Адеп Башаты » Жаңылыктар » Адеп башаты » Куран жарышы Ош шаарында

Куран жарышы Ош шаарында

Куран жарышы Ош шаарында
“АДЕП БАШАТЫ” ФОНДУ 5-РЕСПУБЛИКАЛЫК КУРАН КАРИМ ЖАРЫШЫНА ОШ ОБЛУСУ БОЮНЧА ТАНДАП АЛУУ ТУРУН ӨТКӨРДҮ
28-февралда Ош шаарындагы “Имам аль-Бухарий Алай” атындагы мечитинде “Адеп Башаты” коомдук прогресивдүү фонду тарабынан уюштурулган Республикалык V Куран Карим жарышына Ош облусу жана Ош шаарындагы мечит-медреселерден келип катышкан карылырга тандап алуу турун өткөрдү.

Куран жарышы Ош шаарында
Куран жарышы Ош шаарында
Куран жарышы Ош шаарында

Бул жарыштын ачылышына Ош облусунун казысы Ниязали Арипов жана Ош шаарынын Сулайман тоо мечитинин имамы Убайдулла ажы Сарыбаевтер келип катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышып катышуучуларга ийгилик каалашты..
ЖАРЫШ ҮЧ ТҮРДӨ ӨТКӨРҮЛДҮ:
1. Куранды толук жаттагандар (30 пара) боюнча.
2. Курандын 1/3 бөлүгүн жаттагандар (10 пара) боюнча.
3. Куранды көркөм окуу (хуснул кыраат) боюнча.
КАЛЫСТАР ТОБУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
Бүгүнкү Ош облусу жана Ош шаарынандагы мечит-медреселерден келген карыларды ( окуучуларды) тандап алуу жарышынын аягында, адилеттүү калыстар тобунун чечими менен төмөнкүдөй жыйынтык чыгарылып, 1- 2- 3 - орундар аныкталды:
Куранды толук жаттагандар (30 пара):
1-орун Ахмедов Абдурахман / «Ош шаары» Ош шаары 2-орун Сайназаров Айатулла / «Атаназар каары» медресеси. Ноокат 3-орун Кадыркулов Мухаммадамин / « Ош шаары » медресеси. Ош шаары 4-орун Розуев Абдулбаки / « Ат-Тирмизи » медресеси. Ноокат
Курандын 1/3 бөлүгүн жаттагандар (10пара):
1-орун Азимов Мухаммадюусуф / «Кара суу» медресеси. Кара суу 2-орун Салимбаев Равшан / «Абдулла бин Ауф» медресеси. Кара суу 3-орун Эргашов Абдурахман / «Ислам Нуру» медресеси. Кара суу
Куранды көркөм окуу (хуснул-кыраат):
1-орун Таабалды уулу Рамазан / « Абдураим каары» медресеси. Өзгөн 2-орун Сабиров Ахунжан / «Абдулхари кары» медресеси. Араван 3-орун Назиров Дилмурат / «Абдулхари кары» медресеси. Араван
Жарыштын аягында 30 парадан 1-орунду алган Ахмедов Абдурахман жана 2- орунду алган Сайназаров Айатулла карыларыбызга,ал эми 10 парадан 1- орунду алган Азимов Мухаммадюусуф жана 2- орунду алган Салимбаев Равшан карыларыбызга. Көркөм окуудан 1-орунду алган Таабалды уулу Рамазан карыларыбызга акчалай сыйлык жана 12- мартта өтө турган Республикалык 5- Куран Карим финалдык жарышына диплом түрүндө жолдомо алышты.
Бул жарышты төрт жылдан бери уюштуруп келген “Адеп Башаты” коомдук-прогрессивдүү фондунун Оштогу филиалынын мүдүрү Абы уулу Дауд Куран жарышты жыйынтыктап, сөз сүйлөп Жаттагандар көбөйгөн сайын мекенибизге Аллахтын рахматы жаап турсун деп, жалпы катышкан карылырга жана кара кылды как жарган калыстар тобуна терең ыраазычылык сөзүн билдирди.
12-мартта Республикалык V Куран Карим финалдык жарыш Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясында өткөрүлмөкчү. .
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны