Адеп Башаты » Жаңылыктар » Адеп башаты » Куран жарышы Бишкек шаарында

Куран жарышы Бишкек шаарында

Куран жарышы Бишкек шаарында

28-февралда Бишкек шаарындагы 12-микро райондо жайгашкан “Аиша эне” атындагы мечитинде “Адеп Башаты” коомдук прогресивдүү фонду тарабынан уюштурулган республикалык V Куран Карим жарышына Чүй облусу жана Бишкек шаарындагы мечит-медреселерден келип катышкан карылырга тандап алуу турун өткөрдү.

Куран жарышы Бишкек шаарында
Куран жарышы Бишкек шаарында
Куран жарышы Бишкек шаарында


Республикалык V Куран жарышы Алла Тааланын сөзү болгон Ыйык Куран Карим окуу менен башталып, эли-жерибизге жана жалпы момун-мусулмандарга дуба-тилек кылынды.

Бул жарыштын ачылышына Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Замир кары Ракиев, Аалымдар кеңешинин төрагасы жана Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдушукур Нарматов, Кыргызстан аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраевдер катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Жана ошондой эле Куранга болгон урмат, куран жаттоонун орду, фазилети жана улуктугу тууралуу кызыктуу баян кылышып, катышуучуларга ийгилик каалашты.

Калыстар тобунда белгилүү карылар жана аалымдар - Рахматулло кары, КИУнун мугалими Шамсуддин кары, Жыргал кары, Ибрахим кары, Абдулхаким кары, Хабибулло кары, Фазыл кары, жана Хукмидин карылар болушту.

ЖАРЫШ ҮЧ ТҮРДӨ ӨТКӨРҮЛДҮ:
1. Куранды толук жаттагандар (30 пара) боюнча.
2. Курандын 1/3 бөлүгүн жаттагандар (10 пара) боюнча.
3. Куранды көркөм окуу (хуснул кыраат) боюнча.

КАЛЫСТАР ТОБУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
Бүгүнкү Чүй жана Бишкек шаарынандагы мечит-медреселерден келген карыларды ( окуучуларды) тандап алуу жарышынын аягында, адилеттүү калыстар тобунун чечими менен төмөндөкүдөй жыйынтык чыгарылып, 1- 2- 3 - орундар аныкталды:

Куранды толук жаттагандар (30 пара) ;
1-орун Умаров Мухаммед Али / «Куран Нуру» институту
2-орун Юнусов Аммар / «Имам Бухари» атындагы медресеси
3-орун Жарматов Нур Мухаммед / «Абдуллах ибн Аббас» атындагы медресеси

Курандын 1/3 бөлүгүн жаттагандар (10пара);
1-орун Саттаров Инаятулло / «Расул-Акрам» атындагы медресеси
2-орун Анарбай уулу Абдулхади / Умар ибн Хаттаб атындагы медресеси
3-орун Каримов Ислам / «Рахматулло» атындагы медресеси

Куранды көркөм окуу (хуснул-кыраат)
1-орун Турдалиев Бурхан / «Муса каары» атындагы медресеси
2-орун Ноолаев Мухиддин / Умар ибн Хаттаб атындагы медресеси
3-орун Темирбек уулу Исмаил / «Абдураим кары» атындагы медресеси

Жарыштын аягында 30 парадан 1-орунду алган Умаров Мухаммед Али жана 2- орунду алган Сабуров Исматулло карыларыбызга,ал эми 10 парадан 1- орунду алган Саттаров Инаятулло жана көркөм окуудан 1-орунду ээлеген Турдалиев Бурхан карыларыбызга акчалай сыйлык жана 12- мартта өтө турган Республикалык 5- Куран Карим финалдык жарышына диплом түрүндө жолдомо алышты.

Бул жарышты төрт жылдан бери уюштуруп келген “Адеп Башаты” коомдук-прогрессивдүү фондунун мүдүрү Маматжанов Жумадыл Куран жарышты жыйынтыктап, жаттаган Кураныңыздар жат болсун, мындан өткөн нимат жок. Куранды Аллах жаттаткан соң Куранга ылайыктуу жашап өтүүнү насип кылсын. Жаттагандар көбөйгөн сайын мекенибизге Аллахтын рахматы жаап турсун деп тилеп, жалпы катышкан карылырга жана кара кылды как жарган калыстар тобуна терең ыраазычылык сөзүн билдирди.

12-мартта Республикалык V Куран Карим финалдык жарыш Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясында өткөрүлмөкчү.
Фондубуз ар жылы уюштуруп келе жаткан бул жарыш, элибизге Куранды таанытуу, жайылтуу, сүйдүрүү жана жаштарды Куранды окуп, үйрөнүүгө кызыктырууга үндөйт.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны