Адеп Башаты » Макалалар » Азирети Осмон (р.а)

Азирети Осмон (р.а)

Азирети Осмон (р.а)

Сахабалардын эң улууларындан жана пайгамбарыбыздын (с.а.в) күйөбаласы, үчүнчү халиф. 577 жылы Меккеде туулган. Атасы Аффан курайш уруусунан. Усмандын ата теги Абдуманафта Пайгамбарыбыздын (с.а.в) таза ата-теги менен бирлешет


Ашир Мубаширлерден бири (тирүү кезинде жаннат менен сүйүнчүлөнгөн) . Рукия энебизден Абдуллах деген уулу болгон жана ошол себептен Абу Абдулла деген лакабы менен дагы таанылгын. Азирети Осмон эң биринчи исламды кабыл алган мусулмандардын бешинчиси. Мусулман болгондон алдын тижарат иши менен алек болгон. Ислам келгенден алдын эле Абу Бакр р.а менен жакын дос болчу.Ал дагы азирети Абу Бакр сыяктуу караңгылык доорунда (исламдан алдын) да жаман нерселерден узак болгон. Абу Бакр Мусулман болгондон кийин ал дагы мусулман болот. Мусулман болгонун өзү мындайча баяндайт: Менин көзү ачык бир таэжем бар эле. Бир күнү ошол таэжемин үйүнө бардым. Мага мындай деди: Сага бир аял насип болот, сен андан алдын эч бир аялды көрбөйсүн ал дагы сенен алдын эч бир эркекти көрбөйт, келбети келишкен улуу пайгамбардын кызы болсо керек. Мен таэжемин бул сөздөрүнө абдан таң калдым. Таэжем сөзүн мындай деп улантты: “ Бир пайгамбар келди. Ага (с.а.в) асмандан кабар түшүрүлдү. Мен айттым: Оо таэже бундай бир сыр, шаарда эч угулбады бул сөздү ачык айт. “ анда таэжем мындай деди: Мухаммед (с.а.в) бин Абдуллахга пайгамбарлык келди. Калкты динге чакырат. Көп убакыт өтпөй, анын (с.а.в) дини менен аалам нурданат.Ага (с.а.в) каршы келгендин башы кесилет”.
Таэжемин бул сөздөрү мени абдан таасирлентти. Абу Бакр (р.а) экөөбүздүн ортобузда чоң бир достук бар эле. Бирбирибизден эч айрылчу эмесбиз. Бул маселени айтайын деп эки күндөн кийин дароо анын жанына бардым, таэжемин айткандарын баарын айттып бердим. Абу Бакр (р.а) мага мындай деди: “ Оо Осмон! Сен акылдуу адамсың.Эч көрбөгөн, укпаган жана эч нерсеге пайдасы же зыяны болбогон бир канча таш кудайлыка кандай татыктуу боло алат?” Мен, “ туура айтып жатасын, таэжемин айткан сөзү акыйкат” дедим.
Абу Бакр (р.а) Осмонго ( р.а) Исламды түшүндүргөндөн кийин аны Аллах элчисинин (с.а.в) жанына алып барат.Пайгамбарыбыз (с.а.в) азирети Осмонго мындай деди: “ Оо Осмон. Аллах Таала сени жаннатка коноко чакырат. Сен да жооп бер! (кабыл кыл) Мен баардык адамдарга туура жол үйрөтүү үчүн жөнөтүлдүм”. Осмон (р.а) : Күбөлүк келтирем Аллах жалгыз, Мухаммед анын кулу жана элчиси ” Деп мусулман болду. Осмон р.а мусулман болгондон кийин мушриктер тарабынан кылынган азап көпкө созулат. Хабашистанга хижратга (көчүүгө) уруксат берилгенден кийин биринчилерден болуп азирети Рукия(р.анха) энебиз менен бирге хижрат кылат. Айрыкча Худ алейхи саламдан кийин үй-бүлөсү менен хижрат кылган мусулмандардын биринчиси болду. Бир убакыттан кийин Меккеге кайтып, экинчи жолу дагы Хабашистанга хижрат кылат.Бул экинчи хижраттан кийин Меккеге кайтып акыркы жолу Мадинага хижрат кылат. Ушундайча дин жолунда үч жолу хижрат кылган болду.Азирети Осмон бадр согушунан башка баардык согуштарга катышган. Худайбия антташуусунда (келишиминде) Меккеге элчи катары жөнөтүлдү.Табук сапарында он миң кишилик Ислам ордусунун, баардык муктаждыктарын каржылап берди. Айрыкча миң алтын дагы берди. Баардык мал-мүлкүн Ислам дининин жайылуусу,адамдардын кутулушу үчүн каржады.Бадр согушу башталган учурда Осмон (р.а) аялы Пайгамбарыбыздын (с.а.в) кызы Рукия р.а энебиз катуу ооруп калат, ошол себебтен Бадр согушуна катышууга уруксат берилбейт. Жеңиш кабары келген күнү азирети Рукия энебиз дүйнөдөн кайтат. Осмондун р.а Рукия энебизден Абдуллах деген бир уулу болот. Уулу Абдулла хижраттын төртүнчү жылы алты жашында бул дүйнөдөн кайтат. Пайгамбарыбыз (с.а.в) кызы Рукия энебиздин (р.анха) өлүмүнөн кийин кызы Умму Гүлсүмдү Осмон (Аллах андан ыраазы болсун) менен уйлөндүрөт.Хижраттын тогузунчу жылы ал дагы дүйнөдөн кайтканда Пайгамбарыбыз (с.а.в) мындай дейт: “Оо Осмон бир кызым дагы болсо, аны дагы сага бермекмин” дейт. Биргүн Осмон (р.а) Аллах элчисин (с.а.в) үйүнө чакырды.Аллах элчиси (с.а.в): “бир гана мени чакырдыңбы?” деди. Азирети Осмон баардык сахабаларыңызды чакырыңыз деди. Азирети Билалга (р.а) баардык сахабаларды чакыруусун буйруду. Пайгамбарыбыз (с.а.в) Али (р.а) менен Осмон (р.а) үчөө үйүнө карата жолго чыгышты. Осмон р.а Пайгамбарыбыздын (с.а.в) куттуу кадамдарын эсептеп келе жатты, аны байкап калган Пайгамбарыбыз эсептеп жатканынын себебини сураганда азирети Осмон : “Оо Аллахтын элчиси сиздин ар бир кадамыңызга бир кулду азаттыка чыгарам” деди. Коноктон чыкканда баардык кулдарды кулдуктан бошотту.
Аллах Таала пайгамбарларга берген пазылеттерден Осмонго (р.а) да насип кылган.
Биринчиси: Шейит болуу. Аллах Таала пайгамбарларынан Закария жана Яхьяга (а.с) насип кылган.
Экинчиси жана үчүнчү: жөнөкөйлүк жана хижрат кылуу.Аллах Таала пайгамбарлардан Иса пайгамбарга насип кылган.
Төртүнчү: Жоомарттык. Алла Таала бул пазылетти азирети Ибрахим алейхисаламга насип кылган.
Бешинчи: Кааруу (улгайуу). Аллах Таала бул пазылетти Нух алейхисаламга насип кылган.
Алтынчы: Уялчаактык. Аллах Таала бул пазылетти Адам жана Мухаммедге (а.с) насип кылган.
Аллах Таала бул алты сапатты азирети Осмон р.а да топтогон.
Азирети Умардан( р.а) кийин 12 жыл мусулмандардын башында халиф болуп 82 жашында бул дүйнөдөн кайтат.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны