Адеп Башаты » Жаңылыктар » Диний мекемелер арасындагы спорттук мелдеш

Диний мекемелер арасындагы спорттук мелдеш

Муратаалы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган ынтымакты, биримдикти чыңдоо максатында уюштурулган спорттук мелдеш.

Муратаалы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган ынтымакты, биримдикти чыңдоо максатында уюштурулган спорттук мелдеш “Адеп башаты” коомдук прогрессивдүү фонду тарабынан 7-май күнү Байтик айылында жайгашкан “Кут Билим” окуу-тарбия комплексинде болуп өттү.
Бир нече жылдан бери уланып келаткан спорттук мелдешке, волейбол жана футбол боюнча жалпы 15 диний мекемелер катышты:
1. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы;
2. Кыргызстан Ислам Университети;
3. И. Арабаев атындагы теология факультети жана колледжи;
4. Арашан теология факультети;
5. Борбордук мечит;
6. “Асыл кенч” коомдук фонду;
7. “Азхария” билим борбору;
8. Аян ТВ;
9. Куран Нуру медресеси;
10. Хазирети Осмон медресеси;
11. Көлмө медресеси;
12. Абдулла бин Аббас медресеси;
13. Аль-Фарук медресеси;
14. Мааткабыл уулу Шаршенбай ажы медресеси
15. “Адеп башаты” коомдук прогрессивдүү фонду;
Спорттук иш-чарага ар-бир диний мекемеден мугалимдер жана студенттер жалпысынан 36 команда катышты. Баардык мелдештин жеңүүчүлөрүн аныктап кубок, мактоо баракчалары жана акчалай сыйлыктар берилди.
Футбол боюнча мугалимдер тайпасынан:
1-орун “Азхария” билим борбору
2-орун: Кыргызстан Ислам Университети
3-орун: И.Арабаев атындагы теология факультети жана колледжи
Футбол боюнча студенттер тайпасынан:
1-орун “Аль-Фарук” медресеси
2-орун: Мааткабыл уулу Шаршенбай ажы медресеси
3-орун: “Көлмө” медресеси
Футбол боюнча мыкты дарбазачы:
Ниязов Бакыт жана Сатаров Муса
Футбол боюнча мыкты оюнчу: Юлдашев Акмал менен Мурат уулу Урмат

Волейбол боюнча мугалимдер тайпасынан:
1-орун “Адеп башат” коомдук фонду
2-орун: “Асыл кенч” коомдук фонду
3-орун: “Арашан” теология факультети
Волейбол боюнча студенттер тайпасынан:
1-орун Мааткабыл уулу Шаршенбай ажы медресеси
2-орун: “Көлмө” медресеси
3-орун: “Арашан” теология факультети
Волейбол боюнча мыкты чабуулчулар:
Базарбай уулу Шергазы, Акмат уулу Идирис жана Эрматов Арип агай.

Салтка айланган мелдештин кезегин фондубуз ушул эле жылы күз айларында боло турган Кара-Балта шаарындагы Хазрети Усман Ислам институтуна өткөрүп берди.

Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны