Адеп Башаты » Үй-бүлө » Ата-эне » Эне

Эне

Эне

Бир убактарда дүйнөгө келүүгө даярданып жаткан бир ымыркай бар экен. Ал бир күнү Жаратуучуга кайрылып мындай деп сурайт:
- Оо, Жаратуучум, мени эртең дүйнөгө жөнөтө тургандыгыңды айтышты. Бирок мен ушунчалык кичине жана алсызмын, ал жакта кантип жашап кете алам?

- Бардык периштелердин арасынан сен үчүн бирөөнү (бир периште) тандадым. Ал сени күтүүдө жана ар дайым коруйт. Периштең сага күн сайын ырдап берет, жүзүңө карап жылмаят. Ошентип сен анын сүйүүсүн сезип, бактылуу болосуң.
- Жакшы… Адамдар мага бир нерселерди сүйлөшкөндө тилдерин билбестен, аларды кантип түшүнөм?
Периштең сага дүйнөдө жагымдуу жана жакшы сөздөрдү сүйлөйт. Сага сүйлөөнү сүйүнүү жана этияттык менен үйрөтөт.
- Жакшы... Оо, Жаратуучум, эгер мен Сени менен сүйлөшкүм келсе, эмне кылам?
- Периштең сага алакандарын ачып, Мага дуба кылышты да үйрөтөт.
- Дүйнөдө жаман адамдар да бар экендигин уктум, алардан мени ким коруйт?
- Периштең сени өз жанынан да артык көрүп коруйт.
- Бирок мен, Сени мындан ары көрө албай тургандыгыма капаланып жатам.
- Периштең сага дайым Мен жөнүндө айтып берет жана Мага келүүнүн жолдорун үйрөтөт.
Ошол учурда бейиште тынтык өкүм сүрөт жана дүйнөнүн үндөрү бейишке чейин угулат. Ымыркай дүйнөгө кете тургандыгын түшүнүп, Жаратуучудан акыркы жолу мындай деп сурайт:
- Оо, Жаратуучум, эгер азыр кете турган болсом, дароо айтчы, менин периштемдин аты ким?
- Периштеңдин аты маанилүү эмес. Сен аны «ЭНЕ» деп чакырасың.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны