Адеп Башаты » Суроо-жооп » Орозонун кандай түрлөрү бар?

Орозонун кандай түрлөрү бар?

Жооп:
1. Парз орозо: Рамазан айындагы орозо, казага калган орозо жана каффарат катары кармалчу орозолор.
2. Важиб орозо: Мусулмандын Аллах үчүн тутууга убада кылган орозосу.
3. Нафил орозо: Жылдын бардык эле мезгилинде күн аралатып тутулган нафил орозо эң жакшы нафил орозо болуп саналат. Ошондой эле, ар бир айдын 13-14-15-күндөрү орозо кармоо жана ар аптанын дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү орозо кармоо да мустахаб.

Орозо айт өтөрү менен Шаввал айында дароо алты күн орозо кармоо жакшы деп эсептелет. Каза ж.б. орозолор ушул күндөрдө кармалса да бирдей эле сооптуу. Айрыкча Рамазан айынан мурунку Шаабан айында орозо кармоо сооптуу.
4. Макрух орозолор: Курман күнүндө орозо кармоо оор макрух. Анткени, ал күндөр Алла Таала бизге ыйгарган ибадаттын, өзара сыйлашып мейман күтүп жеп-ичүүнүн күндөрү болуп саналат. Ошондой эле, жалгыз жума күнүндө же болбосо, бир гана ишемби күнүндү орозо кармоо, нооруз сыяктуу майрам күндөрү орозо кармоо макрух. Бирок мурдатан кармап адат кылып келген орозосу ушул күндөргө ойдо жок туш келип калса кънөө жок.
Шектүү күнү орозо кармоо да макрух. Шаабан айынын 30-күнү Рамазандын алгачкы күнүбү, же Шаабан айынын акыркы күнүбү деп айырма алалбай, асман булуттуу болгондон улам жаңы айды көрүүгө мүмкүн болбой шектенип калса, бул күн «шектүү күн» деп аталат. Шектүү күндө «Рамазан болсо орозо кармоого, Рамазан кире элек болсо орозосуз эле саналаарга» ниет кылынса, бул күнкүсү орозо болуп эсептелбейт.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны