Адеп Башаты » Макалалар » Дин деген эмне?

Дин деген эмне?

Дин деген эмне?

Араб тилинен келген “дин” деген сөз лексикалык жактан; «акыбет, жаза, эсеп, өкүм, саясат, баш ийүү, сыйлык, улут, шарият» сыяктуу бир топ маанилерге барып такалат. Ал эми Ислам аалымдары динге мындайча аныктама беришкен: « Дин адамдарды өз каалоо-эркектери менен жакшылыкка баштоочу Алла Тааланын мыйзамдарынын жыйнагы» Бул мыйзамдар жыйнагы Алла Таала жөнөткөн өзгөчө жөндөмдөмдүү инсандар- пайгамбарлар аркылуу адамзатка жеткирилген жана жашоо эрежеси катары иш жүзүнө ашырылган.

Дин канча түргө бөлүнөт?
Окумуштуулар аныктагандай, диндер – ыйык кабарга байланыштуу жана байланышсыз болуп экиге бөлүнөт. Ыйык кабарга ( вахийге) байланыштуу диндердин бардыгында бирдей негизги түшүнүктөр жана окшош чындыктарга басым жасалган болот. Алла Таала тарабынан жөнөтүлгөн ар бир пайгамбар өзү жөнөтүлгөн замандын шарт-жагдайына жана зарылдыктарына жараша, эң негизги эреже мыйзамдар жагынан алганда, өзүнөн мурда келген пайгамбарлардын «из басары», толуктоочусу жана жолун улантуучусу катары иш жургузүп, өзүнөн мурдагы пайгамбарлардын милдетин аркалоону уланткан, ошондой эле өз доорунун абал-жайына жараша толуктоолорду киргизип, кээ бир аныктоого тийиштүү маселелерди айкындаштырып, жаңылоо керек болгон маселелерди жаңылап, жалпы багыт бирдигинин негизинде ар бир пайгамбардын милдеттери өз алдынча кеңейип отурган. Мында тавхид ( Аллахтын бирдиги), пайгамбарлык, өлгөндөн кийин кайра тирилип эсеп берүү жана ибадат маселелери ар бир пайгамбардын эң негизги идеалары болгон.
Алла Таала пайгамбарларга алар жөнөтүлгөн коом жана элдердин билим-түшүнүктөрүнүн деңгээлине жараша, көйгөйлөрүнүн түрүнө жана зарылдыктарынын абалына ылайык ар түрдүү кошумча эрежелерди ыйгарып, башкасынан айырмалуу мыйзамдарды жолго койгон. Ошондуктан, ушул башка өзгөчөлүккө ылайык алгачкы пайгамбардан эң акыркысына чейин болгон бардык пайгамбарлардын милдеттеринде жана шарияттарында ар түрдүүлүк, айырмачылыктар сакталган. Бирок мындай айырмачылыктар эч качан пайгамбарлык милдеттин түпкүлүктүү, башкы принциптери жана рухуна кайчы келбейт. Анткени ал айырмачылыктар кошумча, майда маселелердин алкагынан чыгып кеткен эмес.
Пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафа (саллаллуху алейхи васаллам) өзүнүн бир хадисинде мындай дейт: «Пайгамбарлар аталаш бир туугандар. Баардыгынын дини бир».
Демек, Ислам динибизде пайгамбарларга жөнөтүлгөн диндердин түпкү теги бир экенине ишенүүнүн өзү да ыймандын негизги принциптеринен болуп саналат. Бул маселе жөнүндө алдыбыздагы бөлүмдөрдө кененирээк токтолобуз.
Бардык пайгамбарлардын үгүттөгөн дини – Ислам дини болуп келгенин эске алуу менен катар, сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммеддин (саллаллуху алейхи васаллам) жөнөтүлүшү аркылуу Ислам дини толук баралына жеткирилген жана дин катары акыркы чекити коюлган. Алла Таала Өз китебинде мындай дейт: أليوم أكملت لكم دينكم و أتممت عليكم نعمتي و رضيت لكم الاسلام ديناً
«Бүгүн силерге диниңерди толук кылдым, сыйымды толуктадым. Силер үчүн Ислам динин ыраазы болуп арнадым».
Баардык пайгамбарлар асыл Ислам динин жеткирүү менен бирге, динди баарынан мурун өздөрү “ көч башында туруп” өмүрүнө өрнок катары толук жашап, иш жүзүндө жалпыга үлгү болушкан. Азирети Мусанын (алейхиссалам) жолго койгон дини кийинчереек «иудеизм» деп аталган. Ошондой эле “христиан дини” да түпкүлүгүндө Исанын жолго койгон динине кийинчереек берилген ат. Болбосо, Муса жана Иса пайгамбарлардын эч кимиси динге жогоркудай атоолорду колдонушкан эмес.
Ислам дини Алла Таала тарабынан келгендиги жана өзгөрүлбөстөн сакталуусу себептүү чыныгы дин болуп тура берет. Ал эми иудеизм жана христиан диндери, башында Алла Таала жактан келген болсо да, узак убакыттардын өтүшүнө ээрчий түпкү оригиналдуулугун сактап кала албаган. Ошону менен катар бул диндердин ыйык китептери менен курани Каримдин ортосундагы бирдей нуктар жана окшош мазмундар аз эмес. Тагыраак айтканда, тоорат менен инжил китептери тарыхта адамдар тарабынан аябагандай чоң өзгөртүүлөргө дуушар болгондугуна карабастан, алар түпкүлүгүндө Жараткан тарабынан тушүрүлгөндугүнө байланыштуу акыркы ыйык китеп болгон Курани Каримге шайкешкен айрым жерлерин да байкоого болот.
Жөөттөр жана христиандар кошулуп «китептүүлөр» ( Ахли китаб) деп да аталат. Кээбир мусулман аалымдар ыйык китептеринин башаты күмөн болгон мажусийлерди ( отко сыйынуучулар) да китептүүлөрдүн катарында карашкан.
Ал эми ыйык кабарга таянбаган диндер болсо, туура эмес башаттардан келип нуктан чыккан, адамдар жагынан бардыкка келтирилген «жасалма» диндер болуп саналат.
Айрыкча айтып өтүүгө тийиштүүсү, медитация, йогизм жана теңирчилик сыяктуу диний түс алган айрым топтор жана уюмдар түпкүлүгүндө эч бир пайгамбарга, эч кандай ыйык кабарга таянбагандыктан, аларды дин катары эсептөөнүн кажети жок.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны