Адеп Башаты » Макалалар » ТАЛАШ-ТАРТЫШ ЖАНА ПИКИР КЕЛИШПЕСТИК

ТАЛАШ-ТАРТЫШ ЖАНА ПИКИР КЕЛИШПЕСТИК

ТАЛАШ-ТАРТЫШ ЖАНА ПИКИР КЕЛИШПЕСТИК
ТАЛАШ-ТАРТЫШ ЖАНА
ПИКИР КЕЛИШПЕСТИК

Белгилүү эрежелерге баш ийүү менен эки тараптын бир акыйкатты ачыктоо максатында пикир алмашуу, эки же андан көп адамдардын бир маселени туура талкуулоо менен акыйкатка жетүү аракети, Куран жана сүннөттөгү талкуу усулуна ылайык келет. Ошондуктан, мындай көрүнүштө иш жүзүнө ашырылган пикир алмашууну “Куранга ылайыктуу” деп айта алабыз. Учурубузда түрдүү жерлерде жүрүп жаткан жана көпчүлүгүбүз күбө болгон талкууларды талкуу жана пикир алмашуу эмес, талаш-тартыш, жалган күбөлүк деп айтуу туура болот. Андай көрүнүштөгү талаш-тартыштарда, бир маселенин акыйкатына жетүү үчүн эмес, бул талаш-тартышка катышкан адамдар өздөрүнүн көз-караштарын башкаларга кабыл алдыруунун аракетинде болот. Мындай учурда атаандаштар, чечендик жана логика оюндарын колдонушат, атаандашын уяткаруу ...сыяктуу жарашыксыз нерселерди издейт жана акыйкатка жетүүгө аракет кылышпайт. Бул талаш-тартыштарда инсандар шахмат ойноп жаткандай бири-бирин мат кылуу, кемсинтүү менен бири-бирин жеңүүгө аракет кылышат. Мындай талаш-тартышкарды пикир алмашуу жана талкуу эмес, кемакыл адамдардын талаш-тартышы деп айтууга болот.

Биз көпчүлүк убакта күбө болгонубуздай, андай талаш-тартыштарда, оздөрүнүкүн туура көрсөтүү үчүн, шариятка туура келген жана келбеген баардык жолдорду колдонушат. Андай талаш-тартыштарга катышкан тараптар бири-бирин угуп жаткандай көрүнсө дагы, чындыгында, алар бири-бирине кулак салбай эле, атаандашынын пикир жаңылыштыгын издеп, сөзүнөн кармоо менен өзүнө кезек келгенде, аны жерден алып, жерге урууну пландап отурат. Ошондуктан, андай адамдар, канааттанышса дагы, негизсиз ой-пикирлерин, урандыга айланган караштарын калыбына келтирүүгө аракет кылышат, атаандашынын ой-пикирин кабыл албайт жана болгон күчү менен маектешинин алсыз жактарын таап, башкалардын алкышына ээ болууга аракет кылышат. Күткөн нерсесине жете алабы, жете албайбы, бирок, мындай талаш-тартыштарда көп убакыт коротушса дагы акыйкатка жетилбейт.
Ошону менен бирге, мындай талаш-тартыштарда душмандыктар күчөп, менменсинүүлөр чектен чыгып, жалпы чөйрө туура эмес сөздөр жана кыймыл-аракеттер менен кирдеген, инсандык баалуулуктар тебеленип, адамдардын ортосунда катуу таарынышуулар пайда болгон.
Биздин көз карашыбыз жана дүйнөлүк адамзат сындоосуна алынса, андай жолугушууларды талкуу эмес, диалектика деп айтууга болот.
Анда эмесе, бир-эки сүйлөм менен талкуунун ордун ээлеген диалектика тууралуу сөз ачуу туура болоор. Диалектиака, анык болбогон жана көп жолу күмөндүү сөздөргө, кээде жалган жана апыртмаларга барып такалган тартышуунун аты. Кээ бир ойчулдардын көз-карашы боюнча, диалектика, кандайдыр бир темада колго алынган жана тууралык ыктымалы бар пикирлердин ачыкталуусу жана корголуусу болуп саналат. Билимге алып бара турган, бирок, билимдин сыпаттарына ээ болбогон бир талкуу көрүнүшү деп айтылган сөз дагы диалектикага бир аныктама болуп эсептелет. Мындан башка дагы бир топ аныктамалар бар.
Чындыгында, биздин талашып-тартышуубуз, ар кайсыл бир темада ой жүгүртүүбүз өтө башкача жана толугу менен акыйкаттын өкүмү алдында жана акыйкатты жогору көтөрүү багытында ишке ашчу. Ал толугу менен биздин негизги маданий булактарыбызга байланыштуу өсүп-өнүккөн жана “талашып-тартышуу өнөрү” деген ат менен белгилүү болгон бир топ дициплиналардын айланасында жаралган. Бул дициплиналар боюнча акыйкат жогору коюлчу. Талашып-тартышкандар бири-бирин уят кылуусу эч убакта кездешчү эмес. Бири-бирин уят кылуу мындай турсун, айтканы туура чыгып калган адам атаандашын уят кылуу дагы инсандык сапаттарга урматсыздык болуп саналчу. Негизинде ушундай дициплинадагы талаш-тартышта негизги нерсе акыйкатка жетүү болоор эле. Маселе диний болсо, шарият илимдерине көңүл бурулуп, талкуу ошого жараша жүрүп отурчу. Эгер маселе түрдүү илим тармактары менен байланыштуу болсо, маселенин өзөгүн түзгөн илимдерге таандык эрежелерге көңүл бурулчу. Мындай бир талкууларда, негизсиз, далилсиз ойлордон колдон келишинче оолак болуп, баардык нерсе чын маалыматтардын негизинде жүргүзүлүп жана талкуунун баардык бөлүгүндө акыйкатты жогору коюу оюна көңүл бурулчу. Эки тарап бири-бирине ачууланбай, талаш-тартыштын кызышкан учурунда дагы бири-бирине сый-урмат менен мамиле жасап, атаандашынын өз оюн айтуусуна мүмкүндүк берчү. Эч бир убакта, бирөөнү басынтып, тоотпостук кылып, аны шылдыңдачу эмес жана ар дайым мусулманча кеңпейилдүүлүктү жана толеранттуулукту көрсөтчү.. аттиң ошол күндөр кайда кетти..!
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны