Адеп Башаты » Суроо-жооп » Курмандык чалуу аялдарга да важиппи?

Курмандык чалуу аялдарга да важиппи?

Жооп:
Курмандык чалууга байланыштуу шарттар жагынан аял эркектин ортосунда эч бир айырмачылык жок. Мына ошондуктан мусулман, акылдуу, балагатка толгон, муким (сапарда болбогон) колунда бар ар бир аял кишиге курмандык чалуу важип.

Улуу аалым ханафий мазхабынын укукчусу имам ал- Касаний курмандык чалуудагы шарттарды айтып туруп ушундай деген: Бул айтылган шарттарда аял эркек бирдей болот, анткени маселеге байланыштуу далилдер экөөсүн айырган эмес. Бирок бир нерсени эскерте кетсек аял кишиге күйөсүнүн мал-мүлкүндөн улам курмандык чалуусу важип эмес.

Андыктан кээ бирки жерлерде болгондой үйбүлө ичинде бир жыл эркек киши бир жыл аял кишинин чалуусу сыякттуу нерселер туура эмес. Анткени үйбүлөнүн кожойуну эркек, ар жылы эркек киши курмандык чалат. Аял кишинин болсо жалаң өзүнө таандык мал мүлкү болсо курмандык чалыш керек. Бирок албетте үй башчысы эркек, эгер күчү жетсе аялы үчүн да өзүнчө курмандык чалса болот.

Касаний,Бадаиус-Санаа-и 7/186.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны