Адеп Башаты » Макалалар » Кеңешүү

Кеңешүү

Кеңешүү
Кеңешүү – акыл – ойлордун тогошуусу деген сөз. Акылдуу адамдар жыйналып, бир ишти баштамакчы болушса, ал иш тууралуу акылдашып жакшы пикир алышат жана анын акыбетин ойлошот.


Кеңешүү – кандайдыр иште ийгиликке же жакшы натыйжага жетүү үчүн башка бирөөлөр, айрыкча адис адамдар менен масилеттешүү, акылдашуу, алардын ой-пикирин билүү, насаат кеңешин алуу дегенди билдирет. Улуу Жараткан Эгебиз Ыйык куранда: «Алар үчүн (Алладан) кечирим сурагын! Анан да (жасай турган) иш тууралуу алар менен кеңешкин!» - деген аяттарда, кеңешүү – бул момун мусулмандар бир ишти баштаардан мурун сөзсүз түрдө башка бирөөлөр менен масилеттешип, акылдашуу аябай зарыл болгон маанилүү принцип экендигин айткан.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Азирети Абу Бакр менен Азирети Умарга (радияллаху анхума) карап: «Силер өз ара кеңешип, бир чечимге келсеңер, мен да силерге каршы болбоймун», - деп, кеңешүүгө зор маани бере тургандыгын билдирген. Кеңешкен адамдын такыр бушайман болбой тургандыгын айткан Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) өз үммөтүн дайыма өз ара кеңешүүгө, акылдашып-масилеттешүүгө үндөп келген. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) өзү да Бадр согушунда Абу Суфяндын келгендигин билер замат кандай чара көрүү зарыл экендиги тууралуу ансарлар (мадиналык сахабалар) менен кеңешкен. Ошондой эле айрыкча Бадр согушунан түшкөн туткундардын маселеси, Ухуд жана Хандак согуштары тууралуу, Худайбияда жалган жалаа маселеси жөнүндө, азан тууралуу, кыскасы, көптөгөн маселелер тууралуу сахабалар менен кеңешип акылдашкан.
Өзүнүн куттуу хадистеринин биринде: «Иштерин өз ара кеңешип жасаган эле бетпактыкка түшпөйт», деп айткан Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) кандайдыр бир иште жалгыз адам жаңылганы менен, пикири туура боло тургандыгын билдирген.
Кеңешүүнү, акылдашып-масилеттешүүнү Алла Тааланын буйругу, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) сүннөтү катары карап, бул маселеге аябай маани берүү керек. Ата-бабабыз да «улуу сөзгө кулак салган, улуу тоолордуашат», «акыл- акылдан жогору турат», «акылдашкан дал кесет, акылдашпаган кем кесет» деп, кеңешүүнүн зарыл экендигин кыска жана нуска тааризде айтып өтүшкөн.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны