Адеп Башаты » Суроо-жооп » Жасанып кийим кийинүү

Жасанып кийим кийинүү

Бир мекеменин башчысы болуп иштейм. Өзүмө таандык бир виллада жашайм, жана түрдөп кийим кийинем. Анан бир күн (жасануудан алыс болуу ыймандан) деген хадисти окуп калып өз абалымдан корктум. Андыктан дайыма бир түрдүү эле кийим кийинейинби жана жөнөкөй эле үйдө жашашым керекпи?...

Жооп

Пайгамбарыбыздын (САВ) бул улуу сөзүнөн, эл көрсүн жана текеберчилик үчүн кийинип жасануунун зыянын түшүнүшүбуз керек. Ишиңиздин, ордуңуздун талабына, муктаждыгына жараша жасанып жана виллада жашооңузда күнөө жок, керек болсо мүмкүнчүлүгү барлар ушунтип жашаш керек.

Имам Аьзам Абу Ханифа айтат;
Жахил адамдардын акарат күлкүсүнө кабылбаш үчүн жана душмандарга улуу, айбаттуу көрүнүү үчүн, аалымдардын, башчылардын кийген кийимдери жана жашаган үйлөрү баалуу барктуу болуш керек.
Даанышман кишилер айтат экен;
Кийген кийимиңдин, сен ага эмес ал сага кызмат кыла турган болушу керек.
Башка хадистерде да ушундай баяндалат экен;
Пайгамбарыбыз бир күнү, жаман эски кийим кийип алган бир адамга сенин мал мүлкүң жокпу? деп сурайт, анда ал киши мал мүлкүнүн көп экендигин айтканда, ага ушундай деп айткан экен; Аллах Таала мал мүлк берген болсо бул жакшылыктын белгиси үстүңдө көрүлсүн! (Насаий)
Башка бир хадисте;
Аллах Таала кулунун үстүндө, берген неьматынын изин көрүүнү жакшы көрөт(Табараний).
Дагын бир хадисте; Аллах сулуу, сулууну жакшы көрөт.(Муслим)
Бул хадистеги сулуудан максат тазалыкты, кооздукту жана тыкандыкты түшүнүшүбүз керек!...
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны