Адеп Башаты » Суроо-жооп » Ашура кунундө дагы кандай окуялар болуп өткөн тактап бере аласынарбы?

Ашура кунундө дагы кандай окуялар болуп өткөн тактап бере аласынарбы?

Жооп :
Ашура күнү мухаррам айынын 10 күнү, тарыхта бул күндө болгон окуялар көп, аларды айта кетсек : Адам (а.с)дын тообосун Аллах Таала ушул күнү кабыл кылат, бул күнү Аллах Таала Муса пайгамбарды фараондун зулумдугунан куткарып, фараонду жана анын аскерин ойрон кылат, бул күнү Аллах Таала Нух пайгамбарды жана аны эрчигендерди топон сусунан куткарат, бул күнү Мухаммад (САВ)дын небереси Хусейн (р.а) курман болот.

Ибн Аббас радиллаху анху айтат: Аллахтын элчиси алейхи-с-салам Мединага келгенде жөөттөр Ашура күнүндө орозо кармап жатканын байкайт. Анын себебин сураганда жооп беришет: “Бул – жакшы күн. Бул күнү Аллах Муса жана Бану Исраилди алардын душманынан куткарган. Ошондон тартып Муса (Аллахка шүгүр келтирейин деп) ушул күнү орозо тутуп жүрчү экен” дешет. Анда Аллахтын элчиси алейхи-с-салам: “Силерге караганда Мусага мен акылуураакмын” – дейт да бул күнү өзү орозо кармап жана башкаларга да буйруп жүрчү. (Бухари 2004

Абу Катада радиаллаху анху айтат, качан Аллахтын элчиси Ашуранын орозосу тууралуу суралганда ал айтты: “(Бул күнкү орозо) өткөн жылдын күнөөлөрүнө кафарат (кечирилүүсүнө себеп)” (Муслим 1162)

Ушул хадистердин негизинде ашура күнү орозо кармоо соопту иш болуп, орозо туткан адамдын өткөн жылкы күнөөлөрү кечирилет.

Бул күндү майрам деп белгилеп, атайын тамак-аш даярдоо шарт эмес. мусулмандар жөн гана орозо тутушат.Жөөттөрдөн айырмалануу үчүн Ашурага бир күн кошуп орозо кармоо керек: же тогузунчу мухаррамды, же он биринчисин. Эгер тогузунчусу болсо жакшыраак.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны