Адеп Башаты » Суроо-жооп » Аял киши ажыга барыш үчүн күйөөсүнөн уруксат алышы керекпи?

Аял киши ажыга барыш үчүн күйөөсүнөн уруксат алышы керекпи?

Жооп:
Аллах Тааланын акысы кул акысындан мурда келет. Ошондуктан парз ибадаттарда күйөсүнүн уруксаты алынбайт. Бир аял кишинин, парз ажылыгын аткаруусу үчүн, күйөсү уруксат бербесе да, жанына бир махрамын алып ажыга бара берет.

Мындайча айтканда бир эркек киши, ажылыктын шарттарына ээ болгон бир аялдын ажылыгына тоскоолдук кыла албайт. Бул жерде, күйөсүнүн уруксаты алынбайт деген сөзүбүздөн, күйөсүнө эч кабар бербестен туруп эле ажыга бара берет деп түшүнбөшүбүз керек. Алгач аял киши маселени жакшылап отуруп чечип алганга аракет кылыш керек. Ал эми нафил ажылыкта болсо, жогорудагы өкүм өтпөйт, күйөсүнөн уруксат алыш керек.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны