Адеп Башаты » Жаңылыктар » Адеп башаты » «МАВЛИД МАЙРАМЫ НАРЫНДА 2 КҮН БОЛДУ»

«МАВЛИД МАЙРАМЫ НАРЫНДА 2 КҮН БОЛДУ»

Мурда маалымдаганыбыздай Мухаммед пайгамбарыбыздын (САВ) туулган айынына карата уюштурулган Мавлид программасы 9-апрелде саат 10:00дө жана 15:00дө эки сеанс, 10-апрелде 1 сеанс Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы академиялык-музыкалык драма театрында болуп өттү. Уюштуруучулар Нарын казыяты жана “Адеп Башаты” фондунун Нарын облусундагы филиалы.

«МАВЛИД МАЙРАМЫ НАРЫНДА 2 КҮН БОЛДУ»


Драма театрдын залы 2 күн тең көрүүчүлөргө жык-жыйма толуп, мавлид программасы азан, салават айтуу, Куран окуу менен башталды. Программанын алып баруучусу кечени ачык деп жарыялап, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни жаңырды. Мавлид программасына КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Жаныбек Дүйшеев, Нарын шаарынын мэри Рахат Адиев жана Нарын мамлекеттик университетинин ректору Дамира Өмүралиева баштаган мамлекеттик кызматкерлер катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Нарын шаарынын Казысы Мамбетасан Ибраев Мухаммед пайгамбарыбыздын (САВ) куттуу өмүрүнөн мисалдарды келтирип, мавлиддин орду, маанилүүлүгү тууралуу кызыктуу баян кылып, көрүүчүлөр пайдалуу маалыматтарды алышты.
Программанын 1 күнүндө мурда жарыяланган «Пайгамбарым Мухаммед – адамзат сени даңазаласын!» аттуу ыр сынактын жыйынтыгы жарыяланып, жеңүүчүлөргө элдин алдында сыйлыктары тапшырылды.
Андан сырткары Нарын драма театрынын артисттери турмуштагы терс көрүнүшөрдү чагылдырган чакан сценкаларды коюшуп, көрүүчүлөрдүн көздөрүн жашка толтурушту.
Кыргызга белгилүү төкмө акындар Турат Жумаев жана Жылдызбек Төрөканов пайгамбарыбыз тууралуу кызыктуу айтыш кылышты. Андан сырткары төкмө акын Баян Акматов да пайгамбарыбыз (САВ) жана эне тууралуу ырларын аткарып элдин арзуусуна ээ болушту.
Баарынан да бул программада Ат-Башы районунун Казыбек айылынан келген 3 жуп эгиз мектеп окуучулары, пайгамбарыбыз (САВ) тууралуу монолог менен келген элдин да, өзүлөрүнүн да көздөрүн жашка толтурушту.
Мавлид программасы пайгамбарыбызга (САВ) салават айтуу жана дуба-баталар менен соңуна чыкты.
Мавлид программасы башталганга чейин драм театрынын алдында тамак-аш жарманкеси жана диний китептер жарманкеси уюштурулду.
НАРЫН КАЗЫЯТЫНЫН БАСМА СӨЗ КЫЗМАТЫ
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны