Адеп Башаты » Жаңылыктар » Адеп башаты » Викторина #1

Викторина #1

Викторина #1

Викторинанын жеңүүчүсү Тилеков Азим, АУЦАнын 2-курсунун студенти.

Ассалаам алейкум! Урматтуу мекендештер, Викторина аяктады, жеңүүчүлөр төмөндөгүчө аныкталды!

1.орун - Тилеков Азим, Ислам негиздери 1,2,3.
2.орун - Райымбеков Айтмамат, Сүйүктүу пайгамбарыбыздын өмүр баяны
3.орун - Гүлмайрам эже, Абу Ханифа китеби

Суроолор :
1. Ислам деген эмне?
2. Ислам дининин Пайгамбары?
3. Ислам дини канчанчы кылымда, кайсы жерде пайда болгон?
4. Исламдын беш негизи...
5. Төрт периштенин аттары...
6. Төрт ыйык китептин аттары...
7. Төрт халифанын аттары...
8. Төрт мазхабтын аттары...
9. Исламдагы эң ыйык үч мечит кайсылар?
10. Исламдагы эң биринчи курулган мечит?
11. Эң биринчи азан айткан сахаба?
12. Исламдагы эки майрамды ата?
13. Курани Карим Пайгамбарыбызга канча жылда түшкөн?
14. Эң биринчи мусулман болгон киши, аял, жаш бала?
15. Эң көп мусулмандар жашаган өлкө?

Жооптор :
1. Ислам бул Алла Тааланын Мухаммад пайгамбарга (САВ) жиберген дини. Ислам бул Алла Тааланын жалгыз экенине жана Мухаммад пайгамбар (САВ) анын элчиси экенине күбөлүк берүү, парз кылынган 5 маал намаз окуу, ыйык Рамазан айында орозо кармоо, зекет берүү жана мүмкүнчүлүгү болсо өмүрүндө бир жолу Хаджга баруу.
2. Мухаммад (САВ)
3. 7-кылымда Араб жарым аралында, Меккеде.
4. 1.Шахадат келимеси, 2.Парз болгон 5 маал намаз окуу, 3.Зекет берүү, 4.Ыйык Рамазанда орозо кармоо, 5.Хаджга баруу.
5. а.Жабраил, б.Азраил, в.Микаил, г.Исрафил.
6. а)Тоорат б)Забур в)Инжил г)Куран Карим
7. 1-Абу Бакр 2-Умар 3-Усман 4-Али
8. 1.Имам А'зам, Абу Ханифа 2.Имам Шаафи 3.Имам Малик 4.Имам Ахмад ибн Ханбал
9. 1-Харам мечити, 2-Пайгамбарыбыздын мечити(Масжид Ан-Набавий), 3-Аль-Акса мечити
10. Куба мечити
11. Билал (р.а)
12. Орозо айт жана Курман айт.
13. 23 жылда
14. Абу Бакр(р.а), Хадижа(р.а), Али(р.а)
15. Индонезия.

Шарттары :
1. Жоопторду төмөнкү дарек боюнча жөнөтүңүз adepbashaty@gmail.com
2. 15 суроого биринчи болуп так жана толук жооп берген киши биринчи орунга ээ болот.
3. 2-3-орундар жооптун берилиш убыктына жана толуктугуна жараша аныкталат.
4. Жооптор 7-ноябрдын кечки 22:00гө чейин кабыл алынат
5. Так эмес жооптор туура эмес деп эсептелинет, катышуучудан бир жолу гана жооп алынат.
6. Жоопко кошуп аты-жөнүңүздү тел. номериңизди жазыңыз.
7. Жэңүүчүлөр 10-ноябрь күнү аныкталынып, сыйлыктар биздин офисте ыйгарылат, жэңүүчүлөр тизмеси сайтка чыгарылат. Жеңүүчүлөргө биз телефон чалабыз, биздин дерегибиз: Калык Акиев көчөсү 124а, телефон: 0312340265, 0708255442, 0551034180

Викторинага катышканыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз, кийинки викторинага даярдык көрүңүздөр, жакынкы арада убактысын сайтта белгилейбиз.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны