Адеп Башаты » Суроо-жооп » Мусулман болгондон кийин сөзсүз атын өзгөртүш керекпи?

Мусулман болгондон кийин сөзсүз атын өзгөртүш керекпи?

Жооп:

Мусулман эмес киши Исламды кабыл алгандан кийин, эгерде аты Аллаага шерик кошо турган динге каршы же жаман маанидеги ат болсо, анда жакшы ат коюу менен атын алмаштырыш керек. Пайгамбарыбыз (САВ), Абдушшамс (Күндүн кулу) аттуу кишинин атын Абуллаа (Аллаанын кулу) деген ат менен алмаштырган.

Ташбоордукту, жамандыкты же тескери маанини туюнткан аттарды да өзгөрткөн жакшы болот. Ошондой эле, тарыхта Исламга же жалпы адамзатка душмандык кылган, зыян келтирген кишилердин аттары коюлган болсо, Намрут, Абу Жахил, Фараон, Сталин, Гитлер сыяктуу... булар адамдардын аң сезиминде жакшы элестерди калтырбайт, андыктан бул аттарды да өзгөртүш керек.

Ал башка тилдерде деле коюлган жакшы маанидеги аттар, мисалы Кудайкул, Жоомарт, Тазабек сыяктуу аттар... же пайгамбарлардын, сахабалардын сыпаттары (Гүл, Арстан, Кылыч) сыяктуу жакшы элес калтырган ысымдар өзгөртүлбөйт.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны