Адеп Башаты » Ислам » Ыйман » Алла сүйүүсүнө башканы аралаштырбоо.

Алла сүйүүсүнө башканы аралаштырбоо.

Эй, Алланын сүйүктүү кулу! Алла – Гайур. Сүйүүсүнө башканын орток болушун каалабайт. Алла сүйгөн кулун башкага бергиси келбейт. Андыктан сен эмнеге башкага байлануудасың? Мобул аятты уккан жок белең:

«Алла аларды, алар да Алланы сүйөт.»
«Адамдар менен жиндерди мага ибадат кылышсын деп жараттым.»
Кээ бир тафсирчилер ибадатты сүйүү деп чечмелешкен.

Расулалла (саллаллоху алейхи васаллам) хадисинде мындай деген:
«Кул Алла тарабынан сүйүлсө, иптилага кабылат, буга сабыр кылса, иктинага дуушар болот.»
- Иктина деген эмне? – деген бир сахабага минтип жооп берет:
- Бала-бакырасын, мал-мүлкүн алат.

Анткени мал-мүлк жана бала-бакыра Алла сүйүүсүнө парда. Алланын сүйүүсү бөлүнбөйт. Эки сүйүүнүн ортосуна түшкөн күйөт.
Мал-мүлккө, бала-бакырага болгон сүйүү көбөйгөндө, Аллага болгон сүйүү азаят. Киши ушул сүйүүдөн жазаланат. Анткени Аллага шерик кошкондой болот. А чынында Алла затына жана сыпатына шерик кошкондорду сүйбөйт. Ал Гаййур жана баарынан үстөм. Ага каршы тургандарын баарын жок кылат. Эмне үчүн дегенде сүйгөн кулунун жүрөгү бир гана ага кайтсын. Мына ошондо:
«Алла аларды, алар да Алланы сүйөт.»

Бул абал бир топ убакытка созулса, акыры Аллага кошулган шериктер жоголот. Мал-мүлк, бала-бакыра жана шахавий арзуулар каалоосу кетет. Мал-мүлк сүйүүсү калбайт, жаман сезимдер өлөт. Олуя болууну, башчы болууну, кереметтин ээси болууну, даража ээси болууну каалабай калат. Бейиш жана анын даражалары назардан түшөт. Жүрөктөгү жеке каалоо жок болот. Суусу тунук, ичи таза идиштей болуп калат. Анткени илахий тежелли аны камтып алган. Жүрөк жолунан адашкан сайын илахи тежелли аны туура жолго алпкелет, өзүнөн башка бардык нерсени жок кылат. Ансыз деле башкасы үчүн ал жакка жол калган эмес. Мавлянын азамат жана жабарут күчтөрү аны каптап калган. Алланын салтанаты ошол ыймандуу жүрөктүн айланасын курчаган. Ал жерге чоочун кире албайт. Эгер кире турган болсо ошол замат жок болот.

Көптөгөн кишилер бийик даражаларга чыккан. Булар жетилгендерине карабастан кээ бир анча маанилүү болбогон иштерге алаксышат. Буларга ал кылган иштери зыян бербейт. Анткени эч бири жүрөк тарабына жакындабайт. Ансыз деле ал даражага жеткен кул буларды Алланын эркине таянып кылат. Алар Алланын каалоосунун талабы болгондуктан ал сүйүктүү кулга бир лутуф жана керемет болот. Ал аркылуу көптөгөн бечаралардын курсагы тоет, мындан тышкары көптөгөн сооп табат. Анан ал кереметтер кулду башка жактан сыноо болот.
Кулдун жекече иштери аралашмайынча, иштери жакшы кетет. Кудайга моюн сунса, ого бетер жакшы кетет. Жамандыктарга каршы ал ниметтер калкан сыяктуу болот: акчасы болот, бул себептен улам арам иш кылуудан кутулат. Балдары болот, эч кимден жардам сурабайт. Үй-бүлөсү болот, арамга көз артпайт.Натыйжада, дүйнө менен акырети саламатта болот.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны