Адеп Башаты » Ислам » Зекет » Балекетке батырган байлык.

Балекетке батырган байлык.

Балекетке батырган байлык.
Мадиналык мусулмандардын ичинде Саълаба аттуу сахабанын дүйнө-мүлккө, байлыкка болгон куштарлыгы өтө жогору эле. Жатса-турса бир гана ой менен алек - бай болсом, күтүрөгөн мал күтсөм деп көксөй берчу болду. Акыры барып, бар ынтаасы менен байлык, мал-мүлк дегенди гана ойлоп, башкага көөнү чаппас абалга жеткендиктен, шайтан анын колтугуна суу бүркүп, ансайын көкүтүп, күндүз күлкүдөн, түнү уйкудан ажырай баштады.

Айласы куруп чыдамы кетип, пайгамбарыбызга (САВ) келип:
- Эй, Алланын элчиси! Мен үчүн «бай болсун» деп дуба-батаңызды бериңизчи, - деп өтүндү.
Пайгамбарыбыз (САВ) анын бул талабына карата:
- Шүгүрчүлүгүн өтөй алган аз байлык, шүгүрчүлүгүн өтөй албаган көп байлыктан артык эмеспи! - деп жооп берди.

Пайгамбарыбыздын (САВ) жөн жеринен бул сөздү айтпасын ойлонуп калган Са'лаба бир мезгилге чейин байлык деп желиккенден токтоп калгандай болду. Ошондо да «Тооктун түшүнө таруу кирет» демекчи, акыры баягы ырын кайрадан ырдай баштады. Чыдамы түгөнө пайгамбарыбызга (САВ) келип:
- Эй, Алланын элчиси! Бир дубаңыз менен мени байлыкка батырыңызчы, - деп айланчыктай берди.
Анын бул кылыгынан ичтен иренжип, кабагын түйгөн пайгамбарыбыз (САВ) ал сабак алсын деген ниет менен:
- Аллахка ант кылам, эгерде чындап кааласам мына бул тоо-таштын баары алтынга айланып, мага тартууланмак. Бирок мен муну каалабадым, - деди.

Чындыгында Алла Тааланын эң сүйүктүү кулу болгон пайгамбарыбыздын (САВ) үйүндө жумалап, ал тургай, айлап, казанга салар, тишке басаар эч нерсе табылбачу. Казан кайнатпастан канчалаган күндөр бою кара суу гана ичип, күн аралап орозо кармаган пайгамбарыбыз (САВ) ооз ачаарга бир нерсе жок болгондуктан, көбүнчө 3-4 курма менен гана чектелери жалпыга аян иш эле.

Ушуларды ойлоп колунда барына топук кыла түшкөн Са'лаба дагы бир мезгилге чейин өз кынына түшүп жүрөт.
Убакыт өтө-өтө анын эски оорусу кайра кармай баштады. Жакшы жагын деле көп ойлойт. «Бай болсом, жарды-жакырларга кол учун берип жардам кылаар элем да? Ошентип көбүрөөк сооп табаар элем го?» - деген ой-кыял анын башын чага берген соң, акыры дагы барып пайгамбарыбызга (САВ) жармашты.

Ошентип ал пайгамбарыбыздын (САВ) алдында болгон убадасын үйүп-төккөн соң:
- Сени пайгамбар кылып жөнөткөн Аллахка ант беремин, эгерде Алла Таала мени байлыкка карк кылса, жарды-жалчыларга милдеттүү түрдө жардам берип, алардын коргонучуна айланамын, - деди ишендире жебиреп.
Са'лабанын мынчалык бериле жасаган тиленич-өтүнүчүнө чыдай албаган пайгамбарбыз (САВ) «Оо, Аллахым! Са'лабаны каалаган байлыгына карк кыла көр!» деп алакан жайып дуба кылды.

Ушул касиеттүү дуба-тилектен кийин кой асырап бага баштаган Са'лаба мурунку кездердегидей мечиттен чыкпай, пайгамбарыбыздын (САВ) артында үзбөй намаз окуганы үчүн «мечит кушу» деп аталганы мындай турсун, эми малы көбөйө баштап, мал артынан салпактап, башкага колу тийбегенинен улам тек гана бешим жана куптан намаздарына мечитке башбакчу болду. Намаздарын көбүнчө каза кылганга өттү.

Көп мезгил өтпөстөн малынын берекеси артып, күтүрөп көбөйүп баштаганынан улам ансайын манчыркай түшкөн Са'лабанын ташы өргө томолонуп, «ити чөп жей берди». Эми күтүрөгөн малдарына Мадинанын тегерегинен жащы жайыттарды издөөсү керек. Са'лаба эми тек жума намазы үчүн гана мечитке келип жүрдү. Ошондон ары чөлдөн жаңыдан-жащы жайыттарды издеген короо-короо мал көп узабай Са'лабага жума намаздарын да унуттурду...
Анда-санда өткөн-кеткендерден эл ичиндеги ал-абалды сурап, Са'лаба мал артынан, чөл кезип жүрчү болду. Малдары менен кошо кара башынын камын ойлогондон аша албай калган аянычтуу абалга жетти.

Са'лабанын көпкө чейин көрүнбөй кеткенин байкаган пайгамбарыбыз (САВ) анын кайда экенин сураганда:
- Күтүрөгөн мал багып колу бошобой чөл кезип жүрөт, - деген жоопту угуп, дили иренжиген пайгамбарыбыз (САВ) башын чайкап:
- Каап, Са'лабага убал болгон экен, - деди аны аяп.
Ушул убакыттарда зекет-садака берүү жөнүндө аяттар түшүрүлүп, бардар мусулмандардын колунда жок мусулмандарга материалдык жактан да жардам көрсөтүүлөрү керектиги тууралуу өкүмдөр келди.
Бул аяттардын өкүмүн ар бир мусулман өз чама-чаркына жараша чын ыкыластуулук менен аткарып жатканда, Са'лаба:
- Буларың адамдын мүлкүн кызылдай талоондоочулук эмеспи!? - деп, мурунку берген убадаларын, тилектерин унутуп салып, «чык татырбас Чынарбай» кейпин кийди, малынын зекетин өтөөнү талап кылып барган кызматкерлерди кур алакан кайтарды.
Мындан кабар жеткен пайгамбарыбыз (САВ) дагы бир ирет:
- Кап, Са'лабага убал болгон экен да! - деп муңайды.

Са'лабанын мурун: «Байысам жарды-жакырга жардам берээр элем» деп анткорлонуп убада берип, кийин бул убадасынан такыр айнып чыга келгенине байланыштуу «Тооба» сүрөсүнүн мына бул аяттары түшүрүлдү:
«Алардын (эки жүздүүлөрдүн) кээ бирөөлөрү: эгер Аллах бизге өз кеңчилигинен мал-мүлк берип байлыкка жеткирсе, садака берип, сөзсүз жакшы адамдардан болоор элек деп, Аллахка убада берген. Ал эми Аллах аларга байлык берген кезде алар сараңдык кылып убадасынан айныды, бет буруп бетбак болушту».

Ушул аят аркылуу Са'лаба эки жүздүү мунафыктар катарына кошулганы билинип, буга жаны ачыган туугандарынын бирөө Са'лабанын жанына барып катуу зекип айтканынан улам Са'лаба кедейлердин акысын бермек болуп, Аллахтын алдында эки жүздүүлүк деген мерез сыпаттан айрылсам деп малын айдап келгенде, Алланын элчиси (САВ) ага Алла Тааланын тыюусу менен мындан ары эч нерсесин кабылдай албастыгын айтып кайра жолуна салды.

Кийин пайгамбарыбыз (САВ) дүйнөдөн кайтып, анын ордун басар халифалары болгон азирети Абу Бакр (р.а.) менен азирети Умарга (р.а.) малынын зекетин берүү үчүн барса да, алар:
- Пайгамбарыбыз (САВ) кабыл кылбаган зекет малдарыңды биз кантип кабыл кылабыз?! - деп Са'лабанын зекетин керексинбеди.

Акыры үчүнчу халифа Осмондун (р.а.) тушунда, кайтыш болор алдында Са'лабанын кулагында: «Шүгүрчүлүгү өтөй алган аз байлык, шүгүрчүлүгүн өтөй албаган көп байлыктан артык эмес беле?!» деген пайгамбарыбыздын (САВ) ошол бир сабак сөзү жаңырып турду. Ошентип Са'лаба байлык деп жүрүп анын акысын өтөй албай көп жакшылыктардан куру калып, бул дүйнөдөн арман менен өттү.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны