Адеп Башаты » Ислам » Ыйман » Ыйман тууралуу аяттын тафсири

Ыйман тууралуу аяттын тафсири

إِنَّ الَّذِينَ آمَنُواْ وَالَّذِينَ هَادُواْ وَالنَّصَارَى وَالصَّابِئِينَ مَنْ آمَنَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الآخِرِ وَعَمِلَ صَالِحاً فَلَهُمْ أَجْرُهُمْ عِندَ رَبِّهِمْ وَلاَ خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلاَ هُمْ يَحْزَنُونَ
Бакара/62. «Калетсиз, ыйман келтиргендер, т.а., жөөттөр, христиандар жана сабийлерден Аллага жана акырет күнүнө татыктуу түрдө ишенип, жарамдуу-салих амал аткаргандарга Жараткандын алдында сыйлык бар. Алар үчүн коркунуч, кайгы жок.»

Бакара/62. «Калетсиз, ыйман келтиргендер, т.а., жөөттөр, христиандар жана сабийлерден Аллага жана акырет күнүнө татыктуу түрдө ишенип, жарамдуу-салих амал аткаргандарга Жараткандын алдында сыйлык бар. Алар үчүн коркунуч, кайгы жок.»
Исламга көрүнүштө ыйман келтиргендер, т.а., Мухаммеддин динин тилдери менен айтышкандары үчүн эл арасында мусулман болуп эсептелгендер, Муса динине таандык жөөттөр, Иса динине таандык христиандар, бул үч диндин тышындагы диндерден болгондор Аллага жана акырет күнүнө, бул сүрөнүн башында баяндалгандай, чынында тышкы көрүнүшү жана ички жүздөрү менен ыйман келтирип, бул ыйманга жараша турган түрдө жакшы иштерди аткарса, калетсиз, буларга Жараткандын алдында сооп жана сыйлыктары бар. Буларга коркуу жок жана булар кайгырышпайт, т.а., кылынган эскертүүлөр жана коркутуулар буларга тиешелүү эмес.
Адамдар жер бетине Адамдын тукумунан тараган кезде, Алла Таала аларга: «Эгер Менден силерге Туура Жол келгенде, ким менин Туура Жолума түшсө, мына ошолорго эч кандай коркунуч жок жана алар кападар да болушпайт.» (Бакара/38) – деп, тигил, же бул учурда келген хидаятына баш ийүүлөрү шарты менен ушуну убада кылган эмеспи? Мына, Адамдын тообасынын мөмөсү болгон ошол Алланын убадасы – түбөлүккө уланчу жалпы бир мыйзам. Бул аят – Алла мыйзамынын бир көрүнүшү. Андай болсо, жөөттөрдөй пас даражага түшкөндөр жана Алланын каарына тушуккандар да ар убак тообо кылып, Аллага жана акырет күнүнө чындап ыйман келтирип, Алланын акыркы убакта жиберген хидаятына баш ийип, ага жараша жарамдуу-салих иштерди аткарышса, анда ошол каардан кутулушат. Алла аларга сооп жана сыйлык берет. Натыйжада ыйман сырына жетип, коркуудан, кайгы-кападан кутулушат. Бирок мындан пайдалануу үчүн көрүнүштө, т.а., эл көрсүн деп момун-мусулман болуп саналуу жетиштүү эмес, ал тургай белгилүү бир мөөнөткө чейин чыныгы мусулман болуп жашоо да жетиштүү эмес. Ыйманда туруктуулук көрсөтүп, жакшы акыбет менен кайтыш болуу, т.а., акыркы демде ыйман жана жакшы иш аркылуу Аллага кайтуу керек.
Бул сүрөнүн баш жагында «Дал ошолор Раббиси тарабынан келген Туура Жолдун үстүндө жана чыныгы (тозоктон) кутулуучулар.» (Бакара/5) сүйүнчүсүнүн кимдерге таандык экени билинбөөдө жана мында «Сага түшүрүлгөн жана сага дейре тұшұрұлгөндөргө да ишенишет.» (Бакара/4) шарты бар. Бул үчүн акыретке ыйман келтирүү жана чыныгы маанидеги йакин болсо, бүткүл пайгамбарлар менен бирге Азирети Мухаммедге (саллаллоху алейхи васаллам) жана ага түшүрүлгөн киептке ыйман келтиргендерге таандык экени айтылган. Андай болсо, бул жерде баяндалган чыныгы ыймандын Азирети Мухаммеддин пайгамбар катары жиберилишинен кийин келгендер деп чечмеленсе, эч кандай жаңылыштык болбос. Ансыз деле бул аяттын өзгөчө исраилуулдарына кайрылуу түрүндө мазмун болуп, бул түшүндүрмөлөрдүн ислам динине чакыруу катары жана «Силердеги китепти тастыктаган бул китепке )Куранга) ыйман келтиргиле жана аны биринчи тануучулардан болбогула!» (Бакара/41) – деген Алланын буйругун кубаттап, колдоо үчүн келгенинен эч шек санабаш керек. Азирети Мухаммеддин пайгамбарлыгынан мурун Аллага жана акырет күнүнө ишенип, жарамдуу-салих иш кылгандар да Тоорат менен Инжилдин өкүмүнө ылайык келечектин улуу пайгамбарына ыйман келтирүүгө жооптуу болушчу, буларга белги катары «Мага берген убадаңарды аткаргыла.» (Бакара/40) – деп айтылган. Андай болсо, Азирети Мухаммеддин пайгамбарлыгынан кийин аны жокко чыгаргандарды чыныгы ыйман де айтууга мүмкүнчүлүк калабы?
Аллага жана эсеп күнүнө ыйманы болуп, буга татыктуу түрдө жарамдуу-салих иш кылгандар Азирети Мухаммеддин пайгамбарлыгын жокко чыгарышы эч мүмкүнбү? Тарых барактары күбө болгондой, Азирети Мухаммеддин пайгамбарлыгынан да ачык, белгилүү кайсы пайгамбарлык бар? Андыктан асмандагы жылдыздардын кээ бирин кабыл кылып, Күндү жокко чыгаргандардын Аллага болгон ыймандарында туруктуулук, токтоолук бар деп ойлоо чындык менен дал келбеген карама-каршылык алпкелет. Бул жерде көңүлдү өзгөчө бурган нерсе төмөнкүчө: бул аятта ыйман адамдардын назарында тышкы жана Алла алдында өтүмдүү, чыныгы ыйман болуп эки жолу эскерилип, баарынан мурун «ыйман келтиргендер» сөзү жөөттөргө, христиандарга жана саабилерге карата айтылган. Демек, бул үч өкүл Куран айткан ыймандын сыртында. Муну менен бирге көрүнүштө ыйман келтиргендер буга тең кылынып, баарынын кутулушу толук ыйман жана жарамдуу-салих иш аткаруу шартына көз каранды кылынган. Демек, мейли көрүнүштө ыйман келтирген болуп көрүнгөн мусулмандар, мейли мусулмандардын тышындагы жөөт, христиан, сабии ж.б. болсун, Куранда айтылган формада Аллага жана акырет күнүнө көрүнүштө жана чыныгы түрдө олуттуу ыйман келтирип, жакшы иш аткарып, мында туруктуулук көрсөтүшсө, анда «Аларга коркуу жок жана алар кайгырышпайт.» - фразасынын сырына ээ болушуп, мында да ислам дининин чакырыгы жана туура жолу аркылуу адамдарга ачык жана бүткүл ааламды камтыган бир дин экени белгилүү болот. Бул аяттан акыркы төмөнкү натыйжага келебиз: ислам дини өкүм болгон мусулман коомдун түзүлүшү үчүн, чыныгы ыйман шарт эмес. Анын тил менен айтып деле жүзөгө ашышы мүмкүн болгондой эле, мунун ичинде дүйнөгө тиешелүү көз караш менен саясий келшим аркылуу башка диндердин өкүлдөрү дин эркиндигине ээ болуп, жашоого укуктуу болушат. Бирок булардын жанында жекече, же коомдук масштабда чыныгы саламат (кутулуш) бир гана толук ыйман жана жарамдуу-салих амал ээлерине убада кылынган. Анткени коомдун негизги тирөөчү жана мыйзамдуулуктун башкы тыянычы ушулар. Мына, исламдын мейли дүйнө, мейли акырет үчүн убада кылган саламат менен бакты-таалайдын сыры бул чындыктын ичинде сакталуу. Андай болсо, толук ыйман жана жарамдуу-салих амал ээлери билген нерселерден, жакшы амал берекесинен кур калган, бир гана тышкы көрүнүштө мусулман болуп көрүнгөн ислам коомунун «Аларга коркуу жок, алар кайгырышпайт дагы.» - деген теңирдик убадага ээ болушу тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Аллага ыйманы болбогондор, чындыкты жүзөгө ашыра албайт, акыретке ыйманы болбогондор түбөлүктүүлүккө кызмат кылышпайт. Бардыгы бир гана өз жаны үчүн иштеген бир коомдун көрүнүшү «Бирөөнүн бирөөгө пайдасы тийбеген күндөн корккула!» (Бакара/48) аяты аркылуу сүрөттөлгөн кыямат күнүнө окшош.
Яхуди: араб тилинде (хаада-яхуди хавдан), негизинен, тооба кылуу маанисине келгендей эле яхуди болуу маанисин да туюндурат. Арабдар ичинде булардын яхуди деп аталышы мурда айтылган музоого сыйынуудан баш тартып, тооба кылуулары себептүү, же «яхуза» сөзүнүн арабча айтылышынан улам, Яхуза болсо Азирети Йакубдун 12 баласынын эң улуусунун ысымы. Бул боюнча, Яхуди 12 баланын биринчисинин ысымы болууга тийиш болсо да, маанилүүлүгүнө карай акырындап бардыгынын жалпы аты болуп калган. Бул «Яхуд» зат атооч катары коомдун, же кишинин аты. Жекелик түрдө колдонулганда «Яхуди» деп айтылат, бул болсо ошол урууга таандык киши дегенди билдирет.
Насара: «Насрани» сөзүнүн көптүк формасы. Кашшафтын баянына карай, жекелик түрү – «насран» жана аягына таандык уланды мүчө «йа» уланганда «диний» сөзү сыяктуу тигил, же бул нерсеге таандык экенин билдирип калат. Христиандар өздөрүнө бул ысымды төмөнкү үч бөлөк себепке байланыштырып айтышат:
1. Азирети Иса келген «Насара» айылына байланыштуу. Ибну Аббас, Катада, Ибну Журайж бцл көз карашта.
2. Ортолорунда танасур (жардамдашуу) болгону, т.а. бири-бирлерине жардамчы болуулары себептүү бул ысымды алышкан.
3. Азирети Иса хаварийлерине «Аллага барган жолдо мага ким жардам берет?» (Аали Имран/52) – деген, алар болсо: «Биз Алланын жардамчыларыбыз.» (Аали Имран/52) – деп жооп бергендери үчүн, бул ысым аркылуу эскериле башташкан.
«Насраний» грек тилине «христиан» деп которулган, бул болсо «Христос» менен бирдей. Француздар «Крист» дешет. Христос «куткаруучу, кун төлөп куткаруучу» деп чечмеленип, «насраний» - мунун арабчасы. Андыктан, насраний христиан, насара болсо христиандар дегенди билдирет.
Сабиин: же «сабиа» тууралуу да түрдүү көз караштар бар. Оболу, сөздүктөгү мааниси жагынан алганда, «баланча киши дининен чыкты, түкүнчө динге кирди.» - дегенди билдирет. Бул мааниси боюнча Мекке мушриктери Азирети Пайгамбарды «сабиин» дешчү. Анткени алардын динине карама-каршы келген жаңы динди түптөп жаткан. мындан тышкары, «сабиин» жылдыздар туулган жерлеринен чыгып, көтөрүлгөн учур дегенди туюндурат. Андыктан, чыныгы сөздүк мааниси менен караганда, «сабиин» теориялык бир мааниге ээ болгондуктан, ислам жөөт жана христиандардын тышындагы башка диндердин өкүлдөрүн камтыйт. Муну менен бирге салттуу бир фраза катары өзгөчө жана тар маанилерде да колдонулган.
1. Катаданын аныктамасына ылайык, булар – периштелерге сыйынган бир тайпа.
2. Жылдыздарга сыйынган бир тайпа экени тафсирлерде жазылган. Фахруддин Рази акылга жакын болгону ушул дейт. Булардын, негизинен, эки көз карашы бар: биринчиси: мындай дешет: «Ааламдын жаратуучусу – Алла Таала. Бирок Алла жылдыздарга урмат кылууну жана булардын ибадат үчүн кыбылага айланышын буйоуган.» Экинчи көз караштары болсо, төмөнкүчө: «Алла Таала зодиактарды жана жылдыздарды жараткан. Бирок бул ааламдагы жакшылык менен жамандыкты, соолук менен ооруну пайда кылган, жандууларды башкарган – жылдыздар. Андай болсо, бул дүйнөнүн, бир мааниде, Раббиси – алар жана адамдардын аларды урматтап, баш ийиши парз. Анткени алар да Алла Таалага ибадат кылышып, адамдарга ортомчу болушат.» - дешет. Бул чыйыр гилданийлерге таандык болгондордун көз карашы, Азирети Ибрахим буларды жоюу үчүн пайгамбар катары жиберилген. Маида сүрөсүндө бул тууралуу маалымат бар. (Караңыз: Маида/69)
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны