Адеп Башаты » Үй-бүлө » Бала тарбиясы » Үйбүлөөдө балдарды тарбиялоо

Үйбүлөөдө балдарды тарбиялоо

Үйбүлөдө бала тарбиялоо назариятынын өнүгүү тарыхы

Үйбүлө коомдун баштапкы уюму катары пайда болгондон тартып, бир нече миңдеген жылдар бою коомдо балдарды тарбиялоонун бирден бир фактору катары кызмат аткарды. Кул ээлөөчүлүк, феодалдык коомдордо балдар негизинен үйбүлөдө гана тарбияланышкан. Мектеп жана башка тарбия мекемелер өтө эле аз болуп, аз гана коомдун төбөлдөрүнүн балдарына тарбия бере алган. Коомдун таптык сословиелик мүнөзү ар бир социалдык топтордогу үйбүлө тарбиясынын мазмун жана багытын аныктаган. Үйбүлөдө тарбиялоонун кылымдарды карыткан тажрыйбасы үйбүлөнүн балдарды тарбиялоодогу, турмушка, эмгекке, белгилүү коомдук мамилелерге даярдоодогу ролу жөнүндөгү стихиялык педагогикалык көз карашка айланган.

Биринчи педагогикалык назарияттар өнүп чыккан топурак - үйбүлөдөгү тарбия болгон. Адегенде үйбүлөдөгү тарбиянын өзгөчөлүгүн айгинелөөгө, же анын негизинде коомдук педагогикалык тыянак чыгарууга аракет болгон эмес. Мектеп пайда болгондон кийин гана жаш муундарды тарбиялоодогу мектеп менен үйбүлөнүн катнаштык мамилелерин аныктоо проблемасы келип чыккан. Ал проблема үстөмдүк кылып турган коомдук түзүлүшкө, же педагогдун, ойчулдун социалдык, саясий көз карашына ылайык чечиле берген.

Бала тарбиялоодогу үйбүлөнүн ролу жана милдеттери

Баланы үйбүлө ал төрөлгөн күнүнөн баштап эле тарбиялайт. Энени карап, эмизип, режим сактоосу, ага жасаган мамилеси бөбөктүн биринчи адаттарынын калыптануусуна таасир тийгизет. Үйбүлөдөгү бардык адамдар анын тарбиячысы. Алардын ар биринин жүрү – турушу бөбөктүн көңүлүн бурат. Анын инсан катары өсүшүнө өбөлгө түзөт. Үйдөгү ар бир буюм, үйдүн жасалгасы, үйбүлөнүн жашоо тартиби ага чоң таасир тийгизет. Бөбөк басып, сүйлөй баштаганда бул факторлордун ролу ого бетер күчөйт, үйбүлөнүн алдына жаңы педагогикалык милдеттер коюлат. Эң негизгиси – балага үйдөгүлөрдүн баары бирдей талап койуусу ылаазым. Бири катуу талапчан, экинчиси өтө жумшак, бири жазаласа – экинчиси мактаса бала сөсүз айныйт, ар кандай кырдаалды өз талабын канааттандырууга пайдалануу ыгын издей баштайт. Ал эми бирдей талап болсо, айтканды аткарып, элпек болуп чоңойот. Үйбүлөдөгү туура уюштурулган тарбиянын негизги шарттарынын бири – балдарга индивидуалдык мамиле жасоо. Алсак, кыймылдоосу акырын, флегматистик мүнөздөгү балдарды батыраак реакция жасоого, тескерисинче тез ачууланып, шашма кыймылдоо балдарды токтоорок, реакцияны акырындатууга үйрөтүү ылаазым.

Эң улуу, эң кооз сүйүү, нике перзент көрүү жубайлардын өмүр бою аруулугу, өлүм жана бири – биринин арбагын сыйлоо жөнүндө балдарга айтып берүүнү жана ой жүгүртүүнү улуу муундарыбыз жакшы үйрөнбөй туруп, биз балдарыбызды таза ойлукка ак ниеттүүлүккө жакшы сезимге үйрөтө алабыз. Бул чөйрөдөгү наадандык балдарыбыздын кайгы муңу менен көз карашына айланат.

Балдарды никелешкен үйбүлөдө жашоого даярдоо зарыл. Ага руханий даярдык, чоң руханий маданият керек. Даанышмандыктын мектебинен өтүү зарыл. Жакшы жубай болуп жашоо үчүн алардын ар бири өз каалоолорунун маданияттуулугуна жетишүүсү ылаазым. Ага жетишкен адам жанындагы адамды байкап, анын каалоосун эске алып, өз каалоосун башкара билет. Мындай маданияты жок жубай болууга ата – эне болууга даяр эместен төрөлгөн. Баланын шору шорподой кайнайт, ал коом үчүн да чоң кайгы.

Демек, нике, үйбүлөлүк турмушка, бала тарбиялоого окуучуларды даярдап, жубайлардын мамилелеринин маданиятына ээ кылуу өтө маанилүү. Буга мектептин окуу планында атайын сабак катары орун берилүүгө тийиш. Анткени бардык эле окуучу математик, химия же биолог болбойт, ал эми ар бир окуучу сөссүз эр, аял, эне, ата болот. Муну баары эле көрүп турбайбы. Мунун үстүнөн ой жүгүртүүгө да чоң акыл керекпи?!...

Ата – энелердин кадыр баркы, бала тарбиялоодогу үлгүсү

Кыргыздын элдик педагогикасында балдарды үйбүлөлүк турмушка тарбиялоого, жубайлык милдетке ата – энелик функцияга даярдоого бөтөнчө көңүл бөлүнгөн. Биздин ата – бабаларыбыздын үйбүлөсү эки – үч, кээде төрт, айрым учурларда беш муундан турган учурлары да болгон. Жаш жубайлардын ата – энеси чоң ата, чоң энелери менен чогуу бир үйбүлөдө жашоо шартынын өзү эле алардын бири – бирине туура мамиле жасап, бири – бири жөнүндө кам көрүп, балдарды туура тарбиялоосу үчүн чоң көрсөтмөлүү сабак болгон. Турмушка бай тажрыйбалуу, акылы толо муундардын салт – санаасын, үрп – адаттарын көзү менен көрүп кыргыздын үйбүлөсүндөгү улутук өзгөчөлүктөрдүн жаш муундарда кыргыз пейилин калыптандыруучу амалияттык маанисин, өткөн муундагы элдин жүгүн кебелбей көтөргөн эр азаматтардын, уруунун, элдин, улуттук намысын ыйык туткан даанышман айыл аксакалдары, уруу башчылары, эл аталарынын нарк нускалуу иштери жөнүндөгү үйбүлөдө улгайган карыялардын айтып берген икаялары, ал болмуштар жөнүндөгү икаяларды корутундулап келип айткан акыл насаатары жаштарда кыргыз пейили менен улуттук намыс ариетин сактоого болгон психологиялык даярдыкты түптөөдөгү назарияттык маанисин жаш жубайлар жакшы түшүнүшкөн. Уруунун, элдин, улуттун намысын ар кандай кыргыз уулу, кыргыз кызы өтө бийик койуп ыйык туткан. Ошондой кырдаалда таалим – тарбия алгандар эч качан кара курсак көр тиричиликтин айынан пас кетип, ыпылас иш жасаган эмес. Алар эркектин наркын, кыздын абийирин бийик тутушкан.

Ата –бабаларыбыздын салттуу, нарктуу үйбүлөсүндө баланы чоң энелер тарбиялаган. Алар табигый чебер, даанышман, тубаса тарбиячылар болушкан. Энелер баланын да тарбия жараянын да табиятын назик түшүнүшкөн. Даанышман энелер баланын жан дүйнөсүнү эң терең булуң бурчуна чейин үңүлүп кирүү жөндөмүнө ээ болушкан. Жылуу – жумшак коюнуна катып, жонун кашып, эркелетип, айланып – үргүлүп, өөп – жыттап, мээрин төгүү менен, баланын жүрөгүн элжиретип, денесин балкыткан. Эненин мээрине карк болгон балада чоң эне, чоң ата, өз ата – энесине тууган – туушкандарына болгон чыныгы инсандык сүйүү сезими ойгонот. Ал чоңойгондо жалпы эле адамга боорукер, иманы пакиза, намыс ариеттүү инсан болгон. Анын жубайына жана балдарына болгон сүйүү сезиминин негизги даанышман эненин коюнунда түптөлгөн.

Үйбүлөдө балдарды адамгерчиликтүү адеп – ахлакка, ыймандуулукка тарбиялоонун эң таасирдүү каражаттарынын бири көзү өткөн ата – энелер менен мамиле кылуу. Көзү өткөндөрдү жадынан чыгарып койгон адамды арбак урат деген сөз бар. Жакшы түшүм бере турган айдоо жерди уйгак баскандай – адамдар дагы таш боордук, мыкаачылык, сурданган тажаалдык – арбактын урганы эмей эмне?.. Көзү өткөндөрдү эскерип арбагын сыйлоо – бул тирүүлөргө чоң пайыз менен пайда берип жаткан капитал – деп жазат В.А. Сухомлинский. Бул адамгерчилик деп аталган даракка жерден ширелүү азык жеткирип туруучу ипичке тамырлар.

Ата – энелердин педагогикалык маданияты

Энени көрүп кызы өсөт, эжени көрүп сиңди өсөт деп айтылат» - дейт эл макалы. Балдарды туура тарбиялоодо ата – эне өзүнүн эмгекке, коомго, жолдошторуна кылган мамилелери менен балдарындагы чынчылдыкты, тартиптүүлүктү, мээнеткечтикти, эмгекти сүйүүнү, принципиалдуулукту тарбиялоодо аларга үлгү болууга тийиш. Анүчүн ата – эне балдарына койгон талапты биринчи өздөрүнө койуп, өзү аны ийне жибине чейин так аткарууга жетишүүсү ылаазым. Ата – эне балдарынын өсүп жетилүүсүн туура көзөмөлгө алып алардын кызыгуусун, шык, жөндөмүн туура аныктап билип, алардын өнүгүүсүнө туура багыт берсе, балдарын жан дили менен сүйүп, аларга маданияттуу мамиле жасаса, алар балдарынын алдында чыныгы авторитетке ээ болот. Тилекке каршы ата – энелердин көбү балдарынын алдында жалган авторитетке ээ болууга умтулган учурлары кездешет. Алардын максаты, балдарын эптеп эле тил алдыруу.

Үйбүлөдөгү режимдин ролу. Мектеп, коомчулук менен бирге иштөө

Балдарды үйбүлөдө ийгиликтүү тарбиялоонун негизги шарттарынын бири болуп анын мектеп жана коомчулук менен бекем, туруктуу байланышы эсептелет. Мектепте, класстарда ата – энелер комитетери активисттери уюштурулат, айрым үйбүлөлөргө жардам берүүдө коомчулук да көп түрдүү иштерди жүргүзүшөт. Мектеп жана коомчулуктун ыйык милдеттеринин бири – ата – энелердин арасында педагогикалык үгүт – насаат жүргүзүү
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны