Адеп Башаты » Ислам » Зекет » Зекет

Зекет

Зекеттин сөздүктөгү мааниси – тазалык, мактоо, береке, жакшы, дурус болуу дегенди билдирет. Терминдик мааниси – Кудай берилсин деп буйрук берген мал-мүлктөн кээ бир бөлүгүн белгилүү убакыттын ичинде эч кандай пайда күтпөстөн, Алла Тааланын ыраазылыгын көздөп берүү. Биз байкагандай эле зекеттин сөздүк жана терминдик маанилеринин ортосунда тыгыз байланыш бар. Анткени, зекет берген кишинин рухунда тазаланууга, мал-мүлкүндө берекеттин болушуна себеп берет.

Зекет алган киши зекет бергенди алкап, мактайт. Коомдун тартиби жагынан алып караганда, коомдук катмарлар аралык материалдык жана рухий проблемалардын алдын алат. Ошондуктан, жакшы, тартиптүү коомдун пайда болушу үчүн зекет абдан маанилүү ролду ойнойт.

Зекет адамдарды битирдик деген балээ оорудан куткарып, кайрымдуулукка көндүрүп, коомдо кылмыш кыла турган, бузгунчулук чыгара турган, тилемчилик пастыгына түшө турган кишилерди бул абалдан алып чыгып, болушу мүмкүн болгон проблеманы болтурбастан социалдык түзүлүштү сактап, маданияттарды кыйраткан ички согуштардын алдын алып, мал-мүлктүн Кудайга гана тиешелүү экенин жарыя кылгандай эле исламдын жайылышына дагы эң сонун себеп.

Анткени, зекет бериле турган кишилердин бири - бул жүрөктөрү исламга жылый турган кишилер. Дагы бири – исламдын жайылышы үчүн жихад кылгандар. Ырас, исламий кызматтарды алып бара тургандардын материалдык проблемаларды, көр оокатты эч ойлобостон, ээн-эркин кызмат кыла алышы керек.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны