Адеп Башаты » Макалалар » АДЕПТЕН АДАБИЯТКА КАРАЙ КЕТКЕН ЖОЛ

АДЕПТЕН АДАБИЯТКА КАРАЙ КЕТКЕН ЖОЛ

АДЕПТЕН АДАБИЯТКА КАРАЙ КЕТКЕН ЖОЛ
АДЕПТЕН АДАБИЯТКА КАРАЙ КЕТКЕН ЖОЛ

Адеп, сылыктык, төрөпейилдик, уялуу жана урмат көрсөтүү...сыяктуу маанилердин жалпы аталышы. Жакшы-жаман, ачуу-таттуу баардык окуяларда төрөпейилдик жана токтоолук кылуунун коомдо баардык инсандарга жылуу мамиле кылуу, башкаларды таарынтып алуудан сактануу, чөйрөнүн абалына жараша сөз айтуунун башка бир аталышы.
Адам баласынын, баардык жаман адаттардан алыс болуусу жана жашоосун улуу сапаттардын негизинде жашоосу адеп тууралуу башка бир аныктама..табигыйлыкты сактоо менне бирге сөз, жүрүм-турум жана кыймыл-аракеттердин сылыктыгы адептин дагы бир жоромолу.. кайсыл сөздү кандай жерде, кимден кимге карата кандай жол менен айтыла тургандыгы дагы адеп деген сөздүн адабиятка ачылган терезеси деп айтууга боло турган бир тарабы.

Кандай мааниде болсо дагы, урмат көрсөтүлө турган улуу адамдар деңгээлдерине карата түрдүү;
Алланын алдындагы адеп, жүрөктүн Ага берилүүсү, ар дайым Аны көрүп тургандай же Ал тарабынан көрүлүп тургандыгын сезүү менен кыймыл-аракет жасоо, сезим жана эрктин ар дайым Алла ыраазычылыгы багытында болушу, Анын каарына калтыра турган кыймыл-аракеттерден мүмкүн болушунча, алыс туруу керек. Адам баласы, ички дүйнөсүнө катылуу болгон сүйүү, урмат кылуу сезимдеринин Аллага багытталуусу деп аныктама берилген.
Пайгамбарыбыз Мухаммедке (с.а.в.) карата адеп, Анын бизди Аллага алып бара турган жалгыз жол башчы экендиги туура окулуп, жакшы изилдениши, Ал Затка баш ийүүнүн Аллага баш ийүү болуп эсептелгендигин билүү жана оболу Аллага, андан кийин Пайгамбарыбызга (с.а.в.) баш ийүү менен, ар бир иште анын жолунда болуу. Кененирээк ачыктай кетсек, Ал жоопкерчиликти сезе билген, руханий дүйнөсү терең, салабаттуу инсан эле. Ал ар бир кыймылы менен Алланы эстетип турчу, отуруп-турушу, күлгөнү, ыйлаганы менен башка ааламдардан көп нерселерди чагылдырып берип, инсандардын жүрөктөрүн толкутчу. Ал мойнуна жүктөлгөн милдетти жана өз ордунун талабын жакшы сезип-билчү. Аллага болгон кулчулугу жана ага карата оопалуулугу менен башка ааламдарда жетилбей турган бийиктиктерге жете алды, инсандык чекти ашып өттү, бирок башы айланып, көз-карашы өзгөрбөдү жана Аны багыт алды жана үммөтүнүн бактылуулугун тиледи.
Ал жаратылыштын мазмуну жана пайгамбарлардын улуусу болгондой эле, колундагы китеп дагы мурда түшүрүлгөн китептердин корутундусу сыяктуу.Ал улуу Зат өткөн пайгамбарлардын адеп, урматы менен Аллага дуба кылчу эле. Учуру келгенде, Азирети Масийх сыяктуу үн салып: “Эгерде аларды жазаласаң, алар Сенин кулдарың, эгер кечирсең Азиз жана Хакийм болгон Сенсиң” деп, учуру келсе, Азирети Ибрахийм сыяктуу кол жайып, жалбарат: “Раббим, ал буттар көптөгөн адамдарды жолдон азгырды. Демек, ким мени ээрчисе, дал ошол менде (тактап айтканда: менин динимде). Ким мага моюн сунбаса, дагы Өзүң Кечиримдүү, Мээримдүүсүң (тактап айтканда, андай адамдарды да Акыйкат Жолго баштоого кудуретиң жетет) . Ибрахийм 36 жана Алланын алдында турганда адепке өтө көңүл бурчу.
Негизинде, эгер назар салынчу болсо, башка пайгамбарлардын дагы ошондой сылык экендиктерин көрүүгө болот. Алар дагы Аллага жүз бурууларында, ибадат, кулчулуктарында жана башка мамилелеринде өтө адептүү эле. Азирети Ибрахийм (а.с.) ооруларды берүүчү ким экендигин билип турса дагы, жагымсыз иштерди Алла Таалага таңуулоо сактануу ою менен: “Ооруганымда Ал мага шыпаа берет” деп, адеп менен айтуусу.. Азирети Мусанын (а.с.): ачка, суусаган абалда бир көлөкө жерде эс алып отуруп, “Жедирип, ичир, курсагымы тойгуз” деп айтуунун ордуна, “Раббим! Сен бере турган баардык неьматка муктажмын” деп айтуусу, урмат-сыйдын белгиси. Азирети Адам (а.с.) аябай оор тагдырга дуушар болгондо, “Мага ушундай тагдырды жаздың” деп айтуунун ордуна, “Эй Раббибиз! Биз өзүбүзгө зулум кылдык. Эгер, мээрим кылып, күнөөлөрүбүздү кечирбесең, анда жоготууга учураарыбыз анык!”деп сыздашы, анын тарбиясынан. Азирети Аййуб (а.с.) оор баге дуушар болгондо “Ден соолук берип, мени бул кыйынчылыктардан куткар” деп айтуунун ордуна “Эй Рабби! Мага оор зыян келди, Сен мээримдүүлөрдүн эң Мээримдүүсүсүң” деп айтуусу, улуу адептүүлүгүнөн кабар берип турат.
Кыскасы, Азирети Маулана айткандай, Куран толугу менен деп болуп саналат: Аллага карата адеп, Пайгамбарга жана пайгамбарларга карата адеп, жана деңгээлине жараша баардык инсандарга карата адеп. Куран момундарга кайрылып: “Эй момундар, силер Алла жана Анын пайгамбарынын алдында (тактап айтканда экөөнүн уруксатысыз кандайдыр сөз, же ишке) кадам баспагыла! Жана Алладан корккула! Албетте Алла Угуучу, Билүүчү. Эй момундар, (кылган жакшы) иштериңер өзүңөр сезбеген абалыңарда бекер-бейпайда болуп калбастыгы үчүн силер (пайгамбар менен сүйлөшкөн учурларыңарда) үнүңөрдү пайгамбардын үнүнөн жогору көтөрбөгүлө, жана ага бири-бириңерге ачык (орой сөз) кылгандай ачык-орой сөз кылбагыла! (Хужурат-1-2) деген буйругу менен бирге, уруксат сурабастан жанынан кетпөө, Ага баш ийүүнү Аллага баш ийүү деп билүү, Алла сүйүүсүн Ага баш ийүү менен байланыштуу деп таануу сыяктуу сөздөр, Пайгамбарыбызга (с.а.в.) карата адеп менен мамиле кылууга болгон чакырык. Курандын буйруктары жана туура жолго баштоолорунун негизинде, ар бир момун, адеп каарман жана ар бир инсанга бул чакырыктын тиешеси бар. Ата-энеге карата адеп, аалымдарга карата адеп андан кийин баардык мекендештерге жана жалпы адамзатка карата урмат-сый жана адеп, мусулмандыктын талабы болуп эсептелет. Куран жалпы бул адептердин туптунук жалгыз булагы, сөздөрү каухардан дагы баалуу болгон Пайгамбарыбыз (с.а.в.) анын теңдешсиз жашап көрсөтүүчүсү. Ал, “Мен улуу адеп-ахлактарды толуктоо үчүн жиберилдим”, “Менин көз карашымда, силердин эң сүйүктүүңөр жана кыямат күнү мага жакын боло турганыңар, адеп-ахлагы эң жакшы болгонуңар”, “Ыйманы толук мусулман, адеп-ахлагы жакшы болгон мусулман” деген сыяктуу жүздөгөн нурдуу сөздөрү менен, бул нерсени ачыктайт жана бизге адептин эң улуу нерсе экендигин көрсөтөт.
Биз, жалпы адамзат, жакш-жаманды бири-биринен айырмалай алып жаткан болсок, бул дагы Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) бизге жол көрсөткөнүгүнүн арты менен болууда. Эгер, кимдир бирөөлөрдө адептин изи болсо, ал дагы Пайгамбарыбызга таандык. Чынчылдык, аманатты сактоо, моралдык тазалык жана оопалуу болуубузда Анын сөздөрүнүн таасирин байкоого болот. Жаман адаттардан алыс болуу, күнөөгө кирбөө дагы Анын ички дүйнөбүздө жаңырган нурдуу баяндарынын мөмөсү.
Бул таза булактардан оргуштаган адеп түшүнүгү, элибизге сиңип, адамдарыбыздын табиятына айланган. Отуруп-турушубузда, бири-бирибиз менен болгон мамилелерибизде, ой-пикирлерибизди билдирүүбүздө бул нерсе байкалат. Негизинде, ал, чыныгы инсан болуунун эң маанилүү ортомчусу жана Улуу Жаратуучунун адам баласына тартуулаган бааалуу белеги. Элибиз бул белекти баалай алды, кыймыл-аракеттерин ушул нерсеге негиздеди жана анын арты менен улуу маданиятка ээ болду. Андай адептин чөйрөсүндө бышып-жетилген адабият башкача болуусу мүмкүн эмес. Ал дагы адептин Алланы тааныткан тили болуп, уккан адамдарга Алланы сүйдүрүүсү керек эле. Адам баласынын көңүлүн жаратылыштагы кооздуктарга бурдуруп, жүрөктөрдү Сулуулардын Сулуусу болгон Улуу Жаратуучунун жамалын чагылдырып турган жаратылыш кооздуктары менен толкутуусу керек эле. Инсан, жаратылыш жана андагы нерселер Алланы чагылдырып турушу керек жана баардык нерсе Аны көрсотүп тургандай, баардык сөз, баардык баяндамаларда Анын кошо кетүү зарыл. Анын мээриминин чексиздиги жүрөктөрдө сүйүү; улуулугу сүр; Анын жакындыгы жүрөктөрдөгү Ага болгон сүйүүлөрдү күүгө салмакчы эле. Биздин жетимсирегендей кайгыларыбыз келечекте Ага жолугуу жана Анын жамалын көрүү кубанычы менен жоюлуп, убактылуу кусалыктарыбыз түбөлүк кубанычтын кайрыктары менен үнгө салынышы керек...
Ал чөйрөнүн адамы, жаратылышка назар салганда, анын артындагы сырларды дагы сезип, жаратылышты бир китеп сыяктуу карап, талдоосу, андагы баардык нерсени дос, жолдошо сыяктуу кабыл алышы керек. Пайгамбар (а.с.) материалист дагы натуралист дагы эмес эле. Ой жүгүртүүсү жана жоромолдоолору, баардык нерсенин артында турган Кудурети Чексиз Зат үчүн болчу. Көргөндөрүн даана көрүп, баардык нерсени коштой Аллага карай багыт алчу. Ал убактылуу ылаззатка берилбей, кайгыларга алдырбай, бүгүнкү насиптерин эртеңкинин, берилгендерди бериле турган авансы катары кабыл алып.
Биздин дүйнөбүздө адабият, баардык бул кооздуктардын сөз жана жазуу менен баяндалышы деп аныктама берилген. Узак убакыттар бою дастандар ушул туурасында айтылып, икая жана роман сыяктуу нерселер акыйкат менен алыстан, жакындан болгон байланыштарын сактоо менен өнүгүп, өскөн. Жалпы карапайым калк же жана эл жакшылары баяндоо усулу менен кылымдар бою өткөн муундардын адабий мурастары кийинки муундарга өткөрүлүп берилүү менен башка элдердин адабиятына муктаж кылбагандай байлык болуп берген.
Бирок биз ал байлыктын баалуулугун сезе алдыкпы же башаты адеп болгон бүгүнкү адабиятыбыз менен мамилебиз кандай? Мен бул маселени адабият таануучу илимпоздорго тапшыруу менен Бадиуззаман айткандай, “Адабиятчылар адептүү болушу керек.” деп бул теманын аягына чыгам.
Поезия
Поезия жүрөк, сезимдердин тили менен адамзат маңызынын жана анын сүйүү, толкундануу, кайгы, кубанычтарынын; жаратылыш жана руханий ааламды сезе билүү жана .............
Ооба, эгер кээ бир адамдар жаратылыштын бизге көрүнбөгөн тарабынан, руханий ааламдан кабары жок, кээ бирөөлөрү көкүрөгү сокур, кээ бирөөлөрү көргөн нерсесине гана ишенген материалист сокурлар. Мына ушул адамдардан түшүнүктүү-түшүнүксүз көп сөздөр чыгат.
Ооба, эгер бир акын билип-түшүнүп туруп ишеним, көз карашына карама-каршы кыялдардын артынан чуркабаса ал бир нерсе жазуу жана бир нерсе сүйлөөдөн мурда жан дүйнөсүнүнүн өкүмүнө карайт жана өз сезимдерин, өз ишенимдерин айтат. Негизинде, башка баардык өнөр тармактары тууралуу дагы ушул эле нерселерди айтууга болот.
Ошондуктан, жан дүйнөнүн түпкүрүнөн оргуп чыккан ырлар аны уккан адамга катуу таасир калтырат. Ушул себептен, анын сыртка чыгышы дагы ар түрдүү болот; кээде тизмектелген сөздөр, кээде бир канча тамчы, кээде толуп-ташкан кубаныч же жүрөк эзген кайгы, кээде ..... Кандай болсо дагы, ырда негизги нерсе; мазмун, маани жана түшүнүктөрдүн оболу адам баласынын ички дүйнөсүндо бышып жетилип, андан кийин туптунук жамгыр тамылары сыяктуу сөз абалында кагаз беттеринен орун алуусу. Ооба, жан дүйнө жаңырыгы болуп, инсандын ички дүйнөсүндө пайда болбогон сөздөр өтө көркөмдүү жана чебердик менен айтылса дагы, сырткы мааниси менен баш айландырса дагы ичи бош болуп эсептелет.
Жакшы бир ырдын укмуштугу, тилге, оозго байланыштуу жактары менен эмес; жан дүйнө жаңырыгы, көңүл кайрыктары жана акындын ишеним, ой-пикир жана сүрөттөөсүнүн чагылуусу болгондугунда. Жакшы бир акын, ырларын чечен тилдүүлүгү менен эмес, сезимталдыгы, ышкысы жана кызыгуусу жана жоромолдоосунун күчтүүлүгүнүн негизинде жаратат..
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны