Адеп Башаты » Үй-бүлө » Бала тарбиясы » Бала төрөлөөрдөн мурда аткарыла турган иштер

Бала төрөлөөрдөн мурда аткарыла турган иштер

Адал тамак

Ата-эненин милдеттеринин бири өз ырыскыларына көңүл бургандай эле балдарына дагы адал ырыскы жедирүүлөрү керек. Мусулман адам үй-бүлө мүчөлөрүнө арам же шектүү нерсе жедирүүсү ыктымал болсо, ал адамдын үйлөнүшү арам же макрух боло тургандыгын эскерткен элек. Ооба, эч кимдин башка бирөөгө арам жедирүүгө акысы жок.

Ушул себептен, материалдык жактан камсыздоо менен жоопкерчилиги мойнубузда болгон балдарыбызга жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнө таза нерселерди жедирибишибиз шарт. “Жалпыны кучагына алган балээ” деп арам жана шектүү нерселерди жедире албайбыз. Заман өзгөрүп, баары шариятка туура келбеген жолдордо болсо дагы биз арам жана шектүү нерселерди үй-бүлөбүзгө жедире албайбыз. Негизинде, жаңылыш жолдор менен тапкан пайда жана аны менен багылган балдарыбыз дагы, тозок дарагынын мөмөсү сыяктуу бир күнү биздин башыбызды оорутат же азапка салат.

Абалтадан талап кылынган милдеттерибизди аткарган болсок, дүйнөгө жаңы келе турган коногубуз белгилүү өлчөмдө бактысыздыктан алыс жана бактылуулукка ылайыктуу болуусун күтсөк болот. Бирок, жегенибиз арам, ичкенибиз арам, кийгенибиз арам жана жашообуз арам менен айкалышып турса, баланын бактылуу болуу ыктымалын жокко чыгарган болуп эсептелебиз.

Ооба, арам жеп, арам ичип, арам менен азыктансак, руханиятыбыз шайтан азгырыгына ачык болуп саналат. “Шайтан инсандын тамырларында кан менен кошо жүрөт”деп айтылгандай, ал адам баласынын кан тамырларында жүрөт. Иммунитет, лейкоциттерге аралашат. Ошондуктан урук-тукумга дагы жамандыгын тийгизет. Ушул себептен тээ башынан эле, балдардын кийим-кечек, тамак-ашы дин жол берген чектин ичинде болуу менен табылган мал-байлык менен камсыздалып, арамдан алыс болушу шарт.

Хадистерде айтылганы боюнча, Алла Тааланын Каабасын тооп кылып жатканда дагы үстүндө арамдан табылган акчага алынган кийим, ичинде арам тамак бар адам “Буйругуңа, амириңе даярмын” десе Алла Таала ага “Сенин айткандарың кабыл алынбайт” деп жооп берет.

Ошондуктан кийимдин тигишиндеги жиптин дагы арам жана шектүү болбоштугуна көңүл буруп, билинбегендери үчүн дагы Алладан кечирим сурап, ар дайым кылдат болуу керек. Биз таштаган ар бир урук же тозок дарагы болуп, башкаларды ууландырат же тамыры жер астына кеңири жайылган, башы асман тиреген берекеттүү дарак сыяктуу мөмөлөрү менен көлөкөсү менен, жалбырактары менен адамзатка, ал гана эмес башкаларга дагы кызмат кылып, адамзаттын бактылуулугуна салымын кошот
Таалим-тарбия

Алла Элчиси (САВ) кеңеш бергендей, балага сүйүктүү жана мааниси туура ат коюу ата-эненин алгачкы милдеттеринин бири. Пайгамбарыбыз (САВ) ат коюуга чоң маани берген, “Пайгамбарлардын аты менен аталгыла. Ошондой эле Улуу Аллага аттардын эң сүйүктүүсү Абдулла жана Абдуррахман. Аттардын эң туурасы Хаарис (пайда алып келген, акырет бактылуулугун тапкан) жана Хумаам (эрктүү). Эң жаманы Харб (согуш, катаалдык) жана Мурра (сараңдык, ачуу) деген аттар”. – деп айткан жана “Асия” (каршы чыккан) деген сыяктуу душмандыкты билдирген ысымдардын ордуна “Жамийла” (сулуу) деген атты койгон.
Андан кийин эмчек эмизүү тууралуу укуктук процедура жана анын артынан эмчектен чыкканда баланын тамак-аш жагынан камсыздалышы жана тарбияланышы үчүн талап кылынган маселелер келет.

Ар бир жаңы төрөлгөн бала табигый аруулугу менен төрөлөт. Ырас ал, жазуу жазылбаган актай барак сыяктуу. Ага баардык нерсени силер жазасыңар, бирок, Алла ыраазы болгон нерселерди жазышыңар керек. Булар периштелерге жаккан, махшар майданында өтө турган, эсеп күнү таразанын оң жагына коюлганда оор баса турган жазуулар болушу зарыл.

Ата-эненин милдети, бул жазууларды өз убагында, өчпөй тургандай кылып, балдарынын көкүрөгүнө жазуу. Ооба, ар бир ата-эне, күнүмдүк жашоолорунун бир бөлүгүн балдарынын таалим-тарбиясы үчүн бөлүшү керек. Таалим-тарбиянын башка жактарын кийинки бөлүмдөрдө баяндайбыз.
Үй-бүлө таалим-тарбиянын алгачкы очогу, эң биринчи мектеби. Ата-эне таалим-тарбия үчүн бөлгөн убактысын биринчи орунга коюу керек.

Балдарынын тарбияланышында, Алланы таанытуу, алардын жаштарына жана маданий деңгээлдерине карата Аллага ыйман келтирүү пикирин берүү, ата-эненин биринчи милдети болуп саналат. Ушул себептен силер үйүңөрдөгү, Алланын буйруктарына каршы чыккан балдарыңарды-кыздарыңарды кайдыгер таштап салып, Каабаны зыярат кылууга кетсеңер, негизги милдетти таштап кеткен болуп эсептелесиңер.

Өзгөчө, атасы баласына динди, окуп-жазууну, Куран окууну, унаа башкарууну, сууда сүзүүнү ж.б. өнөрлөрдү үйрөтүүсү керек. Булчуңдарды гана булчуйткан спортторду эмес, жашоосу жана ден соолугу үчүн пайдалуу болгон спорт түрлөрүн үйрөтүүсү абзел.
Печаттоо
alert Маалымат
Бул тайпада турган колдонуучулар Меймандар, бул макалага жорум калтыра алышпайт.

Башкаруу панели

Хадистер

Биздин достор

Аба-ырайы


Кыргызстандагы аба ырайы

Сурамжылоо


    10-18
    19-30
    31-40
    41-50
    51-60
    61-75


Сайт дизайны