Адеп Башаты » Жаңылыктар » Адеп башаты » 12-мартта Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда “Адеп Башаты” коомдук прогрессивдүү фонду уюштурган республикалык V-Куран Карим жарышынын финалдык туру болуп өттү.

12-мартта Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда “Адеп Башаты” коомдук прогрессивдүү фонду уюштурган республикалык V-Куран Карим жарышынын финалдык туру болуп өттү.

12-мартта Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда “Адеп Башаты” коомдук прогрессивдүү фонду уюштурган республикалык V-Куран Карим жарышынын финалдык туру болуп өттү.

Республикалык 5-Куран Карим жарышы Египет араб мамлекетинен келген атактуу кары Шейх Махмуд Ат-Тухийдин куран окуусу менен башталды.
Андан сон Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажы жана “Адеп Башаты” фондунун жетекчиси Жумадыл Маматжанов сөз сүйлөп, катышуучуларга ийгилик каалашты.

12-мартта Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда “Адеп Башаты” коомдук прогрессивдүү фонду уюштурган республикалык V-Куран Карим жарышынын финалдык туру болуп өттү.
12-мартта Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда “Адеп Башаты” коомдук прогрессивдүү фонду уюштурган республикалык V-Куран Карим жарышынын финалдык туру болуп өттү.
12-мартта Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда “Адеп Башаты” коомдук прогрессивдүү фонду уюштурган республикалык V-Куран Карим жарышынын финалдык туру болуп өттү.

Бул конкурстун жүрүшүндө Кыргызстанда көп жылдардан бери Ислам-динине жана куранга кызматтарын кылып, көптөгөн шакирт-карыларды тарбиялаган, ислам дининин өнүгүүсүнө эли-жерибизге чоң салымдарын кошуп эмгеги синген атактуу аалымдарга белек-бекчек берилип, ыраазычылык билдирилди.
Аталган жарышка өлкөнүн 7 облусунан тандалып алынган 30 жеңүүчү катышты.

Калыстар тобунда; – Ракиев Замир кары, Муса кары, Зияудин кары, Анарбай кары, Абдуманап карылар болушту.

Финал үч багытта өткөрүлүп, калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөр аныкталды:

1. Куранды толук жаттагандар (30 пара) боюнча.
2. Куранды 1/3 бөлүгүн жаттагандар (10 пара) боюнча.
3. Куранды көркөм окуу (хуснул кыраат) боюнча.

Куранды толук жаттагандар (30 пара) боюнча;

1-орун Умаров Мухаммадали - 200 миң сом.
2-орун Абдулхамидов Исламбек - 175 миң сом.
3-орун Жарматов Нурмухаммед - 150 миң сом.

Курандын 1/3 бөлүгүн жаттагандар (10пара) боюнча;

1-орун;Анарбай уулу Абдулхади - 80 миң сом.
2-орун;Саттаров Инаяттулло - 60 миң сом.
3-орун;Салимбаев Равшан - 40 миң сом.

Куранды көркөм окуу (хуснул-кыраат)боюнча;

1-орун;- Кушубаков Бекболсун - 40 миң сом. Талас облусу.
2-орун; Лолаев Мухридин – 30 миң сом.
3-орун;Гуфрониддин уулу Закийиддин- 20 миң сом.

Бул жарышты төрт жылдан бери уюштуруп келген “Адеп Башаты” коомдук-прогрессивдүү фондунун мүдүрү Маматжанов Жумадыл Куран жарышты жыйынтыктап, жаттаган кураныңыздар жат болсун, мындан өткөн нимат жок. Куранды Аллах жаттаткан соң Куранга ылайыктуу жашап өтүүнү насип кылсын. Жаттагандар көбөйгөн сайын мекенибизге Аллахтын рахматы жаап турсун деп тилеп, жалпы катышкан карылырга жана кара кылды как жарган калыстар тобуна жалпы катышуучуларга терең ыраазычылыгын билдирди.

Фондубуз ар жылы уюштуруп келе жаткан бул жарыш, элибизге Куранды таанытуу, жайылтуу, сүйдүрүү жана жаштарды Куранды окуп, үйрөнүүгө кызыктырууга үндөйт.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны