Адеп Башаты » Куран » Куран жөнүндө » Курани карим

Курани карим

Куран бүткүл илимдердин негизин өз ичине камтыган, сырлары, ачылыштары түгөнбөгөн адам таң калаарлык кереметтүү китеп.

 

Куран Алла Тааланын жер менен асмандагы чагылган ысымдарынын руханий казынасын ачыктаган сырдуу кайып ааламынан кабарларды билдирген тил. Куран исламдын жаркырыган күнү, пайдубалы. Куран Алла Тааланын, адамзаттын материалдык, моралдык бүткүл муктаждыктарын канаттандыраарлык абалда түшүргөн берекелүү кемтиксиз ыйык китеби. Ал жер менен асмандын жаратуучусунун кайрылуусу он сегиз миң ааламдын ээсинин буйуругу, бүткүл бар болгон нерселердин кудайы болгон Алла Тааланын улуу сөзү.



Куран адамдын аброюна ылайык анын жүрөк, ички дүйнөсү, акыл жана дене түзүлүшүн эске алып Алла Таала тарабынан жиберилген мыйзамдар жыйнагы. Куран шарият өкүмдөрүн жаратуучусуна кулчулуктун кандайча аткарылаарын, дуба адептерин жана башка даанышман сырларга толгон маалыматтарды өз ичине камтыйт. Ал Алла Таала тарабынан жиберилген бүткүл китептердин эң соңкусу жана тээ кыяматка чейин жоголбой бузулбай турганы. 

Пайгамбарыбыз (сав) Куранды: «Ал өзүнөн башка эч нерсеге муктаждык сездирбеген байлык» деп сүрөттөгөн. 

Пайгамбарыбыз (сав) бул хадисинде Курандын бардык маалыматтарды өз ичине топтогонун, ар түркүн даражадагы адамдарга таандык болуп, бүткүл мүшкүлдүү маселелерге чара табарын кабарлайт. 

Куран жан дүйнөнүн азыгы, адеп-ахлактын пайдубалы, кулчулуктун негизи. Пайгамбарыбыз (сав): 

«Куран - Алла Тааланын тамак-ашка толгон дасторкону, андан күчүңөрдүн жетишинче алгыла, пайдалангыла» - деген. 

Бул конок дасторконунда дүр-дүйүм тамак-аштын бардык түрлөрү болуп, жашоо-шарт, каада-салты ар түркүн болсо да, ар бир адам өзүнө жаккан ылайыктуу нерсени таба алат.

Куран жамандык менен жакшылыкты айырмалап, момун-мусулмандардын жашоосун жөнгө салган, бир гана Алла Тааланын бар жана жалгыз экендигин жарыя кылуу жана Ага гана кулчулук кылууга байланышкан маселелерди эле эмес, коомдук, экономикалык жана башкаруу системаларында да адамдарга жол башчылык кылат.

 

Курандын улуулугу

 

Куранды түшүнүү үчүн эң оболу анын өзгөчөлүктөрүнүн билинүүсү зарыл. Куран бүткүл ааламдардын ээси жана бардык макулуктардын, бар болгон нерселердин кожоюну болгон Алла Тааланын сөзү. Куран жалгыз эле бир доорго, же бир улутка таандык эмес. Анын өз ичине алган нерселеринин кеңдиги, өкүмдөрүндөгү тактык, уйкаштык, ырааттуулук жана берүү ыкмасындагы өзгөчөлүк Курандын эзелтеден тээ кыямат күнүнө чейинки бүткүл адамзатка Алла Тааланын кайрылуусу экенин көрсөтөт.

Курандын маанилүүлүгүн жана баасын түшүндүргөн пайгамбарыбыздын (сав): 

«Аллах үчүн өзүнүн сөзү болгон Курандан баалуу эч нерсе жок» деген хадисинин ушунчалык так, таасын баа берүү экени ачыкка чыгат. 

Башка бир хадисинде пайгамбарыбыз (сав): 

«Аллахтын сөзүнүн (Курандын) башка сөздөргө караганда жогорулуугу, улуулугу, Алла Тааланын өзү жараткан макулуктарына болгон жогорулуугу, улуулугу сыяктуу» деп, Курандын кол жеткис баалуулугун, теңдешсиз улуулугун айтып өткөн. 

Ыйык Курандын айырмаланган өзгөчөлүктөрүнүн бири кыямат күнүндө адамдарга шапаат кылуусу. Куран бардык өтүнүчү аткарылган коргоочу. Ал кыямат күнү Куран окуп, андан үйрөнгөн нерселерин иш жүзүнө ашырган мусулмандарды коргоосу алдына алып, түбөлүктүү бейишке кирүүлөрүнө жардамчы болот. Пайгамбарыбыз (сав):

«Куран окугула! Анткени ал кыямат күнү ээсине шапаатчы болуп келет», деп Куран окууга үндөгөн.

 

 

Куран жана орозо айы

 

Куран ушунчалык маанилүү жана кол жеткис баалуу болгондуктан, аны менен байланыштуу болгон ар бир нерсе улуулукка жетишет. Куран убакыт жана жайды баалуу, жазылган кагазы менен сыясы ыйык, окуган адамы менен угуучусун кадырлуу кылган. Куран түшүрүлгөн кадыр түнү жана рамазан айы бүткүл ыйыктыгын, улуулугун Курандан алышкан. Албетте, Куран тарабынан эң маанилүү убакыттын бөлүгү рамазан айы. Бул ай орозонун айы болгондой эле, Курандын айы болуп да эсептелет. Себеби, Алла Таала тарабынан Пайгамбарыбызга (сав) жиберилген Куран рамазан айында түшүрүлө баштап, 23 жыл уланып, ошол эле рамазан айында аяктаган. 

Куран окуган адамдын жүрөгү жумшап, өзүнөн башкаларга болгон камкордугу, мээрими күчөйт. Садака жана зекеттердин рамазан айында берилүүсүнүн себептеринин бири да бул болсо керек...? Бизге белгилүү болгондой эле Пайгамбарыбыз (сав) ар жылы рамазан айында Куранды баштан аяк Жабраил периштеге окуп берчү. Ал мезгилде Пайгамбарыбыз (сав) адаттагыдай жоомарт, берешен болоор эле. Ким эмне кааласа, баш тартпастан бере салчу. Ибн аббас анын бул абалын: «Аллахтын элчиси адамдардын эң жоомарты эле. Рамазан айында Жабраил менен жолукканда ансайын берешен бол түшчү. Жабраил аны менен рамазан айынын ар бир түнүндө жолугушуп, Куранды үйрөтчү. Аллахтын элчиси жакшылык иштерде берекелүү шамалдардан (жамгыр алып келүүчү) да жоомарт эле» деп сүрөттөгөн. 

 

 

Куран жана үйлөрүбүз

 

Турак-жайларды берекелүү кылган – анын ичинде жашагандар. Үйлөрүбүздө Куран окулуп, Куран түшүндүрүлүп жана андагы буйруктар иш жүзүнө ашырылса, ал жер барктуу да улуу да болот. Мечиттерибизди ыйык кылган, ал жерлерде Алла Тааланын эске түшүрүлүүсү болгондой эле, үйлөрүбүздү берекелүү кылган да ичтеринде Алла Тааланын китебинин окулуусу. Бул сыяктуу үйлөр мечиттер менен бирдей десек да болот. 

Куранда : «Ал чырак – Алла Тааланын нуру үйлөрдө (тактап айтканда мечиттерде жагылат), Алла Таала аларды (үйлөрдү) жогору көтөрүп (курулуш) салынуусуна жана аларда (үйлөрдө) өзүнүн аты эскерилишине уруксат берген (буюрган) эле. Ал (үйлөрдө) эртели кеч Алла Тааланы аруулай (мактаган) турган адамдар бар. Аларды соодагерлик да, алып-сатыш да Алла Тааланы эстөөдөн, намазды толук аткаруудан жана зекетти (тиешелүүлөргө) берүүдөн алаксыта албайт. Алар дилдер жана көздөр калтырап кала турган (кыямат) күндөн коркушат» .

Аяттагы «үйлөрдү» мечиттер деп чечмелеген ислам илимпоздору болгондой эле момун-мусулмандардын үйлөрү деп түшүндүргөндөр да бар. Демек, үйлөрдү барктуу кылган ал жерлерде кылынган иштер.

Куран үйлөрүбүздүн жакшылыгы жана берекеси. Ал эми береке тек гана жашоо шарттарынын жакшырышында эмес да. Материалдык мүмкүнчүлүктөрдүн кең болушу менен бирге моралдык, руханий жан дүйнөнүн бейкуттугуна жетишүү да бүткүл адамдар, айрыкча үй-бүлөлөр үчүн зор мааниге ээ. Куран окуу адамдардын жүрөктөрүн жумшатат. Ал үй-бүлөнүн ичинде эң керектүү болгон боорукердик жана мээримдин орношуна шарт түзөт. Муну менен бир үйдө Куран окулса, ал жерде (үйдө) тынчтык жана береке бар дей алабыз. пайгамбарыбыздын (сав) хадисинде бул абал төмөнкүдөй сүрөттөлгөн: «Үй ичинде Куран окулган мезгилде ал жер жашагандарга кеңейет. Периштелер пайда болуп, шайтандар качышат жана ал үй абдан берекелүү болот» . 

Үйлөрүбүздүн материалдык жактан кең болуусу ар бир үй-бүлө үчүн мүмкүн боло бербес. Бирок, моралдык, руханий кеңдигин жана үйлөрүбүздүн берекелүү болуусун кааласак, ичтеринде Алла Тааланын аты эскерилген, Куран окулган тынчтык жайларына айлантуубуз зарыл. 

Куран окулбаган үйлөр чындыгында эле мүрзөлөр сыяктуу үнсүз жана ээн. Өлгөндөрдүн Куран окуп, сооп табуу мүмкүнчүлүктөрү болбогондой эле, Куран окуу унутулган үйлөрдөгү адамдардын да эң керектүү, маанилүү сооп табуу жолдорунун бирөөсү жабылган болуп эсептелет. 

Пайгамбарыбыз (сав): «Үйлөрүңөрдү мүрзөлөргө айлантпагыла. бакара сүрөсү окулган үйгө шайтан кире албайт», деп үйлөрүбүздө Куран окууга үйдөгөн. 

Айрыкча, хадисте ичинде Куран окулбаган үйлөрдөгү адамдарды шайтан тынчын аларына ишарат кылынган. Демек, жашаган жерлерибизди жандандырып, андан шайтандарды жана бүткүл жамандыктарды жолотпогубуз келсе, үйлөрүбүздү Куран окуу менен коргойлу.

Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны