Адеп Башаты » Суроо-жооп » Орозо кармабоого кайсы себептер жол берет?

Орозо кармабоого кайсы себептер жол берет?

Жооп:
1. Жолоочулук: Рамазан айында эң аз дегенде 90 чакырым алыстыкка сапарга чыккан адам жолоочу катары түндөн баштап эле орозого ниет кылбаса да болот. Муну менен ошол күнү орозо кармабаган болуп саналат. Бирок орозолуу адам күндүзү жолго чыкса ошол күнү кармап алган орозосун бузбоого тийиш. Эгерде бузган болсо да, тек гана казасын аткарат, каффарат келбейт. Эгерде жолоочу жолдо кыйналбай турган болсо, Рамазан орозосуна ниет кылып кармаганы эле абзел.

2. Оору-сыркоо: Орозо кармаса өмүрүнө коркунуч туулгудай даражадагы оору-сыркоолуу адамдар болсо, же орозо тутса оорусу күч алып кетүүдөн кабатырланса орозо кармабайт, кармап алган орозосун да бузса болот. Кийин ден-соолугу өз калыбына келген соң бир күнгө бир күн казасын аткарат. Тери оорулары, тиш оору, манжалардын оорусу сыяктуу орозо кармоого кедергиси жок сырткы майда оорулардан улам орозону бузууга болбойт. Орозо кармаса өз ден-соолугуна зыян жетер же жетпесине карата ишенимдүү бир мусулман врачтын чечими негиз кылынат. Дени сак адам орозо кармаса мурдагы оорусу козголору анык билинсе, оорулуу катары саналат.
3. Кош бойлуулук жана бала эмизүү: Рамазанда кош бойлуу жана бала эмизген аял өзүнө же болбосо баласына кандайдыр бир зыян келеринен кабатырланса орозо кармабай, кийинчерээк казасын аткарат.
4. Карылык: Жыл бою орозо кармоого чамасы келбеген карылардын орозо кармабоосу дурус. Булар орозонун казасын да аткаруусу керек эмес. Болгону күнүгө «Фидя» (орозонун төлөмү) үчүн бир кедейдин курсагын тойгузат. Айыгуусунан үмүт үзүлгөн оору-сыркоого чалдыккан адам да жогорку өкүм боюнча орозо кармабастан, күнүго бир кедейдин курсагын тойгузат. Бирок Рамазан айында орозо кармоого чамасы келбесе да, кийинчерээк казасын аткара алгыдай абалдагы адамдар фидя бербестен, сөзсүз казасын аткаруу керек.
6. Коркутуп-үркүтүүгө, зордукталууга туш болуу: Орозо кармаган адам өзүнө же кайсы бир дене мүчөсүнө зыян келтирерлик даражада коркутулуп, орозосун бузууга мажбурланса, бузса болот. Мунун казасын кийин аткаруусу керек.
9. Хайз жана нифас: Бир аялзаты Рамазанда күндүзү этек кир көрө баштаса, же бала төрөсө орозосу өздүгүнөн (афтоматтык түрдө) бузулган болуп эсептелет. Бул абалдарда орозо кармоо дурус эмес. Рамазанда этек кир көргөн аял, түндөсү этек кири токтосо эртеси орозо кармай баштайт. Эгерде этек кири токтоп, гусул даарат алган соң дароо ооз бекитүү убактысы кирип калса, ал күнү орозо кармабайт.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны