Адеп Башаты » Суроо-жооп » Курмандык деген эмне?

Курмандык деген эмне?

Жооп:
Алла Тааланын ыраазычылыгын үмүт кылып, ибадат ниети менен белгилүү шарттарга ээ болгон жандыкты эрежесине ылайык мууздоо болуп эсептелет. Курмандык – арабча “Курбан” (Жаратканга жакындоо) деген сөздөн келген.

Курмандык чалуунун убактысы Курман айттын биринчи күнү айт намазы окулгандан кийин башталып, айттын үчүнчү күнү шамга жакын маалга чейин. Бирок курмандык чалуунун эң жакшы жана абзел убактысы Курман айттын алгачкы күнү, айт намаздан кийин түшкө чейинки маал.

Курмандыкка кой, эчки, уй, топоз, төө же ушул айбандардын түрлөрү чалынат. Кой менен эчкинин эң кеминде бир жашка толгону курмандыкка жарактуу. Бирок алты айга толгон козу бир жашар кой сыяктуу чоң жана семиз болсо, курмандыкка жарай берет. Ал эми эчки, сөзсүз бир жашка толгон болушу керек. Уй менен топоздун эки жашары, төөнүн беш асыйга толгону курмандыкка жарайт. Кой менен эчки бир киши үчүн курмандыкка чалынат. Уй менен топоз түрүндөгү бодо малдардын ар бирөө бир киши үчүн курмандыкка чалынуусу дурус болгондой эле, жети адамга арналып, шериктешип курмандык чалса да болот.

Курмандыктар Жаратканга арналып чалынгандыктан, кемчиликсиз, семиз жана сапаттуу малдарды тандап союу зарыл. Курмандыкты мууздардан мурда “Бисмиллах, Аллаху Акбар” деп айтылат. Муну атайылап айтпай койсо, союлган малдын этин жегенге болбойт.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны