Адеп Башаты » Суроо-жооп » Орозонун каффараты кандай?

Орозонун каффараты кандай?

Орозонун каффараты кандай?

Рамазан орозосун атайылап, себепсиз бузуудан улам каффарат керек болот. Рамазан айындагы парз орозодон башка орозону бузса, ага каффарат жок. Тек гана казасы аткарылат.
Каффарат - 60 күн бою үзбөстөн удаа орозо кармоо. Эки ай катарынан орозо кармоого чамасы жетпеген адам 60 кедейди тамактандырып, курсагын бир күн тойгузуу талап кылынат.

Эки ай үзбөй орозо кармоого күч-кубаты жетип турган адам кедейлерди тойгузуу мүмкүнчүлүгүн, каффарат катары пайдалана албайт. Каффарат үчүн орозо кармаган адам 2 айдын ичинен бир күн эле кармабай калса, кайра баштан баштап 60 күн орозо кармоосу керек. Мисалы, бир адам 40 же 50 күн үзбөй каффарат орозосун тутуп келип, 41- же 51-күнү болобу, бир күн эле кармай албай калса, мунун баары жокко чыгат да, 60 күндүк орозону кайрадан биринчи күнүнөн баштап эсептеп кармоосу керек болот. Бирок аял заты үчүн 60 күндүн ичине хайз же нифас күндөрү, жалпы эле орозо кармалбачу айт күндөрүнө туш келип калган болсо, мындай олуттуу себептерден улам бир нече күн орозо үзүлүп калса, кайра баштан баштабастан, ал күндөрдү орозосуз өткөргөн соң келген жеринен улап кармайт.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны