүн чексиздигин аныктайт жана үйрөтөт. Жалган, бурмаланган диндик ишенимдерди, бутпарастыктын бардык түрүн жокко чыгарат. Адамдарды аруу жана улуу кылган эң маанилүү жана түбөлүк өзгөрбөй турган принциптерди ортого коёт. Курани Карим үй-бүлө турмушу, аял менен эркектин мамилеси, алардын укук жана милдеттеринен баштап эл аралык байланыштар, саламдашуу, бирөөнүн үйүнө уруксат сурап кирүү адебине чейинки коомдук турмуштун бүткүл этикалык принциптерин майда-чүйдөсүнө дейре көрсөтүп, адамгерчиликтин эң таза жана мыкты принциптерин үйрөтөт. Курани Карим никеден тышкары мамиледе болуу, аягы суюктук кылуу, мастык, адам өлтүрүү, жалган айтуу, чыгым салуу, акыйкатсыздык, уурулук, ысырапчылык, кыянаттык, бузукулук сыяктуу коомду түбүнөн чириткен жаман көрүнүштөргө тыюу салат. Жыйынтыктап айтканда, Курани Карим адамды бул дүйнөдө жана акыретте бактылуу кыла турган нерсенин баарын камтыган бир ыйык китеп. 

Ошентип, Курани Карим башында болгон Тоорат, Забур жана Инжил менен бирге башка барактардын Алла тарабынан жиберилген китептер экендигине, алардын Курани Каримден башкасынын өзгөрүүлөргө учураганына, Курани Карим болсо, пайгамбарыбызга вахий кылынгандай, бир тамгасы да өзгөрбөстөн бизге жеткенине ишенип жана бул ишеничти биз, мусулмандар, өлгөнгө чейин сактайбыз. 

4 ПАЙГАМБАРЛАРГА ЫЙМАН КЕЛТИРҮҮ

Пайгамбар – фарс тилинде кабар алып келген, кабарчы деген сөз. 

Диндеги мааниси болсо –Алланын адамдарга туура жолду көрсөтүш үчүн жиберген, тандалган кишиси дегенди туюндурат. Тактап айтканда, пайгамбар – Алла менен анын кулдарынын ортосундагы Алланын сөзүн ташыган элчиси. Ал Алл¬анын буйругу менен тыюуларын адамдарга билдирет. 

Пайгамбарлардын бир бөлүгүнө китеп түшүрүлгөн. Аларга, адатта, «Расул», – деп кайрылышат. Пайгамбарлардын көбү Наби. Алардын айрымдарына китеп түшүрүлгөн эмес. Алар өздөрүнөн мурдагы пайгамбарларга түшкөн китептерге табынат жана аларды жарыя кылат. Буларды көбүнчө «Наби», көптүк түрдө «Анбия», – дешет. Китеп өзүнө түшкөн Расул да «Наби» делиши мүмкүн. Бирок башка бир пайгамбарга түшүрүлгөн китеп¬ке сыйынып, аны үгүттөгөн, өзүнө китеп түшпөгөн Наби эч качан «Расул», – деп айтылбайт. Мындайча айтканда, ар кандай Расул ошол эле учурда Наби болуп эсептелет, бирок ар кандай Наби, Расул эмес. 

Инсандар пайгамбарларга муктаж. Себеби адам акылы менен дайым эле каалаганын биле албайт. Алла таалага акылыбыз менен жете алабыз, анткени бул аалам жана бул ааламдагы табияттын сырларын, анын тең салмакта болорун, бардык нерселердин телегейи тегиз, орду-ордунда экендигин изилдеген киши булардын өзүнөн өзү эле мындай жаралбагандыгын, бир Жаратуучунун бар экендигин түшүнөт. Ааламда баары өз-өз ор¬дунда, ашыкча эч нерсесиз коюлган дейбиз, өзүнөн-өзү мындай жаралышы, чынында эле, мүмкүнэмес. Бирок ошол Жаратуучуга кандайча ибадат кыла турганыбызды, анын буйруктары менен тыюулары эмнелер экенин билбейбиз. Аларды бизге пайгамбарлар билдирет. Ошондуктан Алла пайгамбар жибербегендерине азап чектирбейт. Ага далил катары Курани Каримде мындай буйрулат: «Биз бир пайгамбар жибергенге чейин эч кимге азап чектирбейбиз» (Ал – Исра сүрөсү, 15-аят). 

Алла тааланын пайгамбар жиберишинин даанышмандыгынын бир жөнү кыямат күнү эсеп берип жатканда адамдардын: «Аллам, биз милдетибиздин эмнелерден турарын билчи эмес элек», – деп шылтоолоп, кечирим талап кылбашы үчүн, муну буюрган: «Бул пайгамбарлардан кийин адамдар үчүн Аллага каршы далил болуп калбастыгы үчүн, Биз пайгамбарларды (момундарга бейиш жөнүндө) куш кабар жеткирүүчү жана (каапырларды тозок азабы менен) коркутуучу кылып жибердик, Алла – Кудурет жана Даанышмандык ээси» (Ниса сүрөсү, 165-аят). 

5 АКЫРЕТКЕ ЫЙМАН КЕЛТИРҮҮ

Ар кандай жандуу нерсенин бир күнү соңу келери сыяктуу эле, дүйнөнүн да бир күнү соңу келет. Ал да жандуулар өңдүү бир күн жок болот. Эч өлбөй түбөлүк кала турган – Жалгыз Жараткан Алла таала. 

Дүйнөнүн соңу келгенде, Алла таала Исрафил алейхиссаламга буйрук берет, ал «сурнай» чалат. «Сурнай» үйлөнгөндө, жандуунун баары өлөт. Алла каалагандар гана калат. Алар кийин өлөт. 

Курани Каримде мындай буйрулат: «Сурнай чалынды да, асмандар жана жердеги бардык жандуу өлдү» (Зумар сүрөсү, 68-аят). Бул Исрафил алейхиссаламдын биринчи үйлөшү болот. Дал ушул үйлөш аркылуу дүйнө өз огунан чыгып кыйрайт да, кыямат башталат. 

Анын качан болорун Алладан башка эч ким билбейт. Пайгамбарыбыз да бул боюнча маалыматы жок экендигин айткан (Бухарий, Иман, 37; Муслим, Иман, 1. ). 

Жалгыз анык болгон нерсе – бир күнү Жер ме¬нен Көк (тартиби) бузулуп, күн карарып өчөт, жылдыздар таркап жок болот, деңиздер ташып, бири-бирине кошулат, тоолор кагышып, тозго айланат, баары астын-үстүн түшүп, дүйнө кыйрайт. Мында шек жок. Анткени муну Курани Карим билдирип, пайгамбарыбыз да бизге кабар берген. 

 

6 ТАГДЫРГА ЖАЗЫЛГАН НЕРСЕЛЕРГЕ ИШЕНҮҮ

 

Ыймандын шарттарынан алтынчы жана акыркысы тагдырга жазылган нерселерге ишенүү (кадар жана каза). Биз билебиз Аллахтын бардык нерсеге күчү жетет. Аллахтын күчү жетпеген эч нерсе жок. Жакшы менен жаманды, ачуу менен таттууну, жандуу менен жансыздын баарын Аллах жараткан, жана жараткан нерселеринин кайсынысы жакшы, кайсынысы жаман экенин да ачыктаган.

Аллах бизди жакшы-жаманды, күнөө менен соопту тандоону өзүбүздүн ыктыярыбызга таштаган. Жакшы жана сооптуу иштерди жасагандарды бейишке, жаман жана күнөө иштерди жасагандарды болсо тозокко барарын да билдирген. Бул эки иштин бирөөсүн тандап алуу адамдын өз ыктыярында. Мисалы, өздөрү каалоосу менен мечитке барып, намаз окугандар туура жолду тандагандар, ал эми өз каалоосу менен арак ичкен, кумар ойночу жерлерге баргандар туура эмес жолдорду тандаган адамдар болушат. Биринчи ишти жасаган сооп, экинчи ишти жасагандар күнөө жасаган болушат. 

Аллах биздин кандай иштерди жасаганыбыздын баарын билет. Билгенде да биз жасаардан мурда билет. Биздин эмне жасарыбызды билген үчүн жасоочу иштерибизди мурда эле жаратып койгон. Ошондуктан кандай иштерди жасаарыбызды мурдатан билгендигин кадар деп атайбыз. Ал эми Аллахтын мурдатан билгендигине төп келген иштерди жасообузду болсо каза дейбиз. 

Мисалга алсак, мисалы үйүбүздө асылган календарга карай турган болсок күндүн качан чыгаары жазылып коюлган. Күн жазылгандыгы үчүн чыгып жатабы же күндүн ошол саатта чыгаары билингендиги үчүн календарга жазылдыбы? Албетте күндүн ошол саатта, ошол мүнөттө чыгышы билингендиги үчүн жазылды. Күндүн кайсы убакта чыгарын адамдар билишсе, анда эмне үчүн Аллах Таала инсандардын качан эмне жасарын билбесин!

Күндүн качан, саат канчада чыгарын билүүбүздү Кадарга, ал эми ошол убакта төп келе күндүн чыгуусун Казага окшотсок болот. Демек, биз жасаган иштерибизди тагдырыбызга жазылган деп жасабайбыз. Алла Таала биздин эмнени жасап жатканыбызды билет деп жасашыбыз керек.

Эске сактап алыңыз!

1.кадар: Аллахтын биздин кандай  иштерди жасарыбызды билгенин айтабыз.

2.каза: Аллахтын боло турган иштерди мурдатан билип жана каалоосуна төп келиштире жаратуусун айтабыз. 

7 ӨЛГӨНДӨН КИЙИН ТИРИЛИШКЕ ЫЙМАН КЕЛТИРҮҮ

Кыямат башталгандан кийин, баары жок болот. Алладан башка эч бир жандуу калбайт. Аалам бир канча убакыт ушинтип бош тургандан ки¬йин, Алла Исрафил алейхиссаламды дайындап, ага экинчи кез «сурнай» тартууну буюрат. Исра¬фил алейхиссалам экинчи кез «сурнай» тартканда, жандуунун баары кайрадан кабырларынан туруп, макшар жерине топтолушат. Буга өлгөндөн кийин тирилүү делет. Андыктан Курани Каримде: «. . . Анан ал экинчи жолу чалынды да, капысынан алар (бардык эл кайра тирилди жана мүрзөлөрүнөн) туруп, (Алланын амирине) көз тутушат» (Зумар сүрөсү, 68-аят). 

Мына ушул кайра тирилүүдөн башталган жана соңсузга чейин улана турган заман «Акырет күнү» делет. Эсеп, сурак, мизан (тараза), сырат (кыл көпүрө), бейиш (жаннат), тозок (жаханнам) андан кийин болот. 

Өлгөндөн кийин тириле турганыбызда шек жок. Жоктон бизди жараткан Алланын өлгөндөн кийин кайра тирилтүүгө кудурети жетет. Жоктон баp кылганга караганда бардан барды, башкача айтканда, өлүктү тирилткен дагы оңой эмеспи. Андыктан Курани Каримде мындайча буйрулган: «Ал – эң алгач – Өзү жаратып, кийин (Кыямат күнүндө) Өзү дагы кайра жарата турган Зат. (Кайра жаратуу – тирилтүү) Ал Зат үчүн абдан оңой. Асмандардагы жана Жердеги эң жогорку касыет (жеке жалгыздык) Ага таандык. Ал – Кудурет жана Даанышмандык ээси» (Рум сүрөсү, 27-аят). Чынында, кыйын-оңой деген – бизге ылайык нерсе. Алла үчүн булар маселе эмес. Анын бир нерсеге «бол», – деп айтышы жетиштүү, дароо айтканы аткарылат. 

Бул маселеде шектенүүгө орун бербеш үчүн, адам баласынын кантип жоктон бар болгонун изилдөөнүн жетиштүү болору айтылат да, мындайча буйрулат: «Адам баласы, Биз аны нутфадан – бир тамчы суудан жаратканбыз, эми болсо кокустан (өзүбүзгө) ачык каршылык кылуучу болуп калганын көрдүңөрбү?! Ал Бизге: «Чирип бүткөн сөөктөрдү ким тирилте алсын? – деп мисал келтирди го, (бирок) өзүнүн (бир тамчы суудан) жаралганын унутуп койду. (Эй Мухаммед), айткын: «Ал (чириген сөөктөрдү) мурда (бир тамчы суудан) пайда кылган Заттын өзү кайра тирилтет. Ал – (өзү жараткан ) бардык нерсени билүүчү» (Йасын сүрөсү, 77-78-79-аяттар). 

Акырет күнү сыйлык жана жазалоо күнү болуп эсептелет. Аллага ынанып, анын буйруктарына баш ийгендер, тыюу кылгандарынан сактангандар ал күнү Алла тарабынан сыйлык алат, ынанбагандар болсо жазаландырылат. Адамдын дүйнөдө кылган кымындай жакшылыгы да бааланбай калбайт, зиредей жамандыгы да унутулбайт. 

Курани Каримде мындай буйрулат: «Демек, ким (дүйнө тирүүлүгү убагында) бир кыпын (майда бөлүкчө) мисалынча жакшылык кылса, (Кыямат күнүндө) ошону көрөт» (Залзала сүрөсү, 7-аят). 

Макшар – өлгөндөн кийин кайра тирилген кишилердин топтоло турган жери. Хаширге байланыштуу Курани Каримде мындайбуйрулат: «Ал Күн бардык адамдар топтоло турган жана күбө боло турган Күн» (Худ сүрөсү, 103- аят). 

Бул жерде адамдарга амал дептери берилет, дүйнөдө кылгандарынын эсеби алынат. 

 

Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны