Адеп Башаты » Суроо-жооп » Убакыт өтсө сүйүнүшүбүз керекпи?

Убакыт өтсө сүйүнүшүбүз керекпи?

Убакыт өтсө сүйүнүшүбүз керекпи?

Ыйык мааниге ээ убакыт көп учурда жоопкерчиликсиз менен өткөрүлүүдө. Жөн эле өлүп атат. Бирок, мындай кылган адамдардын адамдык касиетин (мааниси) талкууласа болот. Жакшы бир сөз бар:
«Кичинекей (жеңил ойлуу) адамдар убакыттарын кантип өткөрүүлөрүн ойлошот, улуу адамдар болсо кантип пайдаланууну ойлошот».

Убакыттын ичинде көптөгөн нерселерди кылууну ойлогондор, албетте, убакыттын өтүүсүн каалашпайт. Убакыттын өткөнүнө сүйүнүп майрамдашпайт, андай болсо, жаңы жылдагы оюн-зооктор эмнени билдирет?
Кеткен жана кайра келбей турган убакытка сүйүнүш керекпи, же кайгырыш керекпи? Негизи биз убакытты өткөрүп аткан жокпуз, убакыт бизди өткөрүп жатат. Убакыттын үнсүз араа өңдөнүп иштегенин сезбөө мүмкүнбү?
Күндөн күнгө картайган жана күнүгө өлүмгө бир аз жакындаган бизбиз, убакыт эмес. Аттиң, убакытты токтото алсак! Убакыт тоннелинен артка кайтып, жашоону дагы бир жолу жашоо мүмкүн болсо гана, атаганат!
Бул мүмкүн эмес, бирок, дүйнөдө колго тийген жаштыкты акыретте түбөлүктүү жаштыкка айлантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонбуз. Бул Кудайдын бизге берген эң кирешелүү соодасы. Анткени жалган жана өтүп кетүүчү жаштыкты берип, түбөлүктүү, өлбөс-өчпөс бактылуу жаштыкка, өлүмсүз өмүргө ээ болуу мүмкүнчүлүгүнө ээбиз.
Алланын Расулу (САВ) айткан «Эки күнү бир бирине окшош болгон киши алданган болуп эсептелет» деген. Алдангандар, тактап айтканда, убактысын жаман өткөргөндөр – убакыттан эң көп даттангандар.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны