Адеп Башаты » Үй-бүлө » Ата-эне » Ата-эненин укугу

Ата-эненин укугу

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз эне сүйүүсүнө өзгөчө маани берип, бейишти аларга ылайык көргөн. Жогоруда окулган хадисте белгиленгедей бейиштин төрү энелердики денилген. Убагында окулган намаздан кийин Кудайга жаккан эң баалуу иштерден бири ата-энеге жакшы мамиледе болуу экендиги белгиленип өтөт. Ошондой эле Кудайдын ыраазычылыгын алуунун жолдорунан бири ата-энеге кызмат кылуу жана аны чын-дилден сүйүү экендиги айтылган.

Башка макулуктарга караганда эң жогорку даражада жаратылган адам баласынын Жаратканды таанып ага моюн сунуу эң алгачкы максаты жана милдети болуп саналат. Улуу Жараткан: "Мен жиндерди жана инсандарды жалгыз мага кулдук урушсун деп жараткам"-, деп буюрат.

Пайгамбарлардын бардыгы адамдарга алгач бул негизди үгүттөгөн жана ушул ишенимдин тегерегинде адамдардын топтолушун үчүн аракет кылышкан.

Адамдын Жаратканга кулдук ургандан кийинки милдети ата-энесин урматтап, сыйлап жана жакшы мамиле жасоо болуп эсептелет. Бул туурасында Кудай Таала: "Биз адамдарга ата-энесине жакшы мамиле жасоосун сунуш кылдык"- деп буюрган.

Урматтуу мусулмандар!

Адамбаласы ата-энесине каршы "уф" деп үшкүрбөстөн ар дайым урмат-сый көрсөтүп, ак көңүлдүүлүк менен аларга жакшы сөз айтуу керек. Алар силерге кандай жакшы тарбия берип өстүргөн болсо, алар да силерден ошондой мамилени күтөт жана силер муну орундатууга милдеттүүсүңөр.

Ата-энени сүйүү сүйүүнүн эң коозу болуп саналат. Ата-эне өмүр бою сүйүүгө, урмат-сыйга, кызматка жана мээримге ылайык зат.

Кымбатту момун мусулмандар!

Ата-эне мээримдүүлүктүн, берешендиктин, жоомарттуулуктун, ай-көлдүктүн жана сүйүүнүн символу. Эне баласына ар дайым берет, бирок алууну ойлобойт. Эне баласын тогуз ай курсагында, 2 жыл кучагында жана өмүрүнүн аягына чейин жүрөгүндө ташыйт. Бул төмөнкү хадисте: "Эй Кудайдын элчиси! Адамдардын арасындан жакшы мамиле көрүүгө ылайык болгон ким?”- деп сураган сахабага жооп катары; "эне"- деди. "Андан кийин ким?"-деген суроого кайрадан "эне", кийин ким?" - деген суроого болсо "кийин ата" - деген." Бул дүйнөгө келишибизге себечи болгон ата-энелерибиз жылда бир гана жолу эстелип, калган мезгилде унутулуп калган нерсе эмес. Алар өмүр бою сүйүүгө, сыйга, урматка ылайык адамдар болуп саналат. Ата-энелеринин ыраазылыгын алып, дүйнө жана акырет бактысын тапкандар эң бактылуу адамдардан саналат.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны