Адеп Башаты » Жаңылыктар » Адеп башаты » “АДЕП БАШАТЫ” ФОНДУ 5-РЕСПУБЛИКАЛЫК КУРАН КАРИМ ЖАРЫШЫНА ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ БОЮНЧА ТАНДАП АЛУУ ТУРУН ӨТКӨРДҮ

“АДЕП БАШАТЫ” ФОНДУ 5-РЕСПУБЛИКАЛЫК КУРАН КАРИМ ЖАРЫШЫНА ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ БОЮНЧА ТАНДАП АЛУУ ТУРУН ӨТКӨРДҮ

“АДЕП БАШАТЫ” ФОНДУ 5-РЕСПУБЛИКАЛЫК КУРАН КАРИМ ЖАРЫШЫНА ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ БОЮНЧА ТАНДАП АЛУУ ТУРУН ӨТКӨРДҮ

4- Мартта ЖАЛАЛ-АБАД шаарындагы борбордук атындагы мечитинде “Адеп Башаты” коомдук прогресивдүү фонду тарабынан уюштурулган Республикалык V Куран Карим жарышына Жалал-абад облусу жана Жалал-абад шаарындагы мечит-медреселерден келип катышкан карылырга тандап алуу турун өткөрдү.

“АДЕП БАШАТЫ” ФОНДУ 5-РЕСПУБЛИКАЛЫК КУРАН КАРИМ ЖАРЫШЫНА ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ БОЮНЧА ТАНДАП АЛУУ ТУРУН ӨТКӨРДҮ
“АДЕП БАШАТЫ” ФОНДУ 5-РЕСПУБЛИКАЛЫК КУРАН КАРИМ ЖАРЫШЫНА ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ БОЮНЧА ТАНДАП АЛУУ ТУРУН ӨТКӨРДҮ
“АДЕП БАШАТЫ” ФОНДУ 5-РЕСПУБЛИКАЛЫК КУРАН КАРИМ ЖАРЫШЫНА ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ БОЮНЧА ТАНДАП АЛУУ ТУРУН ӨТКӨРДҮ


Бул жарыштын ачылышына Жалал-Абад облусунун казысы Закиров Абдулазиз каары келип, катышуучуларга: “Силердин жакшыңар Куранды үйрөнүп жана аны башкаларга үйрөткөнүңөр” деп сүйүктүү Пайгамбарыбыздын хадисин айтып жарышты ачып берди.жана Жалал-Абад областынын ички иштер башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Жоробек Мамаюнусович да келип куттуктоо сөздөрүн айтышып катышуучуларга ийгилик каалашты...

Жарыштын калыстар тобун Сабиров Сиражидин каары, Анарбаев Канжарбек жана Зухридинов Гуфронидин түзүштү.

ЖАРЫШ ҮЧ ТҮРДӨ ӨТКӨРҮЛДҮ:
1. Куранды толук жаттагандар (30 пара) боюнча.
2. Курандын 1/3 бөлүгүн жаттагандар (10 пара) боюнча.
3. Куранды көркөм окуу (хуснул кыраат) боюнча.

КАЛЫСТАР ТОБУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
Бүгүнкү Жалал-абад облусу жана Жалал-абад шаарынандагы мечит-медреселерден келген карыларды ( окуучуларды) тандап алуу жарышынын аягында, адилеттүү калыстар тобунун чечими менен төмөнкүдөй жыйынтык чыгарылып, 1- 2- 3 - орундар аныкталды:

Куранды толук жаттагандар (30 пара):
1-орун Нурулложанов Исамидин / «Сузак Жамии» медресеси Жалал-абад
2-орун Абдулхамидов Исламбек / «Сузак Жамии» медресеси Жалал-абад

Курандын 1/3 бөлүгүн жаттагандар (10пара):
1-орун Зайнабидин уулу Мухиддин / «Сузак Жамии» медресеси Жалал-абад
2-орун Камилжанов Мухтаридин / «Сузак Жамии» медресеси Жалал-абад

Куранды көркөм окуу (хуснул-кыраат):
1-орун Гуфрониддин уулу Закийидин / «Сузак Жамии» медресеси Жалал-абад

Жарыштын аягында:
30 парадан 1-орунду алган Нурулложанов Исамидин
2- орунду алган Абдулхамидов Исламбек карыларыбызга.

Ал эми 10 парадан
1- орунду алган Зайнабидин уулу Мухиддин.

Көркөм окуудан
1-орунду алган Камилжанов Мухтаридин

карыларыбызга акчалай сыйлык жана 12- мартта өтө турган Республикалык 5- Куран Карим финалдык жарышына диплом түрүндө жолдомо алышты.

Бул жарышты төрт жылдан бери уюштуруп келген “Адеп Башаты” коомдук-прогрессивдүү фондунун Жалал-абад филиалынын мүдүрү Куран жарышты жыйынтыктап, сөз сүйлөдү. Жаттагандар көбөйгөн сайын мекенибизге Аллахтын рахматы жаап турсун деп, жалпы катышкан карылырга жана кара кылды как жарган калыстар тобуна терең ыраазычылык сөзүн билдирди.

12-мартта Республикалык V Куран Карим финалдык жарыш Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясында өткөрүлмөкчү. .
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны