Адеп Башаты » Суроо-жооп » Тумар жазуу жана жасатуу исламда барбы? 2-бөлүгү

Тумар жазуу жана жасатуу исламда барбы? 2-бөлүгү

Жооп:

Тумар, кээ бирки оорууларды кетирүү үчүн, назардан, жаман көздөрдөн алыс болуу үчүн мойунга же дененин башка жерлеринде алып жүрүлгөн, көбүнчө үч бурчтуу шекилде бүктөлгөн кагаздарды айтат.

Тумар, арапчада нусха түркчөдө муска болсо ал эми кыргызчада белгилүү тумар. Ошондой эле тумар да жазылган аят, хадис жана дубалар хадис жана фыкых китептеринде рукя деп аталат.
Тумарлар жалпысынан эле болочок бир ооруудан, балээден коргонуу же болбосом дарылануу ниети менен алып жүрүлөт. Кызыгы, бул тумарлардын ичи ар түрдүү болуп жүргөнү. Ичинде аят, хадис, дуба, кээ бирки Аллахтын ысымдары болсо кээ бирлеринде түшүнүксүз эле белгилер кызык ишараттар тилсимдүү сөздөр жана шекилдер да бар.
Тумарга негизинен дайыма окулуусу буйрулган Фалак жана Наас сүрөлорү Фатиха сүрөсү, Аятал Курсү.. сыяктуу аяттар жазылат.
Хадистердин жалпы түшүнүгүнөн алып караганыбызда, окуу (дем салуу) жана жазуу жолу менен
дарылануу уруксат. Бирок мунун кээ бир шарттары бар. Бул шарттар ушундай:

1 – Окулган жана жазылган нерсе аят хадис же мааниси түшүнүктуү дуба болуш керек.

2 – Мааниси түшүнүксүз ар кандай ат, тамга, сүрөт жана ишараттар болбошу керек

3 – Медициналык дарылоодо болгондой эле, бул жерде да шыпаа берүүчүнүн бир гана Аллах экендигине ишенүү; Андан башкадан эч бир нерсени эңсебеш керек
4 – Сүйдүрүү же болбосом жаман көрдүрүү сыяктуу, дарылануу менен байланышы болбогон нерселер үчүн жасалбашы керек.

Бул жалпы маалыматтардан кийин тумардын кандай пайда болушу жана темага байланыштуу кээ бирки негиздерин айтып өтсөк.
Көптөгөн кудайга жакын салих инсандар, Аллахтын рахматын тилөө максатында түрдүү дубалар окуп, тумар жазып, келген адамдар окууну билбеген кезде, жазган жакшы нерселерин сууга салып,” шыпааңды жана тилегиңди Аллахтан тиле жана күт” деп айтып келишкен. Аллах Таала да ал кишинин бекем ыйманына, ыкласына, оюнун түздүгүнө жана ал дубанын касиетине карата ал кишинин максат муратын берген. Пайгамбарыбыздын мезгилинде сахабалар бир жерден кайтып келе жатышып бир урууга жолугушат. Уруу башчысын чаян чаккан болот. Сахабалардан бирөөсү, аттарынын бирөөсү шаафия (шыпаа берүүчү) болгон фаатиха сүрөсүн окугандан кийин, ал киши шыпаа таап айыгып кетет. Анан сахабага акы катары бир белек беришет. Сахабалар бул белекти алсак болобу деп Пайгамбарыбыздан сурашканда Пайгамбарыбыз да уруксат берген экен.
Демек бул жерден да маалим болгондой чындыгында оорулууларга дуба окуу бар. Андыктан Пайгамбарыбыздан риваят кылынган дубалар менен кылынса дагын жакшыраак болот. Буга мисал Пайгамбарыбыз (САВ) бир жериңер ооруганда ооруган жериңерге колүңарды коюп үч-беш-жети жолу “Бисмиллаахи аьуузү би иззатиллаахи ва кудротихии миң шарри маа ажиду ва ухаазиру мин важаьий хаазаа” дубасыны окууну кеңеш кылган.
Хадистерде окулуусу жакшы көрүлгөн башка дубалар да бар.

Сахабалардын илимдүүлөрүнөн болгон Абдуллах бин Амр бин Аастын бир дубаны балдарынын билгендерине жаттатып билбегендерине болсо жазып үстүлөрүндө алып жүрүүнү үйрөткөн. Анан тумар ушунтип пайда болгон экен. Сахабалар да бул нерсени жатыркаган эмес. Кийинки доорлордо да мусулмандар шыпаа аяттарын жазып моюндарына тага башташкан. Аллахтан келген нерсени тумардан деп билбестик шарты менен мында эч нерсе болбойт. Бирок бир адамдын, бүт нерсени тумарга байлап “тумар кылды, тумар айыктырды, тумар жолумду ачты, куткарды” деген сыяктуу сөздөрдү сүйлөөсү Аллага болгон ыйманына, ага таянуусуна терс бир иш болот, жадакалса мындай деген кишинин ширк келтирүү коркунучу бар.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны