Адеп Башаты » Колдонуучунун макалалары Juma

«МАВЛИД МАЙРАМЫ НАРЫНДА 2 КҮН БОЛДУ»

Мурда маалымдаганыбыздай Мухаммед пайгамбарыбыздын (САВ) туулган айынына карата уюштурулган Мавлид программасы 9-апрелде саат 10:00дө жана 15:00дө эки сеанс, 10-апрелде 1 сеанс Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы академиялык-музыкалык драма театрында болуп өттү. Уюштуруучулар Нарын казыяты жана “Адеп Башаты” фондунун Нарын облусундагы филиалы.

«МАВЛИД МАЙРАМЫ НАРЫНДА 2 КҮН БОЛДУ»
Толугу менен

Мусулман болгондон кийин сөзсүз атын өзгөртүш керекпи?

Жооп:

Мусулман эмес киши Исламды кабыл алгандан кийин, эгерде аты Аллаага шерик кошо турган динге каршы же жаман маанидеги ат болсо, анда жакшы ат коюу менен атын алмаштырыш керек. Пайгамбарыбыз (САВ), Абдушшамс (Күндүн кулу) аттуу кишинин атын Абуллаа (Аллаанын кулу) деген ат менен алмаштырган.
Толугу менен

Теспе колдонуунун өкүмү кандай?

Теспе колдонуунун өкүмү кандай?
Жооп:

Негизи теспе (тасбих) колдонуу сүннөт эмес. Манжалар адамга күбөлүк бере тургандыктары үчүн, манжалар менен зикир тартуу жакшыраак. Бирок, 100, 200 же 1000 зикир айтууда теспе колдонуу ыңгайлуу болот го.
Толугу менен

Курмандык деген эмне?

Жооп:
Алла Тааланын ыраазычылыгын үмүт кылып, ибадат ниети менен белгилүү шарттарга ээ болгон жандыкты эрежесине ылайык мууздоо болуп эсептелет. Курмандык – арабча “Курбан” (Жаратканга жакындоо) деген сөздөн келген.
Толугу менен

Хадис илими

Араб тилинде «хадис» сөзүнүн түз мааниси «кабар, сөз» - деген маанилерди түшүндүрөт. Бул сөздүн көптүк түрү «ахаадис» деп айтылат. Байыркы араб тилинде «хадис» өзгөчө маанилүү кабарларга жана асыл сөздөргө карата колдонулган. Арабдар Исламга чейин өзгөчө майрам күндөрүнө карата «ахаадис» - деген сөздү колдонушса, ал эми эл арасында макал-лакапка айланып калган сөздөрдү же (ооздон оозго өтчү сөз болду) – дешкен.

«Хадис» сөзү «өзгөчө сөз» - деген мааниде Ыйык Куранда төмөнкүчө маалымдалган: «... Андай болсо, Куран сыяктуу «сөз» алып келишсин?!», «Аллах сөздөрдүн эң сулуусун түшүрдү». Бул аяттарда эскерилген «хадис» сөзү «өзгөчө маанилүү сөз, аят» - деген мааниде колдонулган. Ал эми хадистин экинчи «кабар» - деген мааниси боюнча, Тооха сүрөсүндө: «Сага Мусанын (башынан өткөргөн окуянын) кабары жеткен жокпу?» - деп айтылган.
Толугу менен

Үй-бүлө адам баласынын алгачкы мектеби

Ар бир адамдын жашоосунда маанилүү үч окуя бар:

1)      Өзү ыйлап жатканда жанындагыларын кубандыруу менен жарык дүйнөгө келүүсү;

2)      Тегерегиндегилер ыйлап жатканда, өзү ыймандуу болсо, жалган дүйнөдөн чыныгы жашоого көчүү кубанычы менен келген өлүм;

3)      Өзү менен бирге тегерегиндегилерди сүйүндүргөн үйлөнүү тою.

Толугу менен

Үй-бүлө

Үй-бүлө коомдун эң маанилүү пайдубалы. Бул пайдубал бекем болсо эл да мамлекет бекем болот. Ошондуктан элдин жана мамлекеттин пайдубалы болгон үй-бүлө эч качан плансыз жана проектсиз болбошу керек. Бул нерседе кайдыгер калуу бүт элге жана мамлекетке кайдыгер болуу менен барабар. Андыктан биз үй-бүлө маселеси олуттуу экенине ишенип, аны өтө маанидүү деп билебиз... жана коомдун туура эмес багытта кетүүсүндө зыян тартаарына ишенерибизди баса белгилеп кекибиз келет.

Толугу менен

Сүннөт

«Сүннөт» сөзүнүн лексикалык мааниси. Араб тилинде кандайдыр бир нерсенин маңдайдан көрүнгөн бети, сүрөт, жол, өмүр таржымал, табият сыяктуу маанилерди түшүндүргөн сүннөт Ислам илимдеринде Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын ар бир кыймыл-аракетин, адамдарга болгон мамилесин, айтоор, бүт жашоосун камтыган жол, багыт – деген мааниде колдонулган. Бул сөз Пайгамбарыбыздын жасаган иштерин да, адамдык асыл сапаттарын да өз ичине камтыйт. Ал бар-жогу менен бүткүл адамзатынын кайталангыс үлгүсү. Анын ар бир кыймыл-аракети адам баласын түбөлүк бакытка жеткирүүчү өз-өзүнчө көпүрө сыяктуу.
Толугу менен
←  аркага 1 2 алдыга →

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны