Адеп Башаты » Суроо-жооп

РЕИНКАРНАЦИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ ЖАНА БУЛ ИСЛАМ БОЮНЧА ТУУРАБЫ?

РЕИНКАРНАЦИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ
ЖАНА БУЛ
ИСЛАМ БОЮНЧА ТУУРАБЫ?
Реинкарнация деген «рухтардын бир денеден экинчи бир денеге өтүшү» - деген маанини билдирет. Бул түшүнүктө болгондордун ою боюнча денелер рухтардын калыптары сыяктуу. Рухтар бул калыптардын ичине кирип, жашайт. Бир дене өлсө, башка денеге өтөт, андан башкага деп отуруп, акыр аягына чыгып болбос.
Эң алгачкы коомдордо да бул ишеним бар болчу. Бирок бул ишеним улуттук маданиятка жана жашаган жерге жараша өзгөрөт. Мисалы, Египеттеги реинкарнация ишеними менен Ганждагы реинкарнация ишениминин ортосунда чоң айырмачылыктар бар. Ал эми афиналык философтордун баяндоолору менен бул ишеним таптакыр башка түшүнүккө ээ болгон.
Толугу менен

Убакыт өтсө сүйүнүшүбүз керекпи?

Убакыт өтсө сүйүнүшүбүз керекпи?

Ыйык мааниге ээ убакыт көп учурда жоопкерчиликсиз менен өткөрүлүүдө. Жөн эле өлүп атат. Бирок, мындай кылган адамдардын адамдык касиетин (мааниси) талкууласа болот. Жакшы бир сөз бар:
«Кичинекей (жеңил ойлуу) адамдар убакыттарын кантип өткөрүүлөрүн ойлошот, улуу адамдар болсо кантип пайдаланууну ойлошот».
Толугу менен

Орозонун каффараты кандай?

Орозонун каффараты кандай?

Рамазан орозосун атайылап, себепсиз бузуудан улам каффарат керек болот. Рамазан айындагы парз орозодон башка орозону бузса, ага каффарат жок. Тек гана казасы аткарылат.
Каффарат - 60 күн бою үзбөстөн удаа орозо кармоо. Эки ай катарынан орозо кармоого чамасы жетпеген адам 60 кедейди тамактандырып, курсагын бир күн тойгузуу талап кылынат.
Толугу менен

Мусулман болгондон кийин сөзсүз атын өзгөртүш керекпи?

Жооп:

Мусулман эмес киши Исламды кабыл алгандан кийин, эгерде аты Аллаага шерик кошо турган динге каршы же жаман маанидеги ат болсо, анда жакшы ат коюу менен атын алмаштырыш керек. Пайгамбарыбыз (САВ), Абдушшамс (Күндүн кулу) аттуу кишинин атын Абуллаа (Аллаанын кулу) деген ат менен алмаштырган.
Толугу менен

Тумар жазуу жана жасатуу исламда барбы? 2-бөлүгү

Жооп:

Тумар, кээ бирки оорууларды кетирүү үчүн, назардан, жаман көздөрдөн алыс болуу үчүн мойунга же дененин башка жерлеринде алып жүрүлгөн, көбүнчө үч бурчтуу шекилде бүктөлгөн кагаздарды айтат.
Толугу менен

Теспе колдонуунун өкүмү кандай?

Теспе колдонуунун өкүмү кандай?
Жооп:

Негизи теспе (тасбих) колдонуу сүннөт эмес. Манжалар адамга күбөлүк бере тургандыктары үчүн, манжалар менен зикир тартуу жакшыраак. Бирок, 100, 200 же 1000 зикир айтууда теспе колдонуу ыңгайлуу болот го.
Толугу менен

Жума намазга жетишпей калса эмне кылабыз? Жума намаздын казасын окуйбузбу?

Жума намазга жетишпей калса эмне кылабыз? Жума намаздын казасын окуйбузбу?
Жооп:
Эгер жума намазга үлгүрбөй калсаңыз, казасы окулбайт. Ошол күндүн пешим намазы гана окулат.
Толугу менен

Ашура кунундө дагы кандай окуялар болуп өткөн тактап бере аласынарбы?

Жооп :
Ашура күнү мухаррам айынын 10 күнү, тарыхта бул күндө болгон окуялар көп, аларды айта кетсек : Адам (а.с)дын тообосун Аллах Таала ушул күнү кабыл кылат, бул күнү Аллах Таала Муса пайгамбарды фараондун зулумдугунан куткарып, фараонду жана анын аскерин ойрон кылат, бул күнү Аллах Таала Нух пайгамбарды жана аны эрчигендерди топон сусунан куткарат, бул күнү Мухаммад (САВ)дын небереси Хусейн (р.а) курман болот.
Толугу менен

Мазардын үстүнө гүл тиксе болобу?

Жооп:

Мазарга гүл тигүүдө өлүктөргө пайда бар, жакшылык бар.
Толугу менен

Жасанып кийим кийинүү

Бир мекеменин башчысы болуп иштейм. Өзүмө таандык бир виллада жашайм, жана түрдөп кийим кийинем. Анан бир күн (жасануудан алыс болуу ыймандан) деген хадисти окуп калып өз абалымдан корктум. Андыктан дайыма бир түрдүү эле кийим кийинейинби жана жөнөкөй эле үйдө жашашым керекпи?...

Жооп

Пайгамбарыбыздын (САВ) бул улуу сөзүнөн, эл көрсүн жана текеберчилик үчүн кийинип жасануунун зыянын түшүнүшүбуз керек. Ишиңиздин, ордуңуздун талабына, муктаждыгына жараша жасанып жана виллада жашооңузда күнөө жок, керек болсо мүмкүнчүлүгү барлар ушунтип жашаш керек.
Толугу менен
←  аркага 1 2 алдыга →

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны