Адеп Башаты

Общие правила на сайте

 
   
Сайтыбыздын жалпы эрежелери:

Сайтыбызга кош келдиниз!

Ассаламу алейкум ва рахматуллахи ва баракатух.
Урматтуу мусулман бир-тууганыбыз, бул сайттын ачылуусунда биздин алгач максатыбыз баардык кыргыз тилинде сүйлөгөн мусулман бир-туугандарыбызга кабарлашканда, маалымат бөлүшкөндө, Ислам тууралуу үйрөнгөдө жеңилдик жана ыңгайлуулук болсун дегенбиз.
Сиз өзүңүз байкагандай, биздин сайтка көптөгөн адамдар кирет, балким мусулман, балким мусулман эмес. Кээбирлери балким мусулман болуп, бирок намазын баштай элек. Жалпысынан ар түрдүү көз караштар болушу мүкүн. Ошондуктан, баарыбыз сайттын мыйзамдарына көңүл бурсак, анда арабызда мамилебиз жакшы болот, эл эми окугандарыбыз кызыктуу жана пайдалуу болот иншаллах.
Ашып кетсе балким бир 5 мүнөтүңүз кетээр, бирок ар түрдүү түшүнбөстүктөрдөн сактанган болобуз.
Эң биринчиси, сайтта баардык колдонуучуларга сый-урмат менен мамиле кылалы. Эч-кимди жамандабайлы, намысына тийбейли, эч бир пайдасы жок. Эгер кимдир бирөө туура эмес нерсе кылып жатса, Амирлерге арызынызды жиберсениз (жеке кат аркылуу). Бирөөнүн намысына тийип, гыйбат кылуу чоң күнөө болгондугу үчүн Амирлер тарабынан жазаланат. Сайтыбызда эч бир радикалдуу, сепаратисттик, саясий же террордук маалыматтарга же жорумдарга уруксат берилбейт. Бизди туура түшүнгөнүңүз үчүн жана Ислам жолунда пайдалуу маалыматтар менен даават кылганыңыз үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.


Такыр уруксат берилбейт:

- кыргыз тилинен башка тилде жазуу
- Ислам динибизге туура келбеген, адепсиз, уят макалаларды же сүрөттөрдү сайтка кошкону аракет кылуу
- макалага эч байланышы болбогон маанисиз жорумдарды жазуу
- жорумдарды жазганда cөгүнүү, адепсиз тил менен жазуу
- сайтта иштеген адамдарга жана башка колдонуучуларга жаман сөз сүйлөө
- дин, дене түсү, жашы, жынысы же жашаган региону негизинде бөлүү, намысына тийүү
- спам, жана ар түрдүү товарлардын же Исламга байланышы болбогон сайттардын жарнамасын жасоо

Анда эмесе, бир-бирибизди жана сайтты урматтайлы, пайдаланалы иншаллах.
Эгерде жогоруда айтылгандарга туура келбеген макалалар же жорумдар болсо, амирлер толугу менен же бир бөлүгүн өчүрүп салганы акылуу.

Туура эмес амал кылган колдонуучуга эскертүү жиберилет. Кээде, абдан уят же башка абдан туура эмес нерсе жасалган болсо, эскертүүсүз да жаза берилүүсү да мүмкүн.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны