Адеп Башаты » Куран » Курандын «Оку!» деп баштоосунда кандай даанышман сыр (хикмат) бар?

Курандын «Оку!» деп баштоосунда кандай даанышман сыр (хикмат) бар?

Алланын «Икра = Оку» буйругу ­ ошол эң шарапаттуу барлыктын затында чагылуу менен бирге адамзатка аманат кылынган чексиз максат үчүн бир милдет ыйгаруу жана бир даават (чакыруу).

Караганда маани-маңызы түшүнүлүп, Улуу Жаратуучунун мыйзам менен кудуретинин улуктугуна күбө боло турган бул аалам ­ лавхи махфуздун бир чагылуусу.



Алла адамзаттан башка жандуу ­ жансыз бардык макулукту «калем» катары милдеткер кылып, ушундайча ар бир макулук өзүнө тапшырылган, өзүндө болуп өткөн окуяларды жазган жана дагы эле жазууда.

Жандуу ­ жансыз ар бир макулук ­ бир китеп. Ушул себептен, «Көрүп, күбө бол!» түрүндө эмес, «Оку!» деген бир буйрук келген. Анткени китеп, окуу үчүн. Ар бири бирден китеп болуп саналган макулуктарга толгон бул керемет аалам, илахий бир китепкана экендиги чындык. Адамдан бөлөк бардык макулуктар бир гана «жазууга» милдеттендирилсе, адам баласына жазуу жана окуу милдети жүктөлгөн.

Илим жаратылыштагы мыйзам­тартип жана түрдүү нерселердин бири­бири менен болгон байланыштарын түшүнүү жана бул түшүнүктөрдү топторго бөлүп, жыйноо болуп эсептелет. Жаратылыштагы тартиптеги кылдаттык жана айкаштык кокусунан боло калган эмес. Ошондуктан мындай бир тартиптин, албетте, бир негиздөөчүсү бар, болгондо да Анын барлыгы бардык нерседен дагы ачыгыраак болгон негиздөөчү.

Ар бир нерсе ачыкка чыгарылуудан мурда ойлонулат. Кагазга түшүрүлөрдөн мурун архитектуралык пландын архитектордун зээнинде сүрөттөлөөрү сыяктуу... Адам баласынын акылы бул нерсени кандай элестетип, сүрөттөйт, ал өзүнчө кеп, жаратылышты камтый турган масштабдагы бул тартип лавхи махфуз болсо, жазылуу мыйзам ­ Куран Керим жана ал лавхи махфуздун күзгүсү.

Демек, адам баласы окушу керек. Окуган сайын түшүнүүгө аракет кылат, кээде туура эмес түшүнөт, ката кетирет; тажрыйбаларды жүргүзөт; илимди изилдеп талдоо менен ишеничтүү, таяныла турган абалга жеткизет. Кароо башка, көрүү башка, түшүнүү башка, түшүнгөнүн кабыл кылып, аң­сезими менен жан­дүйнөсүнө сиңирүү башка; андан кийн аны жүзөгө ашыруу башка жана жүзөгө ашырганын башкага тапшыруу таптакыр башка.

Ырас, түшүнүп­аңдоого байланыштуу бул түрдүү түшүнүктөр дайыма боло бере турган көрүнүш. Анткени ааламда көптөгөн мыйзамдар бар жана булар мыйзамды негиздөөчү тарабынан керемет айкаштык менен жүргүзүлүүдө. Булардын бир нечеси төмөнкүлөр:

Бирден көпкө баруу,

Көптөрдүн арасында окшоштуктардын, айырманын жана карама­каршылыктардын болушу,

Карама­каршылыктардын ортосундагы тең салмактык жана айкаштык,

Мунаваба (милдетти биринин артынан бирин тапшыруу),

Үйрөнүү, унутуу жана кайра үйрөнүү,

Аракеттенүү,

Тахлил жана теркип (анализдөө, синтездөө)

Илхам жана жогорулоо. Адам баласы бул мыйзамдардын бардыгына баш иет. Ушул себептен, албетте, көп инсан болот жана инсандардын ортосунда окшоштуктар, айырмалар жана карама­каршылыктар болот. Ошондой эле, адамдар окшош, түрдүү көз караш, ишеним, мамиле жана аракетке ээ. Бирок баардык бул табигый карама­каршылыктар кыймылсыз, бош эмес, жандуу жана кыймылдуу бир тең салмактуулуктун ичинде болот.

Кайра эле ушул себептен улам, бир ыйманды гана максат кылган агым илимден ажырайт жана бир гана илимди максат кылган агым ыймандан ажырайт.

Ушул себептен илим менен караңгылык (сабатсыздык), кабыл алуу менен жокко чыгаруу, улуулук жана төмөндүк, зулумдук менен адилеттик, сүйүү менен жек көрүү, согушуу менен тынчтыкта болуу, сергектик жана ыкшоолукту камтыган бир тобокелге таянган жашоо темпинин жанында бардык нерсени адам баласы жасай алат деген ишенимге таянган сабырсыздык жана шашмалык, бузуп­талкалоо сыяктуу катаал окуялар болуп турат.

Бул себептен улам, ал тандалма инсан, адамзаттын сыймыгы үйрөткөн нерселер да унутулуп, кайрадан эстелип, үйрөнүлөт. Ушул сыяктуу эле мындай бөлүктөргө бөлүнүү, бир тахлил, түрдөнүү, көбөйүүнүн натыйжасында, албетте, мында да жаңыдан кароо, жаңыдан теркип ишке ашат жана албетте, бир илхам, бир зухур болот.

Булардын бардыгы болгон, болууда жана үзгүлтүксүз боло бермекчи. Азирети Мусага социалдык илимдерди жана коомдук түзүлүштүн сакталышын камсыздай турган буйруктар «Он буйрук», Азирети Исага коомдук мамилелерде жумшактык, мээрим, сүйүү жана толеранттуулук, сабыр; Азирети Мухаммедге (саллаллоху алейхи васаллам) булардын бардыгына кошумча катары илим, даанышмандык, оюн кыска­нуска баяндап берүү... жөндөмдөрү жана сапаттары берилген эле.

Бул себептен улам, мусулман болуу башкаларга салыштырмалуу, бир өңүттөн караганда, оорураак, жоопкерчиликтүүрөөк, бирок ошончолук улуу нерсе. Анткени коомдук негиздерден башка сүйүү жана толеранттуулук, жумшактык жана мээрим, сабырдуулук менен кошо илим, даанышмандык... сыяктуу дагы бир топ сапаттарды талап кылат.

Ушул себептен, физика, химия, астрономия, биология сыяктуу илимдердин тармагында жасалган ачылыштар, өнүгүүлөр, акыры лавхи махфузда ойлонулуп, Куран Керимде жазылган жана ааламда мезгил мезгили менен жана биринин артынан бири көрүнгөн негиздердин кээ бирин кенен түшүнүүгө өбөлгө түзгөндүктөн, баардык жан дүйнөсү терең инсандарды куттуктап, мактоо керек.

Бирок мындай кызматтын ийгиликтери менен бирге, Жаратканды жокко чыгаруу, илахий илхам менен иршадды кабылдабоо, адамды кудайлаштыруу, адамдын эркин чексиз кылуу сыяктуу адашуудан адамзатты коргоо зарылдыгы туулат.

Физика жана химия лабораторияларында жүргүзүлгөн тажрыйбаларга, үйрөнүлгөн мыйзамдарга баш ийип, физика, химия жана биология кубулуштарына жаңы багыттар берилбесе, жаңы нерселерге ачылыш жасоо жана жаңы нерселерди ойлоп табуу ийгилиги манчыркатып, көздөрүн тумандатып, аны коомдон таптакыр болүп салуу коркунучу бар. Ырас, түрдүү тажрыйбаларга кабылган учурдагы адамзат өлчөмдөрүнөн башка адамдын «лаборатория айбанаты», адам коомунун болсо «лаборатория» эмес экенин татыктуу түрдө эстөө керек.

Учурдагы илимдерди сенектиктен, супсактыктан куткаруу; оболу илимдерге негиз болгон маселелерди татыктуу түрдө түшүнүүгө жардам берет; экинчиден адамдын эрки жана акылы жете турган нерсени аткаруу, ички сезимдерин жашоосунда жүзөгө ашырат.

Ошондо сабаттуу инсандардын тилинен бал куюлуп, ааламды китеп сыяктуу сөзмө сөз, сапма сап окушат. Ансыз деле ааламды китептен башкача көрүү мүмкүн эмес. Анткени, алгачкы жаратылган нерсе «калем», алгачкы буйрук «оку» болгон...

Ne var ki, bu mesele, zannedildiği kadar kolay da değildir. Zâhirî ve bâtınî hassaların faâl ve vak'alar karşısında titiz oldukları nisbette bir duyuş, bir görüş olsa bile, bu hassalardan bir tanesindeki ârıza büyük ölçüde diğerlerini de tesirsiz kılar.

А бирок бул маселе биз ойлогончолук оңой­олтоң эмес. Тышкы жана ички сезимдердин окуяларга карата кылдат болгон бир сезим, бир көрүш болсо да, бул сезимдердин бириндеги кемчилик калгандарын таасирсиз кылат.

Ошон үчүн Кураны Мужизуль Баянда сокурлук, дүлөйлүк жана дудуктук бирге эскерилет. Анткени таквиний буйруктар көз менен окулгандай эле, танзилий буйруктарды кулак кабыл алып, аны тил баяндайт.

Ошондуктан, объективтүү жана субъективтүү нерселерди көрө албаган, кулагына угулганда укпайт, укса да түшүнбөйт. Ошондуктан, кулагына Кудайдын буйругу угулганда жан­дүйнөсү ойгонбогон пенде Жаратуучунун жаратылышка койгон мыйзамдары (ашшарият-ул фитрия) менен курубекер алпурушуудан өзүн куткара албайт.

Демек, «Оку!» бир бүтүндөшүүнүн жана бүтүндөштүрүүнүн, бир назар салуунун жана талдоонун, көрүп, сезүүнүн, андан кийин бул ички сезимдерди тил менен баяндоо болгондуктан, биз үчүн алгачкы буйрук болуусу кандай гана маанилүү.

Маанилүүлүгүнө карай бир аз узун баяндалды жана мезгил мезгили менен деталдуу темаларга токтолду. Кайра кайра талданып окула турган болсо, бизге кечиримдүүлүк менен карайт деген ойдобуз.

Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны