Адеп Башаты » Үй-бүлө » Ата-эне » Ата-энеге байланыштуу хадистер

Ата-энеге байланыштуу хадистер

1. Абдулла бин Амр (р.а.) айтат: Пайгамбарыбыз(с.а.в.) мындай деп айтты:
" Алла Тааланын ыраазычылыгы,(эне) жана атанын ыраазычылыгында.Алла Тааланын каары (эне жана) атанын каарында”
Тирмизий.



2. Абдулла бин Масуд (р.а.) айтат:Пайгамбарыбыздан(с.а.в.) : "Алла Тааланын алдында эң жакшы иш эмне? деп сурадым.(Пайгамбарыбыз (с.а.в.)) :”Убагында окулган намаз” деп жооп берди.

- Андан кийин кандай иш?...

- "Ата – энеге жакшы мамиле кылуу.”

- Андан кийин кайсыл иш?

- "Алла Тааланын жолунда күрөшүү” деп айтты.

Бухарий,Муслим.

3. Абу Умама (р.а.) айтат:

Бир адам Пайгамбарыбызга (с.а.в.) келип:

"Ата – эненин балдарындагы акысы кайсылар? деп сурады.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.):”Алар (сенин) же тозогуң, же бейишиң” деп жооп берди.

Ибн – и Маажа.

4. Анас (р.а.) айтат:Бир адам Пайгамбарыбызга (с.а.в.) келип:”Мен Алла Тааланын жолунда күрөшүү үчүн чыгууну каалайм,бирок буга күчүм жетпейт” деди. Пайгамбарыбыз (с.а.в.):

"Ата – энеңден бирөөсү калдыбы (тирүүбү)? деп сурады. Тигил адам:

-Энем бар деп жооп берди.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) : "Ага кызмат кылуу менен Алла Тааланын алдына чык.Муну аткарсаң,ажылык ,умра милдетин аткарып,(Алла Тааланын жолунда) күрөшкөн болосуң.”деп айтты.


Абу Йаала,Табараний (Сагийр,Аусат).
5. Абу Саийд (р.а.) айтат:

Йемен жергесинен бир адам,туулган жерин таштап Пайгамбарыбыздын(с.а.в.) жанына келди.(Пайгамбарыбыз (с.а.в):) Йеменде жакындарыңан барбы? деп сурады.(Ал адам:) "Ата – энем бар” деди. (Пайгамбарыбыз (с.а.в.):) "Сага уруксат бериштиби? деп сурады.(Ал адам:) "Жок” деди. (Пайгамбарыбыз (с.а.в.):) "Андай болсо алардын жанына кайтып бар жана алардан уруксат сура,уруксат беришсе (Алла Таала жолунда) күрөшкө чык,уруксат беришпесе аларга кызмат кыл!” деп айтты.

Абу Дауд.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны