Адеп Башаты » Үй-бүлө » Бала тарбиясы » Тарбиялоодогу жоопкерчилик

Тарбиялоодогу жоопкерчилик

Тарбиялоодогу жоопкерчилик
Тарбиялоодогу жоопкерчилик

Азирети Пайгамбарыбызга (САВ) каза болоорунан бир аз мурда Анын өзүнө сездирилген. Ошондо Алла Элчиси (САВ) сахабаларга, “Кул бул дүйнө менен акыреттин бирин тандоого ыктыярдуу болду жана Ал акыретти тандап алды” – деп айтканда, мунун маанисин дароо түшүнгөн Азирети Абу Бакр (РА): “Эй, Алланын Элчиси, энем, атам сен үчүн садага чабылсын!” [35] – деп ыйлаган эле. Ооба, ал кулдун Пайгамбар (САВ) экендигин дароо түшүнгөн болчу. Мындан башка Алла Элчиси (САВ) Коштошуу Ажылыгында кылган бир кутпасында дагы: “Жакында мен тууралуу силерден сурашат, мен дин жеткирүү милдетимди аткардымбы, кандай деп жооп бересиңер!” – деп айткан эле. Себеби Ал маанилүү милдетти аткарган болчу, бирок бул милдетти толук аткара албай калдымбы деп санаага түшүп турган болчу. Мындай кыжаалатчылыкка негиз жок экендигин анын жасаган иш-аракеттери жар салып турду, ал жердеги баардык адамдар бир ооздон: “Сен милдетиңди аткардың, пайгамбарлык кабарларды жеткирдиң, жоопкерчилигиңди так аткардың” – деп айтышты. Ал колун жогору көтөрүп үч жолу: “Оо, Алла күбө бол, оо, Алла күбө бол, оо, Алла күбө бол!” [36]-деди.

Ал, улуу жоопкерчилиги тууралуу сурап, сахабаларынын күбөлүктөрүн алып жатты. Биз дагы өз жоопкерчилигибиздин астындагы, багып, тарбиялоо менен жоопкерчиликтүү болгон балдарыбыздан “жакында мен тууралуу силерден сурайт, эмне деп жооп бересиңер?” деп айта ала турган абалдабызбы. Андай болбосо, ишибиз кыйын...
Ошондуктан улуу Имам Зайнул Абидин “Алланын алдында сен, алар үчүн жооп бересиң” – деп, андан кийин калтыраган үн менен Алла Таалага кайрылып: “Оо, Жараткан Алла, балдарымдын таалим-тарбиясы жана аларга жакшылык кылуу маселесинде мага жардамчы бол!” – деп айткан. Себеби бир адамдын эң маанилүү, эң олуттуу маселеси, үй-бүлө мүчөлөрүн инсандык улуулукка чыгаруу менен аларга түбөлүк бар болуунун даамын таттыруу.
Кээде балдарыбызга белек алып, аларды кубантууга аракет кылабыз. Ал гана эмес, ажыга барып, Каабада жана Алла Элчисинин кабырынын жанында турганда дагы аларды эстейбиз. Ыйык иштер, маанилүү кызматтар дагы аларды унуттура албайт. Негизинде балдарыбызды эң жакшы эстөө, аларга Ислам адебин жана Мухаммед (САВ) адебин үйрөтүү болушу керек. Акыретте алардын түбөлүк кубанчына ортомчу болгон мындай белектей баалуу башка белек болбосо керек. Пайгамбарыбыз мындай деп айтат::
“Балдарыңарга мээримдүүлүк чачып белек берип кубандыргыла жана алары эң сонун тарбия адеп-ахлак менен өстүргүлө”. Ырас, Пайгамбарыбыз баскан жолду кайрадан жандандырып ошол багытта тарбия берүү эң чоң тартуулнган кымбат белек эмеспи.[37].
Печаттоо

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны